Индия сапар

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова


Аватар Кальки, ак боз ат, кылыч



Жер жүзүндөгү бардык улуттардын акыр заман тууралуу өз уламыштары бар. Алардын бири индия элинин уламышы аватар Кальки жөнүндө. Ал уламышта Кальки аттуу аватар адамзатты акыр замандан куткарыш үчүн өз армиясы менен келип, каралыктан куткарып сактап калат. Кальки аватар ак боз ат минип келет. Колундагы жаркылдаган кылычы менен кара күчтөрдү жок кылып, адамзатты каралыктан тазалап, алтын доорго алып өтөт. Алтын доор бейиш жерде болот. Уламыш ушундай. Биздин бүгүнкү сабагыбыз Кальки аватардын ак боз атына жана кылычына ээ болуу. Эгерде биз ошого ээ болсок, демек, аватар Калькинин армиясынын мүчөсү болуп калабыз да, адамзатты акыр замандан куткарууга жардам берет экенбиз. Ал эми Багавандын (Багаванды аватар Кальки дешет) жердеги миссиясы Кальки аватардын армиясын көбүрөөк даярдоо. Мисалы, жер бетинде 7 миллиард адамзат болсо, кеминде 70 миң окуучу даяр болуш керек экен. Ошондой эле бүгүнкү сеанста өзүбүздүн, өзүбүз жашаган мамлекеттин, жер планетасынын жана биз азыр окуп жаткан "Университет Единствонун" бир жыл, беш жыл, он жылдан кийинки келечегин көрүшүбүз керек экен.

Бүгүнкү сеанс адаттагыдай эле, музыканын ыргагында ритм менен тез-тез дем алуудан башталды. Денем чымырап, кулагым тунуп, колдорум тырышып, оозум карыша баштаган кезде дүңгүрөгөн дабыш жакындап келатты. Аттардын кишенегени, кошкурганы, жер жарган дүбүртү улам жакындай берди. Чындыгында музыка аралаш аттардын дүбүртү храмдын ичинде болуп жатканын билип турсам да, астралдык денем физикалык денеден бөлүнүп чыгып, кең жайык жапжашыл талаада турганымды жана жерди дүңгүрөтө жайнаган ак боз аттар мени карай чаап келатканын көрүп турдум.. Жылкылар мени карай түптүз келатышса да, бир жылкыны кантип кармасам экен деп коркпой (коркуу сезимден кутулганымдын белгиси) күтүп турдум. Атайын тандалгандай аппак жылкылар кээси чабандеси менен, кээси жайдак жанымдан зуулдап өтө башташты. Бир топ жылкылар менин жанымдан токтобой кетип жатканы, аларды кармаганга ыңгайын таба албагандыгым мени чочута баштады. Ошондо эсиме келе калып Кудайыма жалынып, мени уят кылбай, бир жылкыны кармоого жардам беришин сурандым.
Манас ата - кыргыздын аватар Калькиси
Көп өтпөй эле алтын зоот кийген, колунда жаркылдаган кылыч кармап, минген ак боз аты алкынган зор адам мени турган жеримен эңип, алдына өңөргөн бойдон чаап жөнөдү. Бул убакта денем жепжеңил боло түшүп, аттын үстүндө эмес эле ак булуттардын арасында учуп бараткандай болдум. Алдына өңөргөн адам Манас ата экенин жазбай тааныдым. Манас атанын Аккуласын алкынтып, колундагы кылычын шилтеп турган бизге тааныш сүрөттөгү элеси менин алдымда алтын зоот кийип, алтын кылыч кармап тирүү тургандай болду. Бейиштеги храмдан бардык пайгамбарлардын арасынан көргөн зор адам ушул ата болчу. Чаап бараткан Манас ата бир башкача жаркылдаган колундагы кылычын колума карматып, өзүнүн колун менин колумдун үстүнө коюп, андан ары чаап жөнөдүк. Эсиме мугалимдин берген тапшырмасы түшө калып, Кыргызстандын, Жер планетасынын, өзүмдүн келечегимди көрсөтүшүн өтүндүм (тилекке каршы, мугалим айткандай 1,5,10 жылда кандай болот? деп сураганды унутуп калыптырмын). Оюмду дароо түшүнгөн Манас ата ошол замат кара туман каптаган Бишкек шаарын көрсөтүп, биздин колубуздагы кылычын жогору көтөрдү. Ошол замат кылычтан жаркырагынан көз уялткан нур чыгып, Бишкекти каптап турган кара туман жок болуп кетти да, бардык жакта ачык түстүү кийимчен, жүздөрүндө бактылуулук, көздөрүндө мээрим төгүлгөн элди, дүр-дүйүм тамак-аштарды, кооз-кооз үйлөрдү, бейиш бактагыдай ар түркүн гүлгө оронгон бак-шактарды көргөндө сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн кубанычтын жашы куюлду. Эсиме келе калып Нарын, Ош, Талас, Көл деп Кыргызстандын бардык аймактарын атаган сайын жанагыдай эле кылычтан сыйкырдуу нур чачырап, бардык жакта бейиштегидей гүлдөгөн жашоо экенин көрсөттү. Манас атага миң мертебе ыраазычылыгымды билдирип, эми жер шарындагы адамзатты көрсөтүшүн сурандым. Жанагыдай эле кылычты өйдө көтөрүп, жер шарына нур чача баштадык. Эмнегедир бир жер агарса, кээ бир жерлер агарбай, кара булуттар ого бетер коюлана берди. Манас ата экөөбүздүн Жер планетасын толук агартканга күчүбүз жетпей калгансыды (ушул көргөнүм ылайым туура болбой калса экен). Буга капалана баштаганымды сезген Манас ата эми өзүмдүн келечегимди көрсөтө баштады.
Теле, радио, газета
Кайсы жыл экенин билбейм мен "бардык" жакта жүрөм. Мени телевизордон көрсөтүп жатат. Байкашымча, элдин арасында, концертте, ар кандай көрсөтүүлөргө катышып отурам. Кадимки эле миңдеген адамдардан айрымам деле билинбейт. Бирок, телевизорду көрүп жаткандар үчүн бир кызык нерсе болуп жаткандай. Мисалы, мени көрсөтө баштаганда телевизор тиктеп олтурган адамдардын төбөсүндө алтын шар пайда болуп, алардын денесине алтын шар кирип, тулку бою алтын нурга толуп калгандарын көрсөттү. Ошол замат алардын аң-сезимдери жакшы жакка өзгөрүү менен мээримдүү, жайдары, бактылуу болуп калып атышты. Радиодон үнүмдү уккандарда, гезиттен жазгандарымды окугандарда, мени менен сүйлөшкөн адамдарда жана мен турган жерден бир нече километр аралыктагы мени тааныбаган адамдарда да ушул нерселер болуп жатканын көрүп аябай таң калдым. Бир убакта чоң залдын ичи жыкжыйма элге толуп, шатыра-шатман кол чаап жаткандарды көрсөтө баштаганда, "Бул эмне концертпи, кимдин концерти?" деп суроо салып бүтө электе сахна жакка жарык берилип кучак толо гүл көтөрүп, толкунданып турган мени көрсөттү. Менин арт жагымда алтын зоот кийими, жаркылдаган кылычы менен турган Манас ата кылычын мага карматып, колун менин колумдун үстүнө коюп, залдагы элге алтын нур чача баштады. Миңдеген бөлүкчөгө башкача айтканда, алтын шарга айланып залдагы отурган бардык адамдардын төбөсүнө алтын шарлар кирип, денелерин алтын нурга толтура баштады. Ал эми бул убакта залдагы адамдар сахнадан мени гана көрүп, артымда турган Манас атаны, алтын шарды көрө албагандары менен денелеринде өзгөрүү жүрө баштайт экен. Дагы бир кызыгы, сахнада илинип турган сүрөтүм аркылуу да Манас ата залдагы адамдарга алтын доорго керектүү энергия чачып, ар бирин алтын нурга толтуруп жатканын көрүп таң калып турдум. Ошол замат Багаван пайда болуп, "Таң калба, биз силерге аң-сезимди агартуучу программа койбодукпу, силерди Жогорку күчтөр канал катары пайдаланабыз. Башкача айтканда, силер өткөргүчсүңөр", - деди күлө карап. Анан кадимкисиндей эки алаканын жогору көтөрүп батасын берип жок болуп кетти. Бул убакта музыка токтоп, мугалимдин сеанстын бүткөндүгүн кабарлаган үнү угулду.
С
еанстан кийин ак боз ат ылдамдыкты, кылыч жаңы доордун энергиясын билдирерин мугалимден угуп ойго баттым. Манас атабыз кыргыз кыйналганда, душманды жеңип, элин сактап калат деген сөздүн мааниси мага эми түшүнүктүү болду. Демек, биздин "душманыбыз" (кара күчтөр же терс энергия) күч ала баштаганда Манас атабыз тездик менен (Аккуласын минип) элибиздин аң-сезимин аруулаган энергия, күч-кубат берип, духун көтөрүп душмандарды (кара күчтөрдү) жеңгенге жардам берет тура. Буга мисал 2010-жылдын 7-апрелин айтсак болот. Манас атабыз карапайым калктын духун көтөргөн үчүн, атылган октон коркуп койбостон өлүмгө тике караган жүздөгөн жигиттер, миллиондогон элди сактап калышпадыбы. Көрсө, Манас атабыз көзгө көрүнбөгөн дүйнөдө туруп эле, күчтүү энергиясы менен аң-сезимибизди трансформациялап, духубузду көтөрүп, күч- кубат берип турат турбайбы. Демек, Манас атабыз - биздин аватар Калькибиз, ак боз ат Манастын Аккуласы, кылычы - жаңы доордун энергиясы экен да деп ойго батып отурдум. Ал эми мени алдына өңөрүп алганы Манас ата мени колдоп, коргоп эч качан жалгыз таштабай, ар дайым жанымда бирге болот экен деп сүйүндүм. Бирок муну реалдуу жашоомдо кантип аткарарымды билбей турдум. Мени телевизорго тарткыла, радиодон сүйлөткүлө деп кимге барам? Минтип айтсам мага ким туура түшүнөт? Элди жаңы доорго даярдап энергия беришим керек, ошондуктан, мен теле, радио берүүлөргө тартылышым керек экен десем эл кандай кабыл алар экен? - деп сарсанаа боло баштадым. "Манас ата, менин мүнөзүм жумшак, бирөөнөн бир нерсе сурай албаган өтүмсүз адам экенимди билесиң, ошондуктан, керектүү нерселерге чечимди өзүң кабыл алып, жардам беришиңди суранам. Сен кандай чечим кабыл алсаң мен ошого макулмун" деп таазим кылдым. Ошол замат Багаван баары жакшы болот деп эки алаканын өйдө көтөрүп батасын берип жатып, Иисуска, Мухаммед пайгамбарга, Ширди Бабага, Саи Бабага жана мен тааныбаган ар кандай аталарга өзгөрүп, аягында алтын зоот кийимчен Манас ата болуп калды. Биз жерге келгенде эле ар кандай келбетке, ар түрлүү ысымга ээ болобуз. Ал эми бул жакта баарыбыз бир бүтүнбүз - деп түрдүү келбетке өзгөрүүнүн себебин түшүндүрдү.

Индиядан Бишкекке кайтып келерим менен бардык теле, радиолор өздөрү эле ар кандай эфирге чакыра баштаганда Манас атага, Багаванга чоң ыраазычылык билдирдим. Кудай алдында өз миссиямды аткарганга жардам берип жаткан Жогорку күчтөргө, Манас атага мени өткөргүч кылып тандап алгандарына ыраазычылык айтып, таазим кылдым. Ылайым элиме, жериме жарыгым. жардамым тийсе экен.