Студенттин үйү

Жатакана


Студенттин жашоосу жатаканада кызыктуу өтөөрү баарыбызга маалым. Жатакана өз үйү болуп, кээде ач, кээде ток күндөрдүн күбөсү болгон жаркын келечек студенттердин жашоосу биздин жамааттын да бүйүрүн кызытып келет. Ар бирибиз бул турмуштун даамын таткан соң алардын жашоосун, көйгөйүн, маселесин элге жеткирип туруу үчүн студенттин жашоосунан кабар берип келебиз. Бул жолу маданияттын башкы булагы болгон Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун жатаканасынын каалгасын кагып, босогосун аттадык. Эшиктен киргенде саламыбызды суз кабыл алган Айсаара атту вахта кызматкеринин орусчалап сөгүп, кагынып-силкингени эле болбосо калганы баары ойдогудай экени байкалып турду. Жатаканага кире бергенде дубал бетин ээлеген залкар бийчи Бүбүсара эженин мээримдүү карап турган сүрөтү адамдын жүрөгүнөн оорун алат.


Cтуденттердин экинчи апасы болгон камендант Жаңыл Амантурова келип, жылуу учурашып буларды айтып берди:
- Жатаканага кандайча келип калдыңыз?
- Өзүм искусство адамы болом. "Кызды башка үчүн төрөйт" дегендей, кыз киши болгон соң өз турмуш жолумду таап, үй-бүлө күтүп, башка өлкөдө жүрдүк. Ортодо бир аз тыным болгон соң, көксөп жүргөн тилегим орундалып, эми кайта маданият чөйрөсүнө аралашып, студенттер менен иш алып барып калдым. Ал эми жатаканада 2007-жылдан баштап иштеп келе жатам.
- Студенттер менен иш алып барыш оор болсо керек?
- Ар бир жумуштун өзүнчө түйшүгү, өзүнчө кыйынчылыгы болот. Өзүмдүн үч балам болсо, жатаканада 140 балага да энемин. Энемин дегенимдин себеби, бул жерде жашаган студенттердин көбү алыскы жерлерден келишет. Ата-энеден алыстап аларды сагынышат. Ар бир баланын ар башка кулк мүнөзү бар. Баарынын кабак-кашын карап мамиле кылуу керек. Анын үстүнө чыгармачыл адамдын жүрөктөрү жумшак, өтө назик адамдар келишет.
- Студенттер үчүн кандай кызыктуу нерселерди өткөрөсүздөр?
- Жаңы жылдын алдында концерт берип, андан тышкары эң таза, эң мыкты бөлмө наамдар менен сыйладык жана "уйкучу", "жалкоо студент" деген тамашалаган наамдарды ыйгардык. Муну менен студенттерге тамаша жана тарбиялык иштерди жүргүздүк. Майрам сайын бий кечелерин өткөрөбүз. Ал эми Нооруз майрамда чогулуп сүмөлөк кайнатабыз. Кыскасы студенттер үчүн көп нерсе жасап берүүгө аракет кылып келебиз.
- Сиз келгенден бери өз колуңуздан кайсы таанымал таланттарды учурдуңуз?
- Менин колумдан С. Көчөрбаев, К. Чокоев, Э. Өскөнбаева, К. Көбөкова, С. Садыралиев, М. Иманбеков, Ч. Мырзаев өңдү жаш таланттар кетишти.
- Маданияттын каймактары азыркы күнгө чейин жашап келишет деп угуп келебиз. Учурда кимдер жашап жатышат?
- Маданияттын оор жүгүн көтөрүп келген инсандарыбыз жашаган. Азыркы тапта студенттерге тарбия берип жүргөн эже агайлар жашашат. Жакында эле мамлекетибиз манасчыларга үй бергени Самат Көчөрбаев бул жерден кетип жатат. Андан тышкары көп жылдан бери опера театрдагы хорду жетектеп келген Карагул Тиленчиев агайыңардан тартып жандуу үн менен ырдап өз талантын тартуулап келе жаткан "МузАман" тобунун жаш ырчы жигиттери, көптөгөн маданият кызматкерлери жашашат.


Негизинен жатакана ичи абдан жылуу, ремонт иши да заманбап жасалып ар бир студентке шарт эң мыкты түзүлүп берилиптир. Алдыбыздан чыккан студентке суроо узатканыбызда мындай деп жооп берди:


Нурзат. 3-курстун студенти:
- Канча жылдан бери жашайсың?
- 3 жылдан бери жашап келем.
- Кандай көйгөйлөр бар?
- Бул жерде эже-агайлар менен студенттердин ортосунда чогулуш өтүп келет. Бизге ушул суроо берилгенде ар бир бөлмөдөгү эски кроваттар жөнүндө айтканыбызда бизге стол, стул, диван, шкаф комплект мебель киргизип жайгаштырып беришти. Жатакананын актовый залын оңдотуп андан тышкары жаңы аппарат менен камсыз кылды. Бул үчүн жетекчилерге баардык студенттердин атынан ыраазычылык айта кетмекчимин. Ар бир майрамдарда да бизди куру калтырбайт.


Адика, 3-курстун студенти:
- Жатаканада кандай көйгөй бар?
- Студенттердин көйгөйү бул каттала эле. Жыл башында үч күнгө жалпы жашоочуларды таратып дарылап, тазалап чыгышкан. Азыр анын карааны да жок.
- Кандай шарттарды түзүп беришет?
- Башка жатаканаларга салыштырмалуу эң сонун. Душ, ысык, муздак суу, ашканада газ бар. Биз чыгармачыл чөйрөдөн билим алабыз. Ошону эске алып атайын даярданчу бөлмө беришкен. Себеби, бир бөлмөдө үч студент жашаса, ар бири ар башка факультеттен. Бирибиз ырдасак, экинчибиз роль жатташыбыз керек. Ал эми үчүнчүбүз дагы башка. Мен мисалы группалаштарым менен чогуу алдындагы атайын сабак окуп даярданчу бөлмөгө барып сабак окуганга мүмкүнчүлүгүм бар. Бул да болсо студенттер үчүн жакшы. Иштеп жаткан адамды иштейт, студенттер үчүн көп нерсе жасайт деп айтыш керек. Эже-агайларыбызга рахмат биз үчүн көп нерсе жасашты.


Жаз-Айым Айдекова