Ок кечкен жылдардын оттуу ырлары


Тээ, кан күйгөн согушка 18 жашынан катышып, полктун туу көтөргүчү болуп жүргөндө да, жеңиш колго тийген соң Москвадан тоо-кен инженерлер институтун бүтүрүп келип, кыргыз жергесинин кендерин издеп, таап, эсептеп жүргөн кезинде да Бакир Чодобаев атабыз сөз берметин мыскалдап терип, поэзиянын сыйкырдуу дүйнөсүнө ынак болгон эле. Бул кишинин калеминен жаралган бир канча ыр жыйнактар жарык көргөн. Бакир ата күнү бүгүн да калемин колдон түшүрбөй, ыр деген адам жүрөгүнүн мөл булагынан алыстай элек.
Улуу Жеңиш күнүнүн 67 жылдыгына карата жоокер акын атанын
айрым ырларын "Асман пресстин" окурмандарына таберик катары сунабыз.
Эсен болуңуз, ильхамыңыз бөксөрбөсүн Бакир ата!


Улуу Жеңишке
Улуу Жеңиш - зор бакыттын жарыгы!
Тынчтык болсун! Тутанбасын эч качан,
Элди кырган кандуу согуш жалыны!
Кара жер сапырылып көчүп жатты,
Жоокерлер күйүп-жанып өчүп жатты.
Жүрөктү толкундаткан Жеңиш келип,
Өчүрбөй канча өмүрдүн отун жакты.
Жүрөктү толкундаткан Жеңиш келип,
Өчүрбөй канча өмүрдүн отун жакты,
Улуу Жеңиш баатыр элдин майрамы,
Даңазалайм ушул улуу майрамды!
Согуштун жарааттары ... далымдагы,
Жанымды кыйнап турат азыр дагы.
Себеби, жаш денеме сиңип калган,
Өчпөс болуп кандуу согуш жалындары.
Жеңиш күнүм - өмүрүмдүн майрамы,
Кубанычым - жүрүп турган канымдагы.

Тынчтык бербей
Тынчтык бербей көөдөнүмдү койгулап,
Канат күүлөйт талбас дулдул жүрөгүм.
Кыял менен Ай-Асманды аралап,
Океанда кеме болуп сүзөмүн.
Махабаттын бийигине умтулуп,
Туу чокуга чыгалбастан жүрөмүн!
О жароокер, бир жылмайып койсоңчу?
Бир сен үчүн өңдөн азып жүдөдүм!


Көлдү карап...
Эртели-кеч олтурамын көлдү карап
Күн күүсүнөн жазбастан көчүп барат
Кыялымды көбүктөнгөн толкун жарып,
Байкабапмын кеч киргенин, атаганат...
Аалам бийлеп алтын кылым так мингин,
Өмүрүм көз ирмемдей болуп калат



Тынчтык
Суктанамын, сулуулукка табынам,
Адамдагы акыл-эске жалынам...
Өмүр деген кылымдарга созулат,
Өнүп чыкса жаңы көчөт багыман.
Урпактарым бейпилдикте жашаса,
Тынчтык деген улуу кутка багынам.

Ак эмгектин үзүрү
Көк тиреген тоолор менен асканын,
Ой-кырларын Кожожаштай басканмын.
Сая түшүп кен-байлыктын артынан
Чаалыкканда "геолог отун" жаккамын.
Өлбөс тарых беттерине жазылган
Ала-Тоодо алтын кендер жатканын

Ай түнөгөн аскаларга жол салып
Тоону тешип, ич-койнуна от жагып.
Алтын кенди элге арнап ачканбыз,
Кубангандан эки көздөн от жанып.
Үзүрүн элим көрбөй өзгө көрсө,
Өрттөнөмүн көздөрүмдөн жаш агып.

Уулум Туратбекке!
Ачык айтсам сен кымбатсың баарынан,
Ойго батсам бир өзүңө жалынам!
Сенин дагы уулдарыңдын уулдарын,
Эркелетип, көрбөй калсам сагынам!
Жашоомдогу өмүрүмдүн булагы,
Силер менен ар күн сайын жаңырам!
Колдоп жүрсүн бабалардын арбагы,
Элдик - уулсуң мага кымбат ал дагы
Чың ден соолук, албан өмүр каалаймын
Ак тилекти бир өзүңө арнаймын.


Карегиңдей сактагын!.
Фашисттер мекениме салды бүлүк,
Шаарлар урап, жер, деңиз, асман күйүп!
Жашоонун дубалдары кыйрап жатты,
Кыянаттын отун кечтик жол жүрүп!
Бомба, снаряд жердин бетин тыткылап,
Албуут ажал туш тараптан ышкырат!

Окоптордо белден курду чечпедик,
Ажал отун канча жолу кечпедик,
Чабуулдарда курман болгон эрлерди
Урпактары унутпайлы, эскерип!
Майрамдардын эң улуусу - жеңиш күн!
Майдангерден бизге калган эстелик!

Эске салып кан дайрадай акканын,
Канча жоокер жер алдында жатканын,
Жаркыраган, жалындаган өмүргө
Согуш оту соолутуп балта чапканын.
Бейпил күндө тирүүлөргө кайрылам:
Тынчтык - кымбат, карегиңдей сактагын!

Изим жатат Ала Тоонун боорунда,
Тоо ичинде, алтын кендин койнунда.
Жаш денемден аккан кандын тактары
Жаркыраган Улуу Жеңиш жолунда.
Оо мекеним! Дайым сага карызмын!
Тирүүлүктө акташ менин мойнумда.


Даярдаган Ж.Бузурманкулов





Сахна каролу Миңжылкыевди Бизнес каролу Салымбеков эскерди



Кыргыз өзү көмөкөйүндө ыр баккан, көөдөнү, көкүрөгү талантка бай калк. Мындай кайталангыс, оорду толгус алтын үндүү таланттардын бири Болот Миңжылкыев.
Убагында Болот Миңжылкыев деген ысым кыргыздын маданиятын, талантын алыска таанытып турчу эле. Миңден бир жаралгыс инсан көзү тирүү болгондо 72 жашка чыкмак. Мындай талант үчүн бул курак аз эмеспи. Бирок, артында аны түбөлүк эстей турган калың журту жана Аскар Салымбековдой чыгаан иниси турат. Дегеним, Б.Миңжылкыевдин туулган күнүнө арнап "Дордой" ассоциациясы атайын чоң маараке өткөрдү. Анда Болот Миңжылкыев жөнүндө эскерүүлөр сүйлөнүп, Аскар Салымбековдун көтөргөн демилгесине ыраазы сөздөр айтылды. Улуу инсандын окуучуларына, жолун улантып, жаңы канат кагып келе жаткан жаш таланттарга диплом, стипендия берилди. Мындай сыйлоо таланттарга шык берип, стимул болору анык эмеспи. Ошондой эле жыл сайын ушул даталуу күндү белгилеп, опера ырчыларынын арасында фестиваль өткөрөлү деген аруу тилектерди айтып өтүштү. Мындай сунуш залдагы элдин баарына жагып токтобогон кол чабуу менен уланды. Классикага айланган опера ырчыларына көңүл буруп, жыл сайын мындай иш чара өткөрүп турган жакшы эмеспи.




Түрк элинин Хикмек Четинкая жана Гүльтекин Сербест сүрөтчүсү кыргызстанда



Гапар Айтиев кыргыз элинин алтын колдуу алп таланты. Келиштире тарткан талантына суктанбаган жан жок эле. Айланада болуп жаткан нерселерди сүрөткө камтыган мындай таланттар коңшу Түрк элинен келип Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылыш аземин өткөрүштү. Бул да болсо эки элдин ортосундагы көпүрө болуп калды. Анда Түрк республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчал баш болгон бир топ аттуу-баштуулар келип катышып ыраазычылык сөздөрүн сүйлөштү. Бул демилгени Кыргыз Республикасындагы Түркия Элчилигинин маданият жана маалымат боюнча Өкүлү Нафиз Шахин көтөрүп, ишке ашырып эки элдин маданияттык карым-катнашына чоң салымын кошуп келет. Мындай көргөзмөгө эл жазуучу Султан Раев, эл артисти Кыргызбай Осмонов өңдүү маданият каймактары барып сөз сүйлөштү.


Америкадан жардам



АКШ Өкмөтү америкалык Прожект ХОУП кайрымдуулук уюму аркылуу Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын медициналык мекемелерине, ошондой эле Социалдык өнүгүү министрлигине (жатак-үйлөргө) жалпы суммасы 2 млн. 116 миң 952 АКШ доллар өлчөмүндө гуманитардык жардамды өткөрүп берет. Гуманитардык жардам АКШнын Мамлекеттик департаментинин "Үмүт операциясы" программасынын алкагында берилет жана Allergan, Bristol-Myers Squibb, Becton Dickinson, 3M, Covidien Kendall, Medline сыяктуу дүйнөгө белгилүү фармацевтик компаниялар тарабынан берилген медициналык буюмдардан жана дары каражаттарынан турат. Ушул гуманитардык жардам менен 28 000 ашык бейтаптар медициналык жардам алышат, 23 000ге жакын физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптар ортопеддик буюмдарды алышат, ал эми заарасы токтобогон 2500 бейтап акысыз дарыланышат.


Жаз-Айым Айдекова