Алтынай Өмүрбекова, Ленин районунун акими:

"Депутаттыктан кеткениме


бир секунд да өкүнбөйм"


- Алтынай айым кандай жердин кызы?
- Ата-энем экөө тең инженер. Апам политехникалык институтту бүткөндөн тартып кондитердик фабрикаларда инженер болуп иштеп, пенсияга чыккан. Атам болсо, өмүр бою транспорт системасында иштеген. "Эмгеги сиңген" деген наамы бар. Учурда пенсияда.
- Кичи мекениңизге кандай кызмат кыла алдыңыз?
- Фрунзе шаарында төрөлгөм. Азыркы иштеп жаткан жумушумду кичи мекениме, шаарыма арнап атам деп ойлойм.
- Аял деген түшүнүккө эмнелерди киргизесиз?
- Аял киши бул - эне, бирөөгө сүйүктүү жар, боорукер, кечиримдүү инсан.
- Сизди коомчулук кандай болсоңуз ошондой көрүшөбү же "маска" барбы?
- Менде "маска" жок деп так айта алам. Бирок, бүгүнкү күндө бул жагым менин кемчилдигим. Анткени, коомдук жумушта жүргөн адамдар бир аз сырын билгизбей, айрым учурларда маска кийсе дагы жарашат деп айтып калышат эмеспи. Бирок, андай боло албайм. Үйдө кандай болсом, жумушта да, эл арасында да ошондоймун.
- Эмнени кийбейсиз, жасабайсыз, айтпайсыз?
- Оор суроо экен. Биринчи суроодон баштасам, албетте, мага жарашпаган кийимди кийбейм. Бирөөгө эч качан жамандык жасабайм. Кайгыга түшүрө турган нерсеге эч убакта барбайм. Үчүнчүсү, жеке сыр болот эмеспи, мына ошондой турмуштагы сырларды эч качан айтпайм.
- Кайсы үч нерсесиз тура албайсыз?
- Жумушсуз тура албайм. Материалдык жактан болбогондо, албетте, эч ким ден соолуксуз тура албайт. Жакын адамдарысыз, жашоого керектүү нерселерсиз тура албайт. Эгер нерселерди ала турган болсом, анда бүгүн машина, телефон, калем сап, кагаз жок тура албайм.
- Карьераңыз кайсы кызматтан башталган?
- Мамлекеттик кызматтагы карьерам, мамлекеттик каттоодо юридикалык бөлүмдүн жетекчилигинен башталган.
- Лидерлик сапат качан ойгонгон?
- Лидерлик сапат бала кезден эле бар болсо керек. Анткени, азыр эстесем бала кезде да сен тигини кыл, мен муну кылам деп оюнду ойногондо да башкарып алчумун. Пионерге да биринчилерден болуп өткөм. Өмүр бою эле лидер катары келе жатам го.
- Үйдө да лидерсизби?
- Азияда жашайбыз, кыргызбыз, мусулманбыз, андыктан, эч убакта үйдө лидер боло албайсың. Аял кишинин өз орду бар. Жолдошум турганда эч убакта лидер боло албайм, акыркы сөздү жолдошум айтат.
- Депутат айым кандай болушу керек?
- Депутат айымдар эркектерге караганда маданият жагынан, адамгерчилик жагынан бир тепкичке өйдө болушу кажет. Элдин көйгөйүн чечүү үчүн өзүңдө тажрыйба мол болуп, билимдүү болушу зарыл.
- А аким айым кандай болушу керек?
- Аким айым эмгекчил болуш керек. Бул жакта саясат да жок, кандай көрүнүп атканың да, баары экинчи планга жылат. Эртең менен саат 8де жумушуң башталат, кечки саат 9да үйгө келесиң. Жаңы конуштарды кыдырасың, таш, суу - баарын кечесиң. Бул жерде энергия керек. Районуңдун көйгөйүн чечкенге болгон күч-аракетиңди жумшайсың. Аким айымдын турмушу мына ушундай.
- Саясат айымдарга оор эмеспи?
- Саясатта аял-эркек деген нерсе деле жок. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдарга саясатчы болуш оорураак. Анткени, эркектер ашыкча нерсе жасаса, ал көрүнбөй деле калат. Ал эми аял саясатчы туура эмес сүйлөп койсо, же ал ою бирөөнө жакпай калса, дароо талкуулап башташат. Жалпылап айтканда, эркектер жакта шовинизм бар бүгүнкү күндө. Ошондуктан, аял затына бир аз оорураак болуп атат. Анткен менен кыргыз аялдары күчтүүлүгүн көрсөтүп келе жатышат.
- Турмуш жолун канча жашыңызда аттангансыз?
- Турмушка 28 жашымда чыккам. Советтер союзунун маалын алсак, менин жашымда турмушка чыгуу кеч болмок. Ал эми Батыш Европаны карасак, дүйнөлүк стандарт менен мындай жаш курак туура эле болот. Азыр 38 жашта болсом, кызым 1-класска барып атат.
- Жездебиз ишиңизге каршы болуп "үйгө отур" дебейби?
- Жолдошум Нурлан врач офтальмолог. Улуттук госпиталда иштейт, медицина илимдеринин кандидаты. Балдарына да жакшы убакыт бөлө албай иш деп чуркаган аял кайсы эле эркекке жаксын. Чынында "болду ташта, жакшы бир жумушка кир" деп айтып жүрдү. Бирок, "Нурлан, мен азыр таштай албайм. Анткени, Ленин району боюнча 250 миң адам мени жумуш жасайт, көйгөйүбүздү чечет деген үмүттө. Ошондуктан, сен ал адамдардын үмүтүн үзбөшүң керек" десем түшүндү. Депутаттыкка аттанып атканда "балким өтүп калсам тынч жашоо жок болот" деп айткам. "Күчүңдү сынап көр" деген. Анда "өтпөйт" деп ишенбесе керек.
- Депутаттыктан акимдикке өткөнүңүзгө өкүнбөйсүзбү?
- Бир секундга да өкүнбөйм. Башта тынч эле отура бербей деп ойлосом, азыр туптуура кылган экенмин деген чечимдемин. Акимден башка кандай жумушка барсам да семичкедей чагам десем болот. Анткени, бул жакка келгени көп кыйынчылыктарды көрдүм, тажрыйбам өстү. Бул кызмат мага абдан жакшы трамплин болот. Балким, депутат болуп жүрсөм азыркыдай көйгөйлөрдү билмек эмесмин. 21-кылымда адамдар суусуз отурат дегенде тынч уктай албайм.
- Маегибиздин соңунда райондун иштери тууралуу сурабасам болбостур.
- Райондо жумуш өтө көп. Ленин району чоң район. Мурун өндүрүш ишканалары көп район болсо, азыр тилекке каршы андай ишканалар жок. Бир чети районду борбор десек, экинчи жагынан жаңы конуштары бар айыл да болуп калат. Көйгөй өтө көп. Жакын арада Ош базарынын ичин-сыртын тазалайлык деп атабыз. "Ак-Ордо" жаңы конушунда суу маселеси чечилгени турат. Буюрса, апрелдин 20ларынан кийин тендер өтөт. Менимче, 2012-жылдан баштап "Ак-Ордо" жаңы конушунда суу маселеси көйгөй болбойт. Кантсе да иш көп, иштеш керек.
Мээрим
Айталиева