А.Чепиков - чемпион! Биздин Канат - үчүнчү


Александ Чепиков - Юрий Пащинский - 7:4
Бишкекте дүйнөлүк чемпионат аяктады. Ага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн 100 дөн ашык спортсмен катышты. Чемпионатты Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаев ачып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалады. Ал эми финалда эки россиялык- Александр Чепиков менен Юрий Пашинский беттешип, анда Александр Чепиков жеңишке жетишти.
Финалдык оюнда адегенде Юрий Пащинский 4:1 эсебинде утуп жаткан. Бирок Чепиков жеңишти бергиси келген жок. Ал бешинчи партияны утуп, эсепти кыскартса, Ю.Пащинский кайрадан алтынчы партияны утту. Ошентип, алты партиядан кийин Юрий 4:2 эсебинде алдыда келатты. Көрүүчүлөр эми Юрий чемпион болот деп жатышты. Бирок, андай болгон жок. Анткени, андан кийин оюн толугу менен өзгөрүп, Александр жеңе баштады. Сегизинчи партияда ал атаандашын кууп жетип, тогузунчу партияда алдыга чыкты - 5:4. Финалдык оюн дагы курчуду. Акыркы партияларда эки оюнчу тең ката кетирип жатышты. Акыры, бул жолу А.Чепиковдун даярдыгы мыкты экен, ал жеңип чыкты да өзүнүн карьерасында биринчи жолу дүйнөнүн чемпиону болду.
Бишкекте өткөн дүйнөлүк чемпионаттын финалисти Юрий Пашинский финалга чейин Максим Панды - 5:4, андан кийин казакстандык Даурен Урынбаевди 5:1 жана жарым финалда дүйнөнүн былтыркы чемпиону Никита Ливаданы уткан. Ливада быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын башында биздин атактуу чемпионубуз Каныбек Сагынбаевди жана финалда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Александр Паламарды (Украина) утуп жарым финалга чыккан.

Каныбек жокто Канат бар
Ал эми биз үчүн кыргызстандык Канат Сыдыковдун коло медалды жеңип алышы өзүнчө эле жаңылык болду. Анткени, биз жеңишти биринчи кезекте Каныбек Сагынбаевден күтүп жатканбыз. Тилекке каршы жакында Кыргызстан бильярд федерациясынын президенти болгон Каныбек ушул чемпионатты уюштуруу маселелерин чечүү менен алек болуп, мелдешке жакшы даярданбай келгени билинди. Бирок бул жолу Каныбектин ордуна бизде Канат бар экен. Ал өзүнүн мыкты даярдыгы жана чеберчилиги менен коло медалга татыктуу болду. Канат буга чейин беш жолу эл аралык мелдештерге жана үч жолу дүйнөлүк чемпионаттарга катышкан. Быйылкы турнирде ал бардыгы 8 оюн өткөрүп, адегенде белоруссиялык Евгений Салтовскийди - 4:0 эсебинде утуп, экинчи турда Дмитрий Григорьевге (Казакстан) 1:4 эсебинде утулуп калды. Бирок андан кийин ал беш оюнду катары менен - Рауф Мустафевди (Азербайжан)- 4:3, Серик Саутовду - 4:2, өзбекстандык Александр Сидоровду - 4:2, россиялык Михаил Дельдиновду - 5:3 жана Ярослав Тарновецкийди (Украина) - 5:2 эсебинде утуп жарым финалга чыкты. Тилекке каршы финалга чыгуу үчүн болгон оюнда биздин бильярдчы болочок дүйнө чемпиону Александр Чепиковго (Россия) 5:6 эсебинде утулуп, 2011-жылкы дүйнө чемпиону россиялык Николай Ливада менен 3-4-орунду бөлүп алды.
Ал эми быйылкы чемпионатка Кыргызстандын атынан катышкан Дастан Лепшаков, Болот Рустамов, Рысбек Асанбеков, Нурбек Эшбаев, Санжар Тукешев,Улукман Карагулов, Азиз Мадаминов сыяктуу спортсмендерибиз - 65-96-орундарды ээлеп, Ызатбек Ратбеков 17-32-орунга чыкты.

"Кабылан" биринчи орунду ээледи
Борборубуздагы "Аккула" ат майданында "Нооруз" майрамына карата "Көкбөрү" боюнча турнир өттү. Ага республикабыздын түндүк региондорунан тогуз команда катышып, беш күнгө созулган кызыктуу мелдеште "Кабылан" (Ысык-Көл) командасы биринчи орунду ээледи. Финалдык оюнда ысык көлдүктөр Сокулук районунун "Кожомкул" командасын 1:0 эсебинде утту. 2012-жылдагы "Нооруз" турниринин жеңүүчүсү "Кабылан" командасы алтын медаль, биринчи даражадагы диплом жана 130.000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. "Кожомкул" командасы - күмүш медаль, экинчи даражадагы диплом жана 100.000 сом, үчүнчү орунду ээлеген "Бөрүлү" (Сокулук) - коло медаль, 3-даражадагы диплом жана 70.000 сом жана "Суусамыр" командасы 50.000 сом менен сыйланды. Ошондой эле "Нооруз" турниринде жеке сыйлыктар да (5 миң сом) ыйгарылып, "Кабыландын" "Торпедо" жана "Кожомкул" командасынан "Орлик" деген эки ат турнирдеги "Мыкты ат", ал эми Урмат Мусаев ("Кабылан") - "Мыкты оюнчу" деп таанылды.

Ат чабыш
"Нооруз" майрамында республикалык "Аргымак" ат чабыш федерациясы да өзүнүн 2012-жылкы сезонун ачып, борборубуздагы "Аккула" ат майданында кыска аралыкка ат чабуу, кунан чабыш, кунан жорго, топ байге, бышты жорго, аламан байге оюндары өттү. Анан да "Аргымак" федерациясы өзүнүн жетекчисин алмаштырып, Манас Акматбековдун ордуна ЖК депутаты Канат Исаев "Аргымак" ат чабыш федерациясынын президенти болуп келген. Күйөрмандар билгендей Канат Исаев былтыр жылдын аягында М.Конгантиевдин ордуна "Көкбөрү" федерациясынын да жетекчиси болуп шайланган. Эми ал эки федерацияны бир жетектейт. Эмесе, ат оюндар мелдешинин жыйынтыгы менен таанышыңыздар.

Ш. Касенов президент болду
Өткөн жумада борборубуздагы "Хаят" мейманканасында кыргыз спортунда биринчи жолу олимпиадачылар ассоциациясынын конференциясы өттү. Ага бул ассоциациянын бардык өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Конференциянын негизги максаты - Ассоциациянын президентин жана президиумду шайлоо болду.
Жыйынтыгында Кыргызстан олимпиадачылар ассоциациясынын президенти болуп бир добуштан Шаршен Касенов шайланды. Ал эми Саламат Эргешов менен Нурбек Сыдыгалиев вице-президент болушту.

Ассоциациянын негизги максаты:
- ветеран-спортсмендерди социалдык жактан колдоо;
- аларды жумуш менен камсыз кылып, материалдык жардам берүү;
- олимпиадачыларды Кыргызстандын спорт турмушуна активдүү катыштыруу.
Жана ошондой эле Кыргызстан курама командасына быйыл 2012-Лондон олимпиадасына жакшы даярдануусуна көмөк көрсөтүү дейт Ш.Касенов. Анан да Олимпиадачылар ассоциациясы Улуттук Олимпиада Комитети менен тыгыз иштей тургандыгы айтылды.
"Олимпиадачылар" коомдук уюму - Кыргызстан олимпиадачылар ассоциациясы 2011-жылы февраль айында официалдуу түзүлгөн. Учурда анын катарында 78 адам катталган. Кыргызстанда учурда олимпиаданын эки чемпиону жашайт. Алар Каныбек Осмоналиев (Москва-80) менен Урматбек Аматов (өспүрүмдөр арасында). Жаңы ассоциацияга спорттун ар кайсы түрлөрүнүн өкүлдөрү мүчө боло алышат.
Конференцияга Кыргыз өкмөтүнүн финансы министри Акылбек Жапаров да катышып, ал 2012-жылы кыргыз спортунун бюджети көбөйтүлүп,368 млн.сомду түзгөндүгүн жана быйыл Кыргызстан курама командасынын Лондон олимпиадасына баруусу үчүн кошумча каражат бөлүнгөндүгүн айтты.