Маарипатхан Мойдунова, Кургак учукка каршы борборунун директору:

"Кургак учук менен ооруган адам сөзсүз айыгат"


24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күнү. Бул күнү биздин өлкөдө кандай иш чараларды алып барышат экен деген суроо жаралып Бишкек шаардык кургак учукка каршы борборунун эшигин кактык. Биз барганда оорулуулардын саны арбын, эшикте кезек күтүп турушкан экен. Кезек күткөн дарылануучуларга суроо узатканыбызда бир ооздон дарыгерлерге алкыштарын айтышты. Жаш кадрлардын жоктугунан бул жерде эң алды 50-жыл иштеп, өмүрүнүн жарымын ошол жерден өткөрүп бирок, өкмөт тараптан эки барак кагаз албаганы бизди таң калтырып турду. Жалпы оорукананын абалы боюнча Кургак учукка каршы борборунун директору Маарипатхан Мойдунова эже менен маек курдук:

Кургак учуктан каза болгон атактуулар
Атактуу жазуучу, адабият сынчысы В.Г. Белинский 36-жашында каза болгон.
Мерседес Еллинек 39-жашында дүйнө салган. Кийин атасы Эмиля Еллинек кызынын атын өз фамилиясын алып "Еллинек- Мерседес" болуп атанып алыптыр. Атасы кызынын атына катталган тарыхта эң алгачкылардан экен. Бул айымдын атынан азыркы тапта унаа чыгып келет.
Атактуу жазуучу Франц Кафка узак убакыт бул оору менен жабыркап жүрүп 40 жашынан дүйнө салган.
Орус Хоккей оюнчусу Ю. Равнеюк 30 жашынан каза болгон.
Украин жазуучусу Л. Украинка 32-жашында каза болгон.
"Оскар" сыйлыгынын эки жолку ээси Англиялык атактуу актриса Вивьен Ли 53 жашында көз жумган.
Бонапарт Наполеон биринчинин уулу Наполеон экинчи да бул оорудан 21-жашында көз жумган.
Атагы таш жарган драматург А. П. Чехов 44-жашында көз жумган.
Ал эми кыргыз элинин тарыхында калган атактуулардан акын Алыкул Осмонов жана Рыспай Абдыкадыров кургак учук менен жабыркашкан.


- Кургак учук боюнча жылыга канча адам каттоого алынат?
- Шаардык кургак учук борбор болгонуна байланыштуу бул оору менен жабыркагандар бизге кайрылышат. Мурда калктын саны аз болчу. Азыр миллиондон ашык элди тейлейбиз. Жыл сайын орто эсеп менен миңдин тегерегинде оорулуу катталат. Алардын ичинен өспүрүмдөрдүн арасынан былтыр 101 оору табылган. Мурдакы жылга салыштырмалуу оорунун саны чоңдор арасында өскөн жок, ал эми өспүрүмдөр арасында бир жарым эсе көбөйүп кетти. Биринчи себеби ички мигранттардын көптүгү, экинчи себеби өспүрүмдөрдүн жаш өзгөчөлүгү. Өспүрүм учурда гормоналдык алмашуу болуп, бала мезгилден өспүрүм мезгилге өтүп жаткан учурда ооруну өзүнө бат кабыл алышат.
- Кургак учукка кабылган адамдар айыкпай калабыз деп ойлошот. Негизинен толук айыкса болобу?
- Бул оору менен жабыркаган баардык адамдар берилген дары-дармекти убагы менен ичип, догдурдун айтканын кылса сөзсүз айыгат. Кээ бир адамдар оору башталганда келет, бир аз жакшы болуп калганда дарыны ичпей таштап коёт. Ал оору качандыр бир кезде кайта кармайт. Анан бул өтмө ооруга айланат дагы ичип жаткан дарыны оору палочкасы тоготпой калат. Ошол себептен ооруп калган адам сөзсүз түрдө толук дарыланышы керек. Өнөкөт оору менен ооруп калып, убагында жакшы дарыланбаган адамдар ооруп жүрө беришет. Бирок бул ооруга жакшы мамиле кылса сөзсүз түрдө толугу менен айыгат.
- Кандай адамдар көп оорушат?
- Шаарга башка аймактардан келип балдарын багыш үчүн базарларда, оор жумуштарда иштеп, ачык асмандын алдында туруп ооруп калып жатышат. Бизге кайрылгандардын 48% ички мигранттар. Калгандары аракечтер, баңги затын колдонгондор. Ал эми бийлик бутактарында отургандар жана ырчы, таланттуу адамдардын арасында ооруга чалдыккандары бар. Бирок булар бат сакайып кетишет.
- Сырттан экспорттолуп келген товарлардан бул оорунун кандайдыр бир палочкалары келет дешет?
- Жок. Кургак учук оорусу эч кандай экспорт товар аркылуу келбейт. Баарыбызга белгилүү болгондой аба аркылуу жугуучу оору.
- Канча убакыт дарыланышат?
- Кыргызстан боюнча "ДОТС плюс" деген проект бар. Ушунун негизинде өнөкөт формасы менен ооруган ооруларды баардык региондордо дарылап жатабыз. Оорунун туруктуу дарылана турган мезгилинде дарылануу өтө кымбатка түшөт да 8-24 айга созулуп, дарылануу мөөнөтү узак болот. Дарылануучу ар бир дарыны бекер алышат.
- Мамлекет тарабынан кандай көңүл бөлүнөт?
- Өкмөт Кургак учукта иштеген дарыгерлердин айлыгын толугу менен бөлүп берет. Андан тышкары оорулууга дары-дармегинен тышкары тамак-аш, гигиеналык тазалык үчүн самын, айна, шампунь сыяктуу каражаттарды жардам катарында берип маралдык жана материалдык колдоо көрсөтөт. Бул да болсо жабыркаган адамдарга чоң жардам. Социалдык оору болгондуктан буга бүткүл дүйнө каршы күрөшүп, эл аралык коомдор да жардам берип келет.
- Оорудан сактаныш үчүн кандай чараларды колдонуш керек?
- Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркулов базарлардын айланасын иреттештирип, таштандыларды тазалап баардык иш чараларды көрүп келет. Чынында оорунун эң баштапкысы таштандылардын көп болуусу. Шаарыбыз таза болсо, биздин ден-соолугубуз жакшы болот эле. Ошону менен айта кетчү нерсе ар бир жаран оорудан сактаныш үчүн туура тамактанып, коомдук жерлерден алыс болсо. Кээде аялдамаданбы же парктарданбы айтор, топтошуп турган жаштар түкүрүнүп турганын көп көрөм. Сиздердин гезит аркылуу жаштарга жалпы эле жарандарга кайрылып кетээр элем. Оорудан сактаныш үчүн коомдук жайларга түкүрүнбөсө. Бул да оорунун тарашынын негизги булагы.
- Жалпы жамааттын саны канча?
- Негизи штатка 70 оорун берилген. Азыр дарыгерлердин саны отуздун тегерегинде. Жаш кадрлардын бизге келбегенинин башкы себеби, бизде иштеш өтө кыйын, оор. Себеби жугуштуу оорулуулар менен иштешет. Көбүнчө алкоголь ичимдиктерин жана баңги зат колдонгон адамдар менен иш алып барыш керек. Ошол себептен жаш кадрлар бизге келбейт, кадрлар жетишсиз. Жаштардын эң негизги көйгөйү жашай турган турак жайы. Мисалы, алган айлыгы батиринен ашпайт. Биз түшүнүп турсак дагы колубуздан келбей жатат. Мен өкмөттөн суранып кетет элем биздин жаш кадрларга атайын жатакана бөлүнүп берилсе.
- Кургак учук ооруканасында иштеген дарыгерлер, бул оору менен жабыркап калган учурлар болду беле?
- Менин ак халат кийип иштегениме отуз эки жыл болду. Мен жетекчи болуп келгенимден бери бир лаборант кызыбыз ооруп калды. Ал 1999-жыл болчу. Андан бери кудай сактасын андай көрүнүш кайталана элек.


Жаз-Айым Айдекова