Экс-министрден "эскимо"
Марат Кайыпов, коомдук ишмер:

"Деңгээлиңе жараша кызмат болсо кантип барбайсың"


- Марат мырза, саясат айдыңында деле көрүнбөйсүз. Эмне менен алектенип жүрөсүз?
- 2008-жылы Адилет министрлигинен "машине сатып алды" деген шылтоо менен мени кызматтан бошотууга аракет жасашып, өзүм арыз жазып кетпедим беле. Ошондон бери туруктуу кызматым жок. Жакындан бери президент Атамбаев сот реформасын алгалоо боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн экен, ошол комиссияга чакырып, эксперттик жардам берүүдөмүн. Андан тышкары, атам Таштан Кайыповдун атындагы коомдук фонддун ишин алдыга жылдырып жүрөм. Атамдын көзү өткөндөн кийин айылдыктар чогулуп, Сузак районунун Каду айылындагы мектепке атын беришкен. Себеби, ошол мектепти бир кезде Чыңгыздын Дүйшөнү салгандай эле менин атам салган экен. Атаңдын аты мектепке ыйгарылып калганда балдары үчүн өзүнчө бир чоң жоопкерчилик болот тура. Кайыповдор чогулуп бүтүрүүчүлөргө, мугалимдерге жардам берүү максатында жыл сайын 25-майда 3 мугалимге, жалпы сабактар боюнча мыкты окуган 3 окуучуга жана орус тилинен жакшы окуган 3 окуучуга диплом беребиз. Себеби, апам орус тилчи эле. Анын ичинде акчалай сыйлыгы бар. Эгерде алтын медаль менен бүтүп аткан окуучу болсо, ага өзүнчө Таштан Кайыпов атындагы медаль чыгарганбыз, ошону берип, кошумча жогорку окуу жайына өткөзүү милдетин алганбыз. Мындан тышкары, азыр волонтёр издеп жүрөм, тилекке каршы, азыр англис тилинен волонтёр табылбай атат. Эгерде чет тилди билген волонтёрлор болсо, ата-энемдин үйү бош, ошол жакты ремонттоп, киргизип коймокпуз.
- Азыр бийликте мурунку эле кишилер. Сиз эмнеге барбай атасыз?
- Өмүрүмдө бирөөдөн бир кызмат сураган эмесмин. Пешенеме ушундай жазылыптыр кайсыл жакка иштебейин, мени өзүлөрү чакырчу. Мисалы, Университетти бүтүп атканда мени талашып, бизде тажрыйбаланган биздики деп ИИМден келген өкүл алып кетип калган. Ошол жакта иштеп жүрдүм, кийин Ак үйгө кыргызча-орусча жазып сүйлөй билген юрист издеп чакырышып, которулуп келгем. Өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүндө эмгектенип жүрдүм. Ошентип, бардык жерге чакырылып иштеп келатам, өзүм барып "бул жумушту бергиле" деп сурай элекмин.
- Эгер азыркы Өкмөткө чакырса барасызбы?
- Эгерде деңгээлиңе жараша татыктуу кызмат болсо, кызматты алып кете алам, ушул жерден кыргыз элиме кызмат көрсөтө алам деген кызмат болсо кантип барбайсың.
- Азыркы бийликке кандай көз караштасыз?
- Апрель окуясынан кийин мыйзамдуу бийлик жок болуп, Убактылуу бийлик пайда болду. Олку-солкулук абдан көп болду, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп коюу коркунучу да турду. Улут аралык араздашуу пайда болуп, Ош окуясы болуп кетти. Канткен менен кыргыз улуту байыркы, мамлекеттик тарыхы бар эл экенин көрсөтүп, мамлекеттик бийликти сактап калышыбыз керек деген ураанды биринчи орунга коюшуп, сунуш кылынган Конституцияны кабыл алып беришип, ошонун негизинде Атамбаев, ЖК мыйзамдуу бийлик катары келишти. Кемчиликтер болбой койгон жок. Маселен, шайлоо учурунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясына киргем, шайлоодон өткөнбүз. Муну элдин баары билет, кашкайып эле көрүнүп турган. Бирок, парламенттен бизге орун бербей коюшту, мындай кемчиликтер болгон үчүн нааразычылыктар ушул убакка чейин уланып келе жатат. Канткен менен үч бийликтин эки бийлиги орнотулду. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлиги, тилекке каршы, сот бийлиги ушул убакка чейин жаңы мыйзамдын негизинде алмашпай жатат. Сот бийлигине жарыя болуп, Жогорку сотко конкурс жарыяланса, ошол жакка өзүмдү сунуш кылайын деп атам.
- Биздин президенттердин баары ишти Манастагы авиабазаны чыгарам деген убададан башташат. Маселен, Бакиев, кийин Атамбаев да Бакиевдин изин басты. Буга не дейсиз?
- Кечээ Россиянын тышкы иштер министри Лавров "Манастагы авиабазаны чыгаруу же чыгарбоо Россиянын кысымы же болбосо Россиянын талабы деп айткан өтө эле кополдук болуп калат" дегендей кылып койбодубу. Бул эми тышкы саясаттын жылмалап ороп айткан сөзү. Күчтүү мамлекеттердин саясатын байкасак, акыркы 10-20 жыл ичинде СССР учурунда дүйнө жүзүндөгү күчтүү мамлекеттердин тең салмактуулугу бар эле. СССР урагандан кийин бул тең салмактуулук жоюлуп калды. Дүйнө жүзүндө адилеттүү саясатты жасайбыз деп умтулган көп өлкөлөр алдыга жылып жатышат. Мисалы, тымызын иш жүргүзүп аткан мамлекеттердин бири Кытай, миллиарддан ашып кеткен Индия, мусулман өлкөлөрүнүн ичинен араб өлкөлөрүнөн эмне үчүн биз четте калышыбыз керек? Биз чийки затты гана саткан мамлекет болуп калышыбыз керекпи деген ойго келишип булар да башын көтөрүп жаткан учур. Ачык айта турган болсок, араб өлкөлөрүнүн келечегин, өсүш деңгээлин байкап, кысымга алып, чийки заттарын тартып кетип, аларды алсыратуу саясаты байыртан жүрүп келаткан, дагы деле улантылып жатат. Бардык тышкы саясаттын негизги себеби - экономикалык себеп болуп эсептелет. Мисалы, Ирактагы согушту алалы, Буш атасынын өчүн алуу үчүн согуш жарыялаган жок да. Негизги себеп - нефтини арзан баада сатып алып Американын экономикасын оңдоо болгон. Чоң мамлекеттер чоң саясат жасайт, сөзсүз түрдө кайсы бир чөлкөмдө, кайсы бир аймакта болобу өзүнүн кызыкчылыгын көздөп келишет. Кичинекей Кыргызстанда чоң мамлекеттердин, болгондо да АКШ менен Россиянын аскер базалары туруп калганын карабайсыңарбы. Бул кадам Акаевдин учурунда туура эмес кадам болгон. АКШ эч убакта Америка континентинде согушкан эмес, булар өзүнүн ички маселесин сырттан согушуп бүтүрүп келе жатышат. АКШнын базалары бардык мамлекеттерде бар. Мына ушундай саясатты Россия да жүргүзүүнү көздөп атат. Россия Америкага атаандашып, өз базасын кийирген. Чоң мамлекеттер сөзсүз түрдө, бири-бири менен кагылышат. Сөзсүз түрдө, башка мамлекетте өзүнүн жаңы куралдарын сынашат, биз ошондо бир полигон болуп калышыбыз мүмкүн. Келечекте биз мындай аскер базаларынан сырткары болгонубуз жакшы. Өлкөнү коргоонун башка жакшы экономикалык жолу бар. Мисалы, Америка ушул жерге ГЭС курсун, завод курсун акчалары бизде жатсын. Мына ошондо акчасын коргойм деп бизди коргошот. Тилекке каршы, эки базаны киргизип алып, эми чыгара албай убарабыз.
- Негизи авиабазаны чыгарууга кудуретибиз жетеби?
- Базаны чыгарып коюу үчүн бир эле, Кыргызстандын президентинде эмес, парламентинде да саясий эрк болуш керек. Бара-бара бул аскер базаларынын Кыргызстанда болуп же болбой калышы Россия менен Американын сүйлөшүүсү менен бүтүшү керек дей ойлойм. Бир эле Кыргызстандын эрки менен бүтпөй калат.
- Азыркы бийликтин көзгө басарлык иши катары коррупция менен күрөшүүсүн айтсак болобу?
- Коррупция менен күрөшөбүз деген жарыяны Президенттин оозунан уктум бирок, коррупция менен күрөшүү чаралары болуп атканын көрө элекмин. Көрүнбөй атат. Коррупция менен күрөшүү үчүн бир кишини камап же жүз кишини атып салуу менен иш бүтпөйт. Коррупция менен күрөшүш үчүн эң оболу, коррупциялык мамилелер болуп аткан чөйрөнү жоюш керек. Ал үчүн биз баш мыйзамдан тартып көп нерсени өзгөртүшүбүз кажет - бул биринчиден. Экинчиден, коррупция менен күрөшүү чаралары айкын болушу абзел. Тилекке каршы, бул жагынан караганда дагы чабактарга ат салып акулалар калып калууда.
- Башпрокуратура ЖКнын депутаты Пирматовдун кол тийбестигин сураса депутаттардын бербей койгондугу коомчулукта ача пикирди жаратты...
- Биринчиден, бул кылмыш иши. Аны изилдеп, окуп көрүп туруп жооп бериш керек. Мен башта айтпадымбы жогорку сотко баруу оюмда бар деп. Эгер барып калсам, мүмкүн, ушул ишти карап калам. Ошондуктан, бул боюнча оюмду айтпай эле турайын.
- Сиз министр болуп турган учурда ЖАТ сиздерге баш ийчү эле. Ал жактын күңгөй-тескейин жакшы билсеңиз керек?
- Адилет министрлигине ЖАТ баш ийип турган учурда опол тоодой жумуштарды жасадык. Көрсө, көйгөй көп экен. Эсиңиздерде болсо, мен министр болуп дайындалганда 20 күн болбой каргашалуу окуя болгон. Депутат Акматбаевди, жардамчысын, ЖАТтын жетекчисин түрмөнүн ичинен өлтүрүп кетишкен. Каргашалуу окуя болгондон кийин убактымдын дээрлик 70-80% ушул жакка жумшачумун. Ал жердеги чоң көйгөй азыр да бар. Жаза аткаруу мекемелеринде жумуш жок, бекерчи бардыгы. Карапайым киши кылмыш жасап ошол жакка түшүп калса, ага-туугандары тамак-аш киргизе албаса, мамлекет жарытылуу тамак бере албаса, ал уюшулган кылмыштуу топко көз каранды болуп калат. Экинчиден, ушунчалык коррупцияга баткан экен, тамак-аш маселеси таптакыр чечилбей калган. Мисалы, мекемелердин жетекчилери менен сүйлөшкөндө "өзүбүз кампага барбайбыз. Тендер өткөзүп койдук, баланча утту, алып кетесиң дешет" дейт. Продукциясын карасаң адамга берүүгө болбойт, кайдагы чириген азыктар. Аны айла жок алып жасашат, эч ким жебейт. Мына ошондон ызы-чуу болот, үстүнөн шапкесин алып коюп сапатсыз продукцияны тапшыра беришет. Бул экинчи чоң көйгөй. Үчүнчү чоң көйгөй-мамлекет ЖАТта иштеген кызматкерлерге таптакыр көңүл бурган эмес. Эгемендикти алгандан бери ЖАТ кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөн жок. Мындайча айтканда, кызматкер түрмөнү кайтарып атып, түрмөдө отурган адамдан карыз алып бала-чакасын багып калган. Акча түрмөдөгү "общякта" - кылмыштуу топтун кишилеринде болот. Ошолордон процентке акча алып, карыз болуп калган кызматкерлер болгон. Эң эле аянычтуусу түрмөнүн ичинде кургак учук, СПИД, сифилис жана башка жугуштуу оорулар көбөйгөн. Мисалы, 2002-жылы Кыргызстандын ЖАТ ичинде 2000ден ашык киши кырылып калган. Концлагерде да мындай кырылган эмес. Тамагы начар болгон соң, берген дары жардам бербей калат. Анан өлө беришкен. Кыргызстанга өлүм жазасынын кереги жок, 1-2 жылга түрмөгө отургузуп койсоң, өзү эле өлүп калчу экен. СССР таркагандан бери кылмыш-жаза саясаты жүрбөдү.
(Уландысы 7-бетте)