Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_9.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_9.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_9.htm on line 12

Исхак Айтмырзаев, KICB банкынын кредиттик эксперти:

"Бизде суицид кылгандар жок"


- Сиздерде кредит алуу шарттары кандай?
- Бизде кредит берүүнүн үч тиби бар, биринчиси ипотекалык кредит, мында үй алганга берилет. Экинчиси, бизнес кредит, бул жүргүзүлүп жаткан бизнеске берилет. Үчүнчүсү, керек-жарак кредити, бул бизнестен тышкары кандай максатта болбосун берилүүчү кредит. Ипотека боюнча эң төмөнкү жылдык ставка 16дан 19 пайызга чейин. Ипотека боюнча кардар 40 пайызын өзү алгач төгүүсү зарыл. Керек-жарак кредитти алуунун шарттары мындай, 17ден 22 пайызга чейин ставка, кыймылсыз күрөө коюу керек, баа наркынын 50 пайызын бере алабыз, кирешени аныктоо керек. Жүргүзүлүп жаткан бизнеске кредит берүүдө жарым жыл кирешелер бизнесте иштеш керек, мында дагы кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлат, ставкалары болсо 16дан 27 пайызга чейин суммадан көз каранды болот.
- Адамдар кайсыл типке көбүрөөк кайрылышат?
- Негизгиси кардарлардын жарымы бизнести өнүктүрүү максатында кредиттерди көбүрөөк алышат, калгандары ипотекалык жана керек-жаракка алышат.
- Күрөөгө эмне коюуга болот?
- Там же квартираларды коюуга болот. Автоунааларды коюуда ала турган кредиттин суммасы аз болот, болжолу 2 миң доллардан азыраак.
- Керектүү документтерди чогултууда кыйынчылыктар жеңилдетилгенби?
- Кыргызстандагы банк системасын алып карай турган болсок, биздин банкта бюрократиялык суроолор эң жеңил, базалык документтерди гана талап кылабыз. Документ топтоонун тизмеси өтө эле кичинекей. Болгону базалык документтер керек.
- Кайрылгандар көп элеби?
- Көп эле. Биздин банк 2001-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн аткарып келатат. 2005-жылдан баштап кредит берүү иштерин кошо жүргүзүп келатабыз.
- Маалымат айдыңында "көп адамдар алган кредиттерин кайрып бере албай, суицид кылып жатат" деген маалымат жүрөт, сиздерде мындай фактылар кездешкен эмеспи?
- Жок, мындай факты болгон жок бизде.





Маалымат үчүн

Кыргызстанда банк системасынын түзүлүү тарыхынан
Кыргызстанда акча чыгаруу эң алгач Токмок шаарынан алыс эмес Ак-Бешим деген шаарчада пайда болгон. Кыргызстандын аймагында X-XI кылымдарда, Караханиддер династиясынын башкаруу учурунда акча кеңири пайдаланыла баштаган. XIX кылымдарда кыргыздар Кокон тыйындарын, кийин Орусиянын акчасын колдоно баштаган. Орусиянын курамына кирүү жана жаңы административдик башкаруунун уюшулуусу менен биринчи жолу каржы жана кредит мекемелери пайда болот. 1867-жылы алгачкы: Токмок, Ысык-Көл жана Ош кассалары ачылат. 1907-жылы 24-мартта Пишпекте алгачкы жана жалгыз шаардын орто капиталдык катмарын тейлөө үчүн банк ачылат. 1931-жылы банк адистерин даярдоо үчүн Фрунзе каржы-экономикалык техникуму ачылат, 1951-жылы Кыргыз Мамлекеттик университети ачылып, ал жерден жогорку квалификациялуу адистер даярдала баштайт.

Азима АКУНОВА




Биз Ганси боюнча элдин пикирин жыйнап жүргөндө "Менин дагы айтаарым бар",-деп орто жаштагы аял жаныбызга басып келди. Бирок, бул аялдын маселеси Ганси тууралуу эмес экен. Өз оозунан угалы.
Бүбүакылай Айтемирова, жабырлануучу:
- 54 жаштамын, пенсия албайм. 2011-жылы июль айында үй салып алуу максатында 100 миң сом кредит алгам. Июлдан бери карай төлөп келе жаткам, акыркы декабрь айынан бери төлөй албай калдым. Себеби, "Ош" базарында (Бейшеналиев-Киев) "Беш-Сары" соода борборунун тегерегинде жашылча-жемиш саткан соода орунум бар эле. Эч себепсиз Жолдошбаев Камчыбектин кишилери келип "Бул жерден кеткиле" деп коркутуп, кубалап жатат. Уятсыз сөздөр менен сөгүнүп эч кеп-сөзгө келбей туруп алды. 4 баланы улам-улам жиберип коёт, өзү да чыгып атат. Жанымда соода кылгандар турганына карабай, бизге гана келип эч себепсиз кысым көрсөтүп жатат. Коробкаларды, алма, мандариндеримди чачты, жулмалашып таразаны сындырды. Ал базарында 15 жылдан бери чалым дворник болуп иштеп, кийин ден соолугуна байланыштуу иштебей калган. Же ошого өчөшүп жатабы деп да ойлодум. 4 айдан бери кредитимди төлөй албай калдым, ал жактан ар күн сайын чалып жатат. Кээде телефонду да албай коюп атам. Эми эмне айла кылам билбейм, бирден-бир жан сактап жаткан жерим болсо. Эми алган кредитимди кантип төлөйм? Ушул себептен ушул Акүй алдына келип олтурам, мени укчу бирөө болоор бекен?!


Гүлзат Садырбек кызы





 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика