Кредит алып жан кыйгандар көбөйдү


Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында КирТАГ маалымат сайтына Кыргызстанда кредит алгандар төлөй албай калып, массалык түрдө өзүн-өзү өлтүрүп жаткандары тууралуу маалымат жарык көрдү. Бул тууралуу "Кутман Жол" коомдук бирикменин жетекчиси, "Мекен Ынтымагы" партиясынын аймактык өкүлү Эрланбек Өмүралиев кабарлаган. "Нарын шаарында эле акыркы эки жылда 11 адам өз өмүрүнө кол салган. Расмий маалыматтарга ылайык, Нарын шаарынын 90 пайыз калкы микрокредиттик уюмдардын, микрокредиттик союздардын, коммерциялык банктардан кредит алган адамдар болуп саналат. Ошондуктан, ар бир жашоочуга 2 кредит туура келет. Бир адамга 5-8 кредит катталган учурлар аз эмес",- дейт Э.Өмүралиев. Анын айтымында, кредиттин айынан аймактагы үй бүлөөлөрдүн 30 пайызы бузулууда. Коомдук бирикменин изилдөөлөрүнө таянсак, Россия жана Казакстандан кыргыз мигранттарынын акча которууларынын 60-70 пайызы мурда алган кредиттерди жабуу үчүн кетет. "Бул мина акырындык менен таасир берет, Нарында 4 каршы пикет болду. Эл моралдык жана материалдык жабыркоого жетти. 24-70 пайыздык жылдык жогорку ставка жакыр калкты акыры жокчулукка алып баруу максатыбы деген пикир жаралбай койбойт экен. Жергиликтүү экономисттер жылдык ставканы 10-12 пайыздан жогорулатпоо керек экендигин айтышууда",-дейт Өмүралиев.
"Демократия үчүн жана жарандык коом коалициясынын" аймактык төрагасы Шамил Мураттын айтымында, бул көйгөй Таласта дагы жок эмес. Акыркы 2 жыл ичи кредиттерин төлөй албай калып, көп балалуу 6 эне өз өмүрлөрү менен кош айтышкан. "Таласта 70 пайыз калк расмий түрдө кредит алуучулар болуп саналат, 4 кредит алганга чейин катталгандар бар. Адамдар бир уюмдан кредит алышат, кийин башкалардан алышат, биринчисин кутулуу үчүн, ошентип айланып отуруп, карызга батышып, мүлктөрүнөн жана каражаттарынан айрылышат. Мына ошондуктан, пайыздык ставка 60тан 80пайызга чейин өйдө-ылдый болууда", -дейт Ш.Мурат. Мындан сырткары, Балыкчыда 75 пайызга жакын адам карызга батып эзилүүдө, 17 адам үйлөрүнөн ажыраган.
Микрофинансы тармагындагы эксперт-аналитик Эркинбек Абдиразаковдун айтымында, адамдардын өлүмү микрокредиттик уюмдардын күнөөсү үчүн болду деп айтуу кыйын. "Далилдөөчү база өтө начар, кайсыл гана микрокредиттик уюм, коммерциялык банк болбосун, муну жокко чыгара алат. Коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын кызыкчылыктары кредит алуучулардын кызыкчылыктарынан дагы мыкты корголгон. Баардык микрокредиттик фирмалар жогорку пайыздык ставканын эсебинен жогорку кирешелерге ээ. Түштүктө алар жылына 18ден 45 пайызга чейин өйдө-ылдый болуп турат. Көпчүлүгү үй-жайсыз калышты",-дейт Э.Абдиразаков. Анын айтымында, кредит алуунун пайдасыз шартына карабастан, калк жакырчылыктын айынан кредит алууга аргасыз. Учурда 35 пайыз калк ар кандай микрокредиттик уюмдардын кредит алуучулары, ошону менен катар эле 30 пайызы алган суммасын кайтарып бере алышпайт. "алардын үйлөрүн алып коюшууда, бирок, адамдар соттошо алышпайт, анткени алар соттук чыгымдарды жаба алышпайт", -дейт эксперт.
"Жогоруда айтылып жаткан суицид фактылары боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес, анткени өлүм алдындагы жазып калтырылган каттардын бар экенине карабастан, бир дагы микрокредиттик уюмдардын күнөөлөрүн далилдөө мүмкүн эмес. Көпчүлүк өзүн-өзү өлтүргөндөр эмгекке жарамдуу 25-45 жаштагы аялдар жана эркектер".
Кредит болбосо жашоо кыйынбы же кредитсиз жашоо кыйынбы?
Жакында эле экс-президент Индия менен Бангладеш өлкөлөрүнө барып микрокредиттөө боюнча жетишкендиктерин көрүп, жакындан таанышып келди. Роза Отунбаева: "Жакырчылыкка каршы микрокредиттөө деген негизги инструмент. Бул жер жүзү боюнча таанымал. Мисалы, Кыргызстанда микрокредиттөөнү он эле пайызга берип жатабыз. Бангладеште элге 75 пайызга берилет экен. Ал эми Индия, Кытай ошол эле Орусия, Казакстанда жакырларды микрокредиттөөгө жете элек. Алар чоң бизнес менен ыраазы болуп атышат. Чынында эле жакырчылык деген адамды кемсинткен нерсе",-деп, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухамед Юнусту микрокредиттөөнүн атасы деп атап, "Микрокредит - адамдын укугу. Кредит болбосо, жашоо кыйын болот", - деген сөзүн мисал келтирет "Азаттык" үналгысына берген маегинде. Экс-президенттин айтымында, Кыргызстанда араң эле он пайыз микрокредит берилет жана жакыр жашагандар депозит алганга муктаж.
Акыркы 5 жыл ичинде микрокредиттөө уюмдарынын жалпы саны 1,5 эсе өсүп, кредит портфели 5 эседен ашык өскөн, калкты тартуу1,4 пайыздан 6,8 пайызга чейин өскөн. Активдердин үлүшү 25 пайыз, кредиттик портфель болсо 45-50 пайыздын чегинде өйдө-ылдый болуп турган. Активдүү кардарлардын жалпы саны 400 миң адамды түзөт. Жыл сайын мамлекетке ири микрокредиттик уюмдар чет элден ондогон миллион долларларды инвестиция түрүндө тартышат. Финансы аналитиги Улан Мусалиевдин билдиргенине караганда, бул жыйынтыктардын негизги фактору болуп коммерциялык банктар менен салыштырганда микрокредиттердин артыкчылыгы - жетиштүү күрөө мүлкү жок, кирешеси аз элеттерде жашаган калктын калың катмарына кеңири жеткиликтүү болгонунда. Микрокредиттөө уюмдары айыл чарба жана майда соода жүргүзүүнү тейлейт жана өтө кооптуу болгондуктан, бул кызмат көрсөтүү секторунун мындан ары өнүгүүсүнө коркунучтуу. Базар атаандаштыгы жана калктын каржылык билимсиздигинен улам көптөгөн кардарлар бир эле убакта бир канча компаниялардан кредит алып, башка кредиттерин жабышат. Бул тенденциянын тездешине байланыштуу микрокредиттөө рыногунун туруктуулугу коркунучка кептелип, сырткы таасирге туруштук бере албаган деңгээлге жеткирет.