Жаңы жүз


Азыркы тапта таш ыргытсаң ырчынын башына түшкүдөй эле болду. Күн өткөн сайын ырчынын саны көбөйүп таланттуусу да, таланты жогу да сахнаны карай агылышат. Жаңы жанып келе жаткан жылдыздар, шоу бизнестин катарын толуктайбыз деп аттанышкан "Арман", "Алас, алас", "Кыргыз жери" аттуу ырлары менен эл оозуна алына баштаган төрт жигиттен түзүлгөн "SENJ_KAI" тобу биздин рубрикабыздын төрүндө.

- Жигиттер, "SENJ_KAI" тобунун тарыхы тууралуу айтсаңар, качан түзүлдүңөр?
Сагын: - Топтун тарыхына кайрылсак, биз буга чейин мектеп мезгилинен бери эле ырга кызыгып, ырдап, маданий иш-чараларга катышып жүргөнбүз. Былтыр май айында тактап айтканда 2011-жылы түзүлдүк. Ошол убактан баштап эле балдардын автордук ырлары жарык көрө баштады. Быйыл бир аз каражат топтоп концертибизди бердик. Бул биздин биринчи тушоо кесүү концертибиз болду.
Эмил: - Ноорузга карата элге талантыбызды тартуулайлы деген максатта болду. Буюрса, дагы майрамдарга карата элге жакшы шаң тартуулап турабыз .
- Эмне үчүн биринчи топтун аты "Арман" болуп андан соң "SENJ_KAI" болуп аталып калды?
- Бизге жеткен маалыматтар боюнча "Арман" деген топ Кыргызстанда жок болсо керек деп ойлогонбуз. Бирок, улуу агабыз Бек Борбиевдин тобу бар экен "Арман" деген. Аны уккандан кийин тез арада алмаштыра албай калдык. Себеби, концертибизге 2-3 күн калганда уктук. Концерт өткөн соң "SENJ_KAI" деген атты ыйгардык.
Нурлан: - Дагы бир себеби, алгачкы ырыбыз "Арман" деген ыр болчу. Турмушубузга деле байланышып кетет, баарыбыздын эле башыбыздан сүйүү өтөт, кыз-жигит айрылышып кетет, андан соң жүрөгүнөн ага арналган армандуу ырлар чыгат дегендей. Эми бул менин жеке оюм эмес, барыбыздын оюбуз ушундай болчу да.
- Топтун аты кандай маанини түшүндүрөт?
Нурлан: - "SENJ" деген атыбыздын башкы тамгалары, а "KAI" деген кытай тилинен алынган бизче которгондо "башталды", "баштоочу" дегенди түшүндүрөт.
- Сахнада өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин үйрөткөн жана ырларыңарга сын берген бирөө барбы, кимдин алдынан өтөсүңөр?
- Топто балдар Эмил, Жумабек ыр жазышат. Ал ырларды баарыбыз талкуулап, саптык уйкаштыгын, маани-маңызын анализдеп андан кийин ага обон жаратабыз. Өзүбүздү өзүбүз карайбыз.
Жумабек: - Обонду өзүбүз жазабыз, а аранжировкасын аранжировщик балдарга жаcатабыз. Биз азыр эч кандай продюсер менен иштеше элекпиз. Топтун көбүрөөк жоопкерчилигин, иштерин Сагын көтөрөт жетекчибиз катары.
- Баардыгы акча каражатына барып такалат эмеспи. Бардыгын өзүбүз кылабыз дедиңер, студент болсоңор ал жагын кандай кыласыңар?
Эмил: - Ал жагын баарыбыз эле колубуздан келишинче көтөрөбүз. Бирок, көбүнчө Жумабек менен Сагын финансы жагын көтөрөт. Чакан бизнестери бар.
Сагын: - Мындай айтканда топ деп койсок болот, каражатты топ чогуу чыгарат.
- Мүнөзүңөр бири-бириңерге төп келеби?
Сагын: - Кудайга шүгүр, ал жагынан, орусча айтканда "общий язык" бар. Баарыбызга бирдей ой келет. Жетекчи катары деп менин оюм эле өтпөйт, жалпы баарыбыздын оюбуз айтылып анан бир максат, план жаралат.
- Азыркы тапта ырчылар өтө эле көп болуп кетти, алардын арасынан чыкпай калабыз деп коркпойсуңарбы?
Нурлан: - Ооба ырчылар көп деп айтып атасыз, бул туура. Аларды биз "андай-мындай" деп айта албайбыз. Ар биринин өзүнүн күйөрманы бар. Биз ырчылардан басынып калабыз же алардан ашып түшөбүз деп эмес, жүрөгүбүздөгү болгон нерсени, талантыбызды көрсөтөлү деген ойдо чыктык. Жогоруда суроо бердиңиз "Кимдин сынынан өтөсүңөр" деп, жан дүйнөбүздөн оргуштап чыгып жаткан ырлар менен элдин сынынан өткүбүз келет. "Эл тараза, эл сынчы " деген сөз бар эмеспи.
- Демек, кандайдыр бир убактан кийин тарап кетет турбайсыңарбы?
Нурлан: - Элдин сынынан бир өтүп алсак андан ары арышыбызды кеңейтип бара беребиз. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей ар кимибиз өз кесибибиздин ээси болобуз. Бирок, топ эч качан чачырабайт.
- Ырчылыктан тышкары эмне менен алектенесиңер?
Эмил: - Ырчылыктан тышкары окуу менен алектенебиз.
Сагын: - Студент болгондон кийин ырчылыктан тышкары окуйбуз, ошондой эле өзүбүздүн чакан жумуштарыбыз менен алек болобуз.
- Жалпы канча ыр менен концерт бердиңер?
Жумабек: - Жалпысынан эсептеп келгенде 12 ырыбыз чыккан. Анын арасынан көбү ырдалбай калды убакыттын жетишпей калганына байланыштуу.
- Концертке кеткен чыгымды актадыбы?
Сагын: - Азырынча ал сыр бойдон калып турсун. Каражат топтоо максатында эмес, шоу дүйнөсүнө алгачкы кадам, эл сынынан өтүү болду.
- Азыр көптөрү эл көзүнө көрүнсө эле мурдун көтөрүп калат эмеспи. Тактап айтканда, жылдыз оорусу менен ооруп калбайсыңарбы?
Сагын: - Жок, андай нерседен Кудай сактасын. Орустарда бир жакшы кеп бар го "Буть простым, все люди любят сами" деген. Бул биздин жашоодогу девизибиз болуп калган. "SENJ_KAI" тобунун жигиттери жөнөкөйлүктү жактырган кыргыздын жөнөкөй эле жигиттерибиз.
Жумабек: - Кээде маршруткага деле акчабыз жетпей калган күндөр болот.
Нурлан: - Мисалы, Эмилдин Жалга жетпей калган күндөрү болгон (күлүп).
- Концерттен кийин сындар айтылып же болбосо өзүңөр деле кандайдыр бир кемчиликтерди байкадыңарбы?
Жумабек: - Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө барып орун алат. Кээ бирине сөзү жагат, кээсине обону, аранжировкасы жагат дегендей. Ырлар тууралуу сын-пикир уга алган жокпуз, бардык ырлары жакшы экен деп жатышты. Бирок, албетте тушоо кесүү концерти болуп жаткандан кийин уюштуруу жагынан убакыттын тардыгына байланыштуу бир аз кемчиликтер байкалды.
- Алдыда кандай пландарыңар бар?
Нурлан: - Дагы да болсо ырларды жаратабыз жана 9-май Улуу Жеңиш майрамына карата концерт берсекпи деп камданып жатабыз.
Сагын: - Ошондой эле жай айларында клип тарттырабыз.
Гүлзат Садырбек кызы