ТЕМИРБЕК ТОКТОГАЗИЕВ


Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата

Атам Токтогазиев Шүкүрбек менен
апам Атыканова Берметтин
жаркын элестерине арнайм

АЙКӨЛ МАНАС -ТАРЫХИЙ ИНСАН

АЛТАЙДАГЫ,
АЛА-ТООДОГУ,
БЕЙЖИНДЕГИ ИЗДЕР

(Уландысы өткөн санда)
Алтайга
сапар
Алгач, "Кыргыздын кырк уруусунан 40 жигитти кечиктирбей Тоолуу Алтай Республикасында жайгашкан Манас бабабыздын киндик каны тамган жерге зыяратка алпарып, 40 ат менен Ала-Тоого чейин ат үстүндө жүрүш уюштурбасаңар Кыргызстанда чоң чатак чыгат. Акыры барып үчүнчү дүйнөлүк согуштун башаты болуп калышы мүмкүн!"- деп айткан алтайлык шаман Акай Киненин* интервьюсун Асыкбек Оморов** апкелген дисктен көрүп чоочудум. Ансыз да, жаңы эле өткөн Апрель коогалаңынан кийин мамлекетибиздеги абал олку-солку. Кудай уруп, дагы бир балээ чыгып кетпегей эле деген ой мени түйшөлтүп кирди. Дискти көрбөсөм болот эле. Эми шамандын айткан "прогноздорунун" жоопкерчилиги мага жүктөлгөндөй абалда калдым. Анын үстүнө, мындай маалымат менен кимге кайрылсам мени түшүнөр экен деген ой эсимди эки кыла баштады. Жакын адамыңа деле мындай маалыматты айтуудан ийменесиң. Айтсаң "буга эмне болгон?" деп чоочулайт ко. Балким, бул "бир сандыраган сөздүр" деп өзүмдү жооткотуп, канчалык эсимден чыгарып таштайын десем деле такыр бул маалыматтан арыла албай бир жумадай кыйналып жүрдүм. Асыкбек (Оморов) болсо кайра-кайра телефон чалып менин оюмду уккусу келет. Мен не дээримди билбей кыйналам.
Акыркы мезгилдерде, белгилүү парапсихолог жана публицист Мелис Карыбеков*** "Кара дуба" айланасында көптөгөн макалаларды басма сөздө жарыялады. Бул макалалардын негизги өзөгү - Кыргыз элинин башында чүмбөттөлгөн кара дуба турганын, улутубуздун биоталаасын тазалабасак коомубуздун оңолушу кыйын болоорун, аны Манас ааламы гана тазалай алаарын Мелис Карыбеков ар бир макаласында байма-бай жазып келди. Чын эле, коомубузга көз чаптырсак, чиеленишкен, "өзүң билбе, билгендин тилин алба" деген байыркы каргыштын торунан чыга албай келатканыбыз туюлат. Парапсихологдун жазгандарына акыл токтотуп көз чаптырсак, байыркы душманыбыз - кытайдын кара дубасы, андан кийинки арабдын кара дубасы, кийинки орустун, еврейдин ж.б. кара дубаларынан арыла албай келатканыбыз даана эле көрүнөт экен. Бул каргыш -дубалардан элибиздин биоталаасын канткенде тазалай алабыз? Мунун жолу барбы? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолорду ачык жазган макалаларын мен дагы кызыгуу менен окучу элем. Түшүнсө ушул жигит түшүнөр деген ойдо, акыры, чымырканып туруп Мелис Карыбековду студияга чакырып дискти коюп бердим. Анын бул маалыматка кандай мамиле кыларын астыртан байкоого аракеттендим. Мелис шыр эле, бул маалыматтын өзөгү бар экенине токтолду да, Коопсуздук комитетинин төрагасы К.Дүйшөбаевге телефон чалды. Кеңешбек Асанбекович көп күттүрбөй, тез эле келди. Үчөөбүз дискти кайра башынан карап чыгып, түн жарымы болгондо үйлөрүбүзгө тарадык. Эртең менен ал кишинин таңында эле түштүккө учуп кеткенин уктум. Көрсө, ошол түнү (2010-жылдын 10-июнунун түнүндө) Ошто улут аралык коога башталып кетиптир. Алтайлык шамандын айтканы чындыкка айланып баратканына кабатырландым. Мелиске телефон чалып Алтайга кыргыздын 40 уруусунан 40 жигит чогултуп, тез арада жолго аттануубуз керектигин айтсам, ал мени шыр эле колдоду. Асыкбекке чалып, Алтайга экспедиция даярдай баштадык. Тез эле, бир катар тилектеш адамдар чогулдук. Теле, радио каражаттары, гезиттер аркылуу элге жарыя кылдык.
Кыргыз телевидениеси аркылуу Түгөлбай* байкенин программасына чакырганынан Асыкбек экөөбүз барсак Каныбек** жана дагы эки Таластык жигит биздин бет маңдайыбызда олтурушкан, бизге чабуул коюп киришти. Алардын айтымында "Акай, убагында Манас бабабыз Ала-Тоого кетели десе болбой, Алтайда калып калган кыргыздардын тукумдарынан, эми ушунча жыл өткөндөн кийин алар өз ата-бабаларынын кетирген каталарын оңдоого далалат кылып жаткан неме,- дешип,- болбосо эмне үчүн Акай Кыргызстанга бир нече жолу келсе да Таласка барып, Манас бабабыздын күмбөзүнө зыярат кылбайт, Таластын топурагынан Алтайга эмнеге алып кетпейт?"- дешип, бир караган адамга жүйөөлүүдөй көрүнгөн суроолорду жаадырып жатышты. Чынында, мен деле анда Акайды дисктеги интервьюсунан гана көргөм, аны менен жолугуп, көзмө-көз сүйлөшө да элек элем. Бирок, анын интервьюдагы айткандары менин көз алдыман өтүп жатса да, алар тууралуу КТР экранынан айткан жокмун. Андай нерсени экрандан айтсам, карап отурган калайык калк кандай кабыл алат деген ой мени бушайманга салды. Бирок, ички туюмумда мен жигиттердин айткандары канчалык аргументтүү болгону менен жергебиздеги абалды турукташтыруу үчүн кандай гана болбосун, Алтайга 40 уруунун өкүлдөрүн уюштуруп алып баруу зарыл экенине терең ишенип, Таластын топурагын Алтайга алып кетүүсүнүн эч кандай кажети жоктугуна, Бабабыз Алтайда төрөлгөндүгүнө, демек, Манас атабыздын киндик каны тамган жеринин топурагын алып келишибиз керектигине токтолуп жаттым. Биз эфирге чыгып аткан кезде түштүктөгү коогалаң болуп өткөн болучу. "Эл арасында кайрадан жаңы толкуну башталат экен" деген кептер айтылып, элибиздин үрөйү учуп турган кез. Жүздөгөн адамдардын жүрөгүнө айыкпас жара салган, ошол июнь күндөрү коомубузду бир сыйра эңшерилтип кетпедиби. Дагы эмне балекет болуп кетээринен баарыбыз кооптонуп турган мезгил болучу. Андыктан, иничектердин айткандарына анчалык териккен деле жокмун. Мейли, ар ким өзүнүн көз карашында боло берсин. Эң негизгиси, элибизде тынччылык эле болуп, ансыз да үзүлгөнү турган мамлекетибиздин эгемендик боосу тезирээк бекемделсе болгону. Эл ичинде мындан да ачуу пикирлер айтылышы мүмкүн. Убакыттан уттуруп жиберип, кийин, атаганат, ошондо Акайга ишенип койсок болмок экен деп саныбызды чаап калганча, анын айткан шартын аткарып койгонубуз жакшыраак болор. Анын үстүнө, элибиздин көңүл чордону түштүктөгү негативдүү окуяларга чулганып, ого бетер башыбызга келген мүшкүлдөн арылуу үчүн, элибиздин көңүлүн позитивдүү нукка буруу керектигине ынындык да "Алтайдан Ала-Тоого - Манастын жолу менен" деген аталыштагы жүрүштү уюуштура баштадык. Бир айдын ичинде мен барам дегендердин саны ого эле көп болду. Ал жакка бара тургандарды тандоо принциптерин иштеп чыгып, мына ошол критерийлердин негизинде кырк жигит тандоо процессин жүргүздүк.
(Уландысы кийинки санда)


*Акай Кине - Тоолуу Алтай Республикасындагы ыйман борборунун жетекчиси, 1964-жылы туулган, кесиби мугалим. Дөөлөс уруусунан.
**Асыкбек Оморов - жазуучу, "Чынгыз хан", "Темирлан" тарыхый романдарынын автору. 1953-жылы Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Черик уруусунан.
***Мелис Карыбеков - белгилүү парапсихолог жана публицист. 1965-жылы Чүйдүн Ысык-Атасында туулган. Уруусу кыпчак. "Кара дуба" аттуу макалалар түрмөгү элдин бүүрүн кызытты.


*Түгөлбай - Түгөлбай Казаков, Кыргыз Эл артисти, белгилүү коомдук ишмер, композитор, журналист. Улуттук телерадиокорпорациясында "Инсанат" автордук телеберүүсүнүн продюссери.
**Каныбек - Каныбек Солтонов, 2010-жылдагы Апрель революциясында жаштарды уюштуруп, шаардагы тынчтыкты сактоо үчүн жанын үрөгөн жигиттердин бири.


Ак-Саздан караганда Манас тоосунан Күн чыгып келаткан көрүнүш. Манас тоосун байыркы мезгилдерде Кан-Тоо деп аташкан.