ТЕМИРБЕК ТОКТОГАЗИЕВ
Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата

Атам Токтогазиев Шүкүрбек менен


апам Атыканова Берметтин


жаркын элестерине арнайм



АЙКӨЛ МАНАС -ТАРЫХИЙ ИНСАН



АЛТАЙДАГЫ,
АЛА-ТООДОГУ,
БЕЙЖИНДЕГИ ИЗДЕР

(Уландысы өткөн санда)
"Айкөлдүн дене досун бир калыпта,
Аяндуу сактап турган кудук-капка!
Канча бир кылымдардан бери карай,
Кайтарып келет минтип сыр чыгарбай.
Каран түн башка түшүп турган кезде,
Каралуу журттун ээсин ушул жерге,
Кандай күч жеткиргенин, эмне менен,
Каалашпайт так билүүнү кимдер десең?
(9-китеп, 159-бет)
Чыны менен эле, кандай күч Таластан ушул Тогуз-Торого жеткизди экен деген суроо жалгыз эле мени түйшөлтпөсө керек. Эмнегедир, 2006-жылдын январында Меккеде көргөн түшүм Жылаңач-Бугунун түбүндөгү тулаңда оонап жатып дапдаана көз алдыма келди. Совет доорундагы сары ПАЗ автобус менен бир топ киши Хан Теңир тоосуна саякаттап барыптырбыз. Мен автобустан түшүп чокунун боорундагы ак сакал абышканын сүрөтүн фотоаппаратыма тартып атам (эски кыргыз 100 сомунда Хан Теңир чокусунун бетинде аксакалдын сүрөтү бар. Т.Т.) . Шопур шаштырып атат. Кондуктор отурчу жалгыз орундукка отуруп алып, терезеден дагы эле тартып атам. Автобус өңгүл-дөңгүл жол менен акырындан жылып баратат. Улам бир зоонун түбүндө белкурчоодон өйдө кадимкидей, типтирүү эле адам сыяктуу айкелдер автобусту узата карап, мага позировать этип беришүүдө. Бири-бирине окшобогон зор адамдар. Биринин сакалы узун болсо, биринин булчуңдары зор. Бир топ адамдардын сүрөттөрүн тарттым. Санарип фотоаппараттын экранынан тартылган сүрөттөрдү кайрадан карап чыктым. Санасам тогуз алптын сүрөтү тартылыптыр. Меккедеги көргөн түшүм даана эсимде сакталганы менен анчалык деле ага маани берген эмес экем учурунда. Мына эми, Жылаңач-Бугунун түбүндө 4050 метр бийиктикте, төрт жыл мурда көргөн түшүмдүн ар бир ирмеми кайрадан көз алдымдан өткөнүнө таң калып жаттым. Кызык, эмне үчүн муну эстеп атам деген ойдо фотоаппаратымды алып, кечээтен бери жолдо келатканда тарткан сүрөттөрдү текшере "барактай" баштадым. Оп-па, мына кызык, дапдаана эле адамдын башын тартыптырмын. Ушул сүрөттү карап отуруп Тогуз-Торонун аталышы бекеринен болбосо керек, Тогуз-Торо эмес Тогуз-Төрө болсо керек деген ойдо балкып атып көзүм илинип кетиптир. Бир маалда "чайга жүр" деп Акылбек ойготкондо эсиме келдим. Бирок, Меккеде көргөн түшүм көз алдыман кетпей, аскага айланган алп денелүү адамдардын элестери улам чубап өтүп атты.
Дигер намазынан кийин Бүбүмариям эже менен кенен кесири сүйлөшүүгө мүмкүндүк алдым. Буга чейин эжени да эс алып алсын деп эч кимибиз даап тынчтыгын алган жокпуз. Дин аалымдары "шейит болгон адамдын денеси бузулбай, руху эл ичинде акыр заманга чейин тирүү болуп, аралашып, айрым учурларда Кудурети күчтүү Алланын амири менен адамдардын ишинин ийгиликке жетишине өбөлгө түзүүдө жардамчы болот" дегенин көп эле уккам. Анын үстүнө, манасчыларды ушундай учу-кыйыры түгөнбөгөн улуу дастанды айтышына, көбүнесе, уйку-соонун ортосунда шейит кеткен Айкөл Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Бакай аталарыбыздын улуу рухтары менен жолуккандан кийин таланты ачылып, түгөнбөгөн саптар оозуна өзүнөн-өзү куюлганын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бүбүмариям Муса кызынын феномени эмнеде? Сегиз класс билими бар жумгалдык койчунун аялы болуп, өмүрүнүн кызыктуу жаштык курагын тоо-таштарда кой артынан жүрүп, чабандык оор шартта балдарын өстүрүп-тарбиялоо менен алек болуп жүрүп, кырк беш жашка келгенде Манастын кырк чоросунун бири болгон Жайсаң Үмөт уулунун нур-шоола түрүндө келген улуу руху менен кезигип, анан ошол нур-шоола акырындап учук чубап отуруп, "Айкөл Манас" дастанын 10 томдон турган китеп кылып чыгарууга апкелгени өзүнчө эле керемет окуя болуп атпайбы. Демек, шарият жолун түшүндүргөн молдокелердин "шейиттер" тууралуу айткандарынын турмушта оорду бар экен да, чыны менен эле, Кудай жолунда кара жанын аябай, кара күчтөр менен болгон салгылашта курман болгон баатырлардын улуу рухтары тирүү, арабызда эле жүрөт тура. Муну "Айкөл Манас" дастанындагы төмөнкү саптар да тастыкташат:
Аткарып-аткарылбай тилектери,
Ант уйку кучагына алган мени.
А бирок алыстабай ошол элден,
Алгачкы нук чегинде сактап келем.
Ал нукту сакташ үчүн - араңардан
Акындар чыгыш керек дастан айткан.
Азайып баратканда дастанчылар
Аларды сөзсүз түрдө шыктандырар,
Жан достор нуркубатка* айланышкан
Жолугат өңдөн-түштөн берип аян. (Жайсаң Үмөт уулу, "Айкөл Манас", 10-китеп, 157-бет).
Бүбүмариям Муса кызы жылына бир ирет Тогуз-Тородогу Жылаңач-Бугу тоосуна келип, сүкүткө чыгаары айтылып келген. Андыктан, бул жолу Айкөл атабыздын улуу руху менен жолукканда биздин Алтайга даярданып атканыбызды айтып жана атабыздын бул ишке карата кандай мамиледе болорун сурашын өтүндүм. "Балким, биз адашып аткандырбыз" деген ой менин эсимден бир мүнөт да чыкпай, бушайман кылып келген. Кеч боло электе, атабыз жактырбаса "Алтайдан Ала-Тоого - Манастын жолу менен" жүрүшүбүзгө чекит коюшубуз керектир деген ойдо эжеден өтүндүм.
Шамдан кийин атабызга арнап дасторкон жазылып, Куран окугандан соң Бүбүмариям эже сүкүткө** (медитацияга) кетти. Үч саат чамасындагы убакыттан кийин, эже Жылаңач-Бугудан түшүп келди. Эжени эс алсын деп чатырына киргизип, суроо берүүгө даабадык. Түнү менен от жагып жылынып, алоологон оттун жанында улам бирибиз кызыктуу окуялардан айтып, турмуш тууралуу, келечек тууралуу бабырашып сүйлөшүп, кезек менен кичинекей чатырга барып бир-эки сааттан уктап, таң атырдык. Күн тоодон көтөрүлө баштаганда Бүбүмариям эженин ал абалын билген соң, кечиндеги суроолорумдун жообун өтүндүм. Эже: "Атабыз жакшы кабыл алды. Темирбек балама өзүм белги берем деди", - деп айтты. Кызык, мага кандай белги берет болду экен деген ойдо Жылаңач-Бугуну сүрөткө тарта баштадым. Бир маалда бир асканын бетинде кичинекей бала көтөрүп отурган, башында таажысы бар адамдын элесин байкадым. Фотоаппаратымдын экранын эжеге сунуп:
(Уландысы кийинки санда)






Асман пресс

26-апрель, 2012-жыл






??.??