Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Жээнбековго
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабановго
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Саляновага

Ачык кат



Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Асилбек Шарипович!
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!
Урматтуу Аида Жеңишбековна!
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Чаткал районунун жашоочулары Сиздерге ачык кат жазып кайрылууга мажбур болдук.
2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин кыргыз эли өз бийлигин орнотуп, ачыктыктын, калыстыктын нугунда республикада жаңы кабыл алынган Конституциянын шарапаты менен парламенттик башкарууга жетиштик, жаш, калыс өкмөттү түптөдүк, мыйзамдуу президентти шайлап, республиканын аймагында эл өзү тандоо жолу менен татыктуу уул-кыздарын жетекчиликке шайлап, эл бийлиги өз саясатын жүргүзгөн доорго жетиштик.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчылыгына Акматбек Таласбай уулун райондук Кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен шайлашкан. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Таласбай уулу эл ишеничин жогорку деңгээлде актап, өз ишин жемиштүү аткара баштады. Анткени, ал 15 жылдан ашык мөөнөттө Чаткал айылдык округунун башчысы болуп эмгектенип келген. Жогорку уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, дасыккан иш тажрыйбасы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга көмөк болууда. Он беш жыл аралыгында айылдык округ аймагында жасаган арбын эмгектери оң натыйжа бергендигин эч ким тана албайт. өлкөдө жаңылануунун нугунда А.Таласбай уулунун кыска убакыт аралыгында үзүрлүү эмгегин көрүп, ыраазы болосуң. Чаткал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүү максатында райондо "Чаткал өнүктүрүү фонду" түзүлүп, тоо-кен багытында иштеп жаткан фирмалар менен бирдикте айылдардын арасындагы жолдорго асфальт төшөө иштери башталды. 2010-жылы районго фирмалардын 8 млн. сомдук акча каражаты (салык, соцфондго чегерүүдөн тышкары), ал эми 2011-жылы 30 млн. ашык акча каражаты ар кандай тармакты өнүктүрүүгө тартылды. Айрыкча Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кировка авто жолундагы көпүрөлөрдү оңдоого чоң көңүл бурулууда. Районго асфальт-бетон заводун салуу үчүн аталган фондго 4 млн. ашык акча каражаты чогултулган.
2011-2012- жылдагы кыш мезгили жылдагыга карганда бир ай эрте түшүп, районубузда азыркы учурда да кыш өкүм сүрүүдө. Элибиз биздин райондун татаал шартын, 6-7 айга созулган ызгаардуу кыш мезгилин, жол каттамын жакшы билишет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов биздин районго өзгөчө көңүл буруп, абал боюнча телефон байланышы аркылуу такай кабарлашып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу райондун калкынын малын кыштан аман асырап чыгуу үчүн көмөк көрсөткөндүгүн белгилеп, ыраазычылык билдирмекчибиз. Районду башка аймактар менен байланыштырган Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолун кар көчкүдөн тазалоодо А.Таласбай уулунун аракети менен райондук жол тейлөө башкармасынын, областык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жана тоо-кен иштетүүчү фирмалардын техникалары тартылып, иш алып барылды. Райондун тургундары тарабынан азык-түлүккө жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга мактаждык болгон жок. Калктын малын кыштан аман асырап чыгаруу максатында Чүйдөн кесек тоют жана жем ташуу иштери уюштурулуп, А.Таласбай уулунун аракети менен бул ишке тоо-кен иштетүүчү фирмалар да тартылды. Натыйжада, элдин малы аман сакталып калды. Алар тараптан калк арзан баадагы ун менен да камсыз болушту. Негизги кар көчкүсү күтүлгөн "Чапчыма" ашуусун кар көчкүдөн тазалоодо А.Таласбай уулу күнү-түнү уктабастан, ден соолугуна карабастан башында туруп, автожолду ачкандыгына өтө чоң ыраазычылык билдирип, рахмат айтабыз. Бирок, эл үчүн күйгөн жетекчинин эмгегин баалоонун ордуна кээ бир атуулдар, атап айтсак көп жылдан бери эч жерде иштебеген Жаңы-Базар айылынын тургуну Эшалиев Каныбек, А.Таласбай уулуна жалган жалааларды жаап, уламдан улам ар кайсыл инстанцияларга негизсиз арыздарды жазып, ал боюнча текшерүү бир канча жолу, белгилей кетүүчү нерсе, автокаттам кар көчкүдөн жабылып, эл малга тоют маселесин чече албай жатканда да биздин райондо текшерүү жүрүп жатты.
Өз учурунда Жаңы-Базар айылындагы элдик жыйын болуп, ага А.Таласбай уулу катышып, айыл жашоочулары арыз жазгандарды эл алдына чакырып, алардын негизсиз жалааларын далилдеп, аларды уяткарган менен дагы эле "өз ишин" улантууда . Негизсиз, өз кызыкчылыктары үчүн жазылган арыз ээлерин ооздуктоо үчүн катуу мыйзам керек. Себеби, алар эл үчүн кам көрбөйт жана элдин ынтымагына доо кетирип, калктын маанайын бузат.
А.Таласбай уулу отуз жыл аралыгында тарбияланып келген кадр, анын уюштуруучулук жөндөмүн, райондун эли үчүн аткарып жаткан иштерин биз ачык колдойбуз. Ошондуктан, Чаткал районунун тургундары, сиздерден, алдыдагы жазгы талаачылык жумуштары башталар алдында биздин акимдин эл үчүн жасап жаткан иштерине негизсиз жалаалар боюнча текшерүүлөргө бөгөт коюңуздарды көптөн-көп суранабыз.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Чаткал районунун жашоочуларынын атынан 125 адам кол койду.