Газиантеп


(Башы өткөн санда)

Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин англичандар жана француздар тарабынан басылып алынган Газиантеп региону өзүнүн коргонуусу жана теңдеши жок баатырдыгы менен дүйнө элин суктанткан. Түркия жогорку калк межлиси Антепе бул ийгилигинен соң 1921-жылдын 8-февралында "Гази" деген даңк берген. Ошол замандан калган калдыктарды азыр дагы көрүүгө болот.
Географиялык жактан Түштүк-чыгыш Анатолия долбоорунун (ТАД) кирүүчү эшиги, өндүрүш жана сооданын көлөмү менен ТАДдин борбору болгон Газиантеп, экономикалык жактан айланасында орун алган бир топ регионго таасирин тийгизет.
Түздүктөрдүн төрттөн бир бөлүгү айдоого жарамдуу жер жана Фырат дарыясынын суусу менен сугарылган Газиантеп; фисташка, оливки, пахта, жүзүм, кызыл калемпир сыяктуу экономикалык мааниси жогору болгон чечевица, буудай жана арпа сыяктуу өсүмдөктөр мол өскөн аймак болуп эсептелет.
Өзгөчө Газиантеп чыгыш жана түштүк-чыгыш Анатолия аймагынын бардык өсүмдүктөр кайра иштетилген ички жана сырткы рынокко чыккан өндүрүш жана соода борбору.
Уюштурулган өнөр-жайлуу райондор, бир нече өнөр-жай тармактары, чакан өнөр-жайлуу объектиси жана эркин аймагы менен экономикалык жана өндүрүш жагынан маанилүү бир орунда турат.
Дүйнөлүк ашканалар арасында өзгөчө орунга татыктуу болгон Газиантеп ашканасы туристтердин бул аймакка келүүсүнө да таасир берет. Нечендеген жылдар бою өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап келген ашкана туристтерди көңүл кош калтырбайт.
Газиантеп тарыхый жана маданий окуяларга да бай келет. Боштондук Согушунан калган эстеликтерди дагы кездештирүүгө болот. Андан тышкары, шаарларды бириктирип турган жолдору, эл аралык маанидеги аэропорт орун алган. Өзүнө гана таандык тамактары, кол өнөрчүлүгү, кооз мозаикалары, мечиттери, чиркөөлөрү, байыркы шаарлары, хамамдары, мунаралары, жайлоолору менен дагы туристтерди тартып турат.