Ж.БАЛАСАГЫН атындагы КУУнун 80 жылдыгына карата
Рахат Сулайманова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент:

"Бизден бүткөн студенттердин жумуш орду даяр"



- Рахат Токтогуловна, 80 жылдык тарыхы бар Кыргыз Улуттук университетинин структурасы катары сиздердин окуу жайдын түптөлүшү жана ачылыш максаты тууралуу айта кетсеңиз?
- 20-30-жылдардын башында кыргыз элинин кат-сабатсыздыгын жоюу зарылчылыгы менен педагогдорду жетишерлик түрдө даярдоо максатында алгачкы ирет биринчи жогорку окуу жайы катары пединститут болуп азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети түптөлгөн болсо, 2009-жылы ушул эле университеттин алдында Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту негизделген. Алгачкы жылдары жалаң гана мугалим-педагогдорду даярдаган 80 жылдык тарыхы бар Кыргыз Улуттук университетине караштуу ачылган бул институт азыр дагы ошол учурдагы процессти кайталап жаткансыйт. Айырмачылыгы: ошол убактагы калктын жалпы катмарын массалык түрдө окутуу, тактап айтканда, сабатсыздыгын жоюу үчүн "билимдүү" мугалимдердин жетишсиздиги болгон болсо, азыркы учурда өлкөбүздүн акыркы жылдардагы социалдык-саясий кырдаалына жана эмгек акынын аздыгына байланыштуу мугалимдин статусу төмөндөп, республика боюнча педагог адистердин кескин түрдө кыскарып (иштерин таштап) кетишинен ушул тапта дагы мектептерде мугалим-педагогдордун жетишсиз болгондугу. Мына ушундай зарылчылыктардын негизинде калктын азыркы жашоо шартын эске алып, башкача айтканда, үч тараптуу- айыл өкмөтү, ата-эне жана окуу жай ортосунда биргелешип түзүлгөн келишим аркылуу мугалимдерди максаттуу даярдоо идеясын Ж.Баласагын атындагы КУУнун азыркы ректору И.Ч.Исамидинов үч жыл мурун ишке ашырган. Мындай калктын көксөөсүндөгү жакшы саамалык тез эле көпчүлүктүн колдоосуна арзыды десек жаңылышпайм. Анткени, ачылгандыгына аз гана убакыт болгонуна карабастан, талыкпас эмгектин натыйжасында институтта көптөгөн алгылыктуу иштер жасалууда.
Институттун педагогикалык адистерди даярдоодогу негизги максаттары катары: мүмкүнчүлүктөрү чектелген, бирок мугалим болууну жаштайынан көздөгөн улан-кыздарды айыл өкмөттөрүнүн эсебинен каржылоо аркылуу кесипке даярдоо максатында окуу жай менен мектептин байланыштарын түзүп, студенттердин болочок жумуш ордун бекемдөө жана максаттуу даярдалган педагогикалык кадрлар менен элет жерлерин камсыздоо менен бирге мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу сыяктуу бир топ маанилүү маселелер каралган. Биздин окуу жай педагогикалык адистикке багыт алган бардык каалоочуларды жана аймактардын билим берүү башкармалыктары менен келишим түзүп, айыл өкмөттөрүнүн жолдомолору аркылуу да кабыл алат.
- Учурдагы институттун эмгек жамааты тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Институтта ар кыл муундун жана улуттардын өкүлдөрү эмгектенет. "Карысы бардын ырысы бар" демекчи, мен сыяктуу жаш жетекчи үчүн аска-зоодой бел болгон М.О.Осмоналиев жана А.Н.Гудимова сыяктуу тажрыйбалуу, дасыккан инсандарыбыз бар. Ошондой эле институтубуздун курамдык түзүлүшү кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө эки факультет жана орто кесиптик билим берүү бөлүмү бар. Табыгый-экономикалык багытта мугалимдерди максаттуу даярдоо факультетин география илиминин кандидаты, профессор К.С.Сагындыков, гуманитардык багытта мугалимдерди максаттуу даярдоо факультетин философия илимдеринин кандидаты, доцент Ш.К.Аалиева, орто кесиптик педагогикалык билим берүү бөлүмүн эл агартуунун отличниги С.Б.Киязовалар жетектешет. Институттун ишин алып барууда женилимди жерден, оорумду колдон алган С.Тоялиев, У.Турдалиев, Ч.Омурбеков, К.Кожогелдиева, К.Кулболдиева, С.Кулуева, А.Бечелов, Г.Назарова, А.Рыспекова, С.Жолочиев, Н.Файзуллаев ж.б. сыяктуу өз ишинин мыктылары чоң көмөк көрсөтүүдө. Жалпысынан алганда институтта 171 профессордук-окутуучулар курамы жана таанымал окумуштуу профессорлор, таланттуу педагогдор жана потенциалдуу жаш окутуучулар сабак берет. Алсак, алардын катарында: белгилүү окумуштуу С.Байгазиев, профессор М.Т.Артыкбаев, композитор Сардарбек Жумалиев, профессор Т.Э. Урусова, профессор А.С.Райымкулова, доценттер: А.Божоноев, К.К.Токтоналиева, Г.Адылбек кызы, А.В.Дубинин, А.С.Кожогелдиев, Р.Н.Курумшиева, К.А.Абдраимов, ал эми Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниктери: Б.К.Эсеналиева, К.Токтоева, У.И.Ташиева, Э.Б.Нааматова, Н.Н.Усубалиева ж.б. бар. Ошондой эле кечээ жакында, ага окутуучу Ж.Сулайманкулова педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду, ал эми ага окутуучу А.З.Укелеева кандидаттык диссертациясын жактоонун алдында турат. Ошону менен бирге быйылкы эле окуу жылында 40тан ашык окутуучубуз кесипти жогорулатуу курстарынан өтүштү. Эң негизгиси "Ырыс алды-ынтымак" деген идеяны биздин коллективибиз туу тутуп, Кыргызстандын келечегине билим бере турган мугалимдерди даярдоодогу "ойдун тунугу жаштыкта" демекчи, асыл үмүттөр, жакшы тилек, ыйык аракеттер ишке ашып, биз багындыра турган бийиктиктер алдыда экендигин айта кетүү орундуу.
- Студенттер үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
- Биздин институтта педагог-мугалимдердин дээрлик бардык багыты боюнча жогорку жана орто кесиптик билим берүү багытында окутуу күндүзгү, кечки жана сырттан окуу формалары боюнча жүргүзүлөт. Учурда бизде 2000ге чукул студент жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча педагогикалык кесипке даярдалып жатат. Институттун материалдык-техникалык базасы жыл сайын толукталууда. Бүгүнкү күндө интернет булактарына туташтырылган үч компьютердик класс, 2 мультимедиалык кабинет жана окуу предметтери боюнча жасалгаланган аудиторияларыбыз, китепкана, окуу залы, спорт залдары бар. Шаар ичинде туруктуу жашоого мүмкүнчүлүгү болбогон студенттерибиз жатаканалар менен камсыз болушкан.
- Институт тарабынан кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө?
- Ачылгандыгына аз гана убакыт болсо да, биздин институтта көптөгөн алгылыктуу иш-чаралар, илимий конференциялар өткөрүлүп турат. Ошондой эле, институт аралык ар кандай кароо сынактар, тарбиялык ачык сабактар жана ар бир майрамга карата маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Ал эми илимге кызыккан студенттерибиз жогорку окуу жайлар аралык өткөрүлүүчү илимий-конференцияларга катышып, байгелүү орундарды жеңип келишүүдө.
- Сиздер ар тараптуу мугалим адистерин даярдайт экенсиздер. Институттун бүтүрүүчүлөрү жумуш орду менен камсыз боло алышабы?
- "Көрүнгөн тоонун ыраагы жок" демекчи, алгачкы кабыл алынган студенттерибиз 2011-жылы окууларын аякташып, институттун алгачкы бүтүрүүчүлөрү аталышты. Жогоруда айтылгандай, үч тараптуу келишимдин негизинде биздин окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз өз айылдарына барып, эмгек жолун башташып, жогорку кесиптик билимди алуу үчүн, алар кайрадан ушул эле окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүндө билим алуусун улантышууда. Айыл өкмөттөрү тарабынан билим алышкан мындай студенттерибиздин жумуш орду даяр, ал эми жеке келишим боюнча окуп жаткан студенттерибиз практика учурунда өз артыкчылыктарын көрсөтүү менен жумуш орду менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Институтту эң жакшы аяктаган студенттердин өзүбүздө калып иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
- Сиздердин институтта чет элдик долбоорлор менен кызматташуу иштери жүргүзүлүүдөбү?
- Институт ачылган күндөн тартып чет элдик долбоорлор менен тыгыз байланыштарын түзө баштаган. Көп тармактуу илимди өнүктүрүүдө Германия, Кытай мамлекеттери жана Эл аралык илимий фондулар, долбоорлор менен илимий байланыштар түзүлүүдө. 2009-жылдын октябрь айынан баштап Эл аралык кызматташуу боюнча германиялык коомчулуктун (GIZ) "Борбордук Азиянын билим берүү системасын реформалоо" регионалдык программасынын "Педагогикалык кадрларды даярдоо" долбоорунда 8 пилоттук орто кесиптик педагогикалык окуу жайлардын арасында кызматташуу жүргүзүлүүдө. Аталган долбоордун алкагында www.mugalim.kg маалыматтык сайты түзүлгөн. Сайтта орто кесиптик педагогикалык окуу жайлар боюнча нормативдик-укуктук документтерден тартып, бардык маалыматтар жайгаштырылган.
- Окуу-методикалык иштер боюнча кандай аракеттер жасалууда?
- Азыркы учурдагы кабыл алынып жаткан эки деңгээлдүү билим берүү системасына өтүү иштери бизде дагы активдүү жүргүзүлүп жатат. Биздин окутуучуларыбыз учурда өз дисциплиналары боюнча окуу-методикалык комплекстерди даярдашууда. Ал эми быйылкы окуу жылында даярдалып бүткөн жыйырма чакты окуу-методикалык комплекстер, окуу куралдары басмаканадан чыгарылганы турат жана алардын электрондук варианттары компьютердик класстардагы компьютерлерге киргизилип, студенттердин колдонуусуна берилди. Ошондой эле, институтубуздун базасында республикалык деңгээлдеги "Мугалим" журналынын биринчи саны жарык көрүүнүн алдында турат. Журналыбыздын түптөлүшүнүн негизги максаты мугалимдердин бири-бири менен тажрыйба алмашуулары, билим тармагындагы жаңылыктар менен негизги көйгөйлөр, улуу педагог инсандарыбыз менен баарлашуу, үлгүлүү мектептер менен тааныштыруу сыяктуу бир нече мыкты бөлүктөр боюнча педагог адистердин негизги маселелерин чагылдырып турат. Билим тармагындагы бул журналдын келечеги кең болоруна ишенем. Демек, институт студенттердин келечектеги жумуш ордунда татыктуу адис катары калыптанып кетүүсүнө эң жакшы өбөлгө түзөт.

Гүлзат САДЫРБЕК кызы