Ректоруң ким студент?



Урматтуу студент, ректоруңдун ким экенин билесиңби? Жок дегенде аты-жөнүн, жүзүн дегендей. Ооба, айрым ректорлор студенттер менен тыгыз иштебегендигинин натыйжасында ишмердүүлүгү эмес, ректорунун аты-жөнүн дагы дурустап билишпейт. Биз "Ректоруң ким студент?" рубрикасынын алдында жогорку окуу жайларга кайрылуу жасоодобуз. Максатыбыз - студенттер менен ректорлордун ортосундагы байланышты бекемдөө. Кандай иштеп жатат, бийлигин ашыкча пайдаланган жокпу, эмнелерди жаап-жашырып жатат... айтор, ректоруңузду мактайсызбы, жактайсызбы же жектейсизби сиздин ишиңиз. Болгону маалымат так болсун. Баса, ректоруңузга каалаган суроо берсеңиз да болот. Биз жооп алып берүүгө даярбыз. Ошондой эле, бир гана ректоруңузга эмес, окуу жайыңыздын проректорлору, директорлору жана мугалимдеринин ишмердүүлүгү тууралуу дагы маалымат берсеңиздер болот. Биз "ишеним телефону" кызматын ушинтип аткаралы деп чечтик. Демек, ректорлоруңуздар тууралуу уюлдук телефондон смс жиберсеңиз, электрондук почтага жазсаңыз болот. Эмесе урматтуу студент, ректоруңуздун ийгилиги жана кемчилиги тууралуу маалыматты 0 779 77 80 01 же 0554 15 05 03 номерине смс, 0 312 933 622 номерине чалып билдирүү, ал эми asmanpress88@mail.ru же tenir777@mail.ru электрондук дарегине маалымат жибериңиз.

Бул ирет КГУСТАнын ректору Акынбек Абдыкалыковго, Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш Университеттин ректору Алмаз Ибраевге, Кыргыз Манас-Түрк университетинин ректору Себахаттин Балжы жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз Орус Славян университетинин ректору Нифадьев Владимир Ивановичке "ишеним телефонун" ишке киргиздик. Студенттер чалгыла, жазгыла, чамдагыла!


001- Славян университетинде аудитория жетишсиз, студенттер аябай көп. Компьютерлердин эскилигин сураба. Флешкаңды сайсаң, вирустун баш айланткан көптүгүнөн компьютерлер иштебейт. Аны тазалаган жан жок. Анан дагы жетишсиз, эптеп эле. Ушуну ишке ашырып койсо жакшы болот эле. Медер.

002- Биздин университетте стипендия бере элек. Качан берет деп күтүп жүрөбүз. Башка студенттерден эмнебиз кем. Аябай жаркылдаган Славян университети да ушундай. Зарыл.

003 - Университетибизде жумалык, айлык жыйынтыктар өтүлбөйт. Студенттер менен ректор эмес, декандар да жолугушпайт. Өзүбүз менен өзүбүз окуп жүрөбүз. Ректордун ким экенин, анын кебетесин көрө элек студенттер бар. Мисалы, мен деле көрө элекмин. Анын орус экенин угуп жүрөм. Анткени Орус Славян университетибиз го. Сезим.

004- Санитардык жактан студенттерди анализ тапшыртып көргөн эмес. Славян университети күчтүү билим бергендиктен, башка улуттан 70% студенттер окуйт. Аларда кандай вирус бар, эмне оору менен жабыркайт эч ким билбейт. Баары эле аралашып жүрөт. Жыл башында башка университеттегилерге кан тапшыртып, жалпы анализден өткөрөт экен. Бизде андай нерсе жок. Жамал.

005- Биздин университетте бала бакчага кабыл алгандай юбка кийип келдиңби же жокпу текшерет. Юбкаң жок экенин көрсө киргизбей коёт. Анткени, Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университети да. Арабика

006 -Жыл башында кыргыз кыздары жакшынакай эле келишет да, бир жыл өткөн соң жарым кыргыз болуп жоолукту ороно салынып, жарымы араб болуп чыга келет. "Чала молдо дин бузат" деген сөзгө абдан татуктуу адамдарыбыз да бар. Нукура кыргыз.

007- Кыргызстандагы эң күчтүү деп айтылып келинген Манас-Түрк университетинин билиминде кеп жок. Бирок, Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз кыз-жигиттерди басынткан түрк мугалимдерибиз көп. Турду.

008- Биздин университет абдан жакшы, баардык шарт менен камсыз кылынган. Бирок ошончолук кыргыздар түрктөргө көз карандыбыз, кээ бир түрк чал мугалимдер кыргыз кыздарды жөн кана пайдаланып жүргөнүн көрүп жиниң келет. Кыздарга айтар элем, түрктөргө сабак үчүн же акча үчүн тебеленбегилечи. Аскат.