Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_6.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_6.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_6.htm on line 12

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:

"Чиновниктердин эшигин каккылап жүрдүк"


Парламентте гендердик маселени көтөрүп молдолорду чуу кылган Айнуру Алтыбаева. Депутат айым азыр да ала качуу боюнча мыйзамды жазып жаткан учуру экен. "Кылмыш кодексин анализдеп көрсөм 123 статья бар, адам уурдоо жазасы 10 жыл, мал уурдоо деген статья бар ал жерде жазасы 11 жылга чейин экен. Малды уурдап кетсе 11 жылга чейин, ал эми кызды ала качып кетсе эң чоң жазасы 3 жыл экен. (!) Ошондуктан мен бул жобону өзгөртүп 10 жылга чейин каралсын деп чыгарып жатам" деди Айнуру айым.

- Айнуру айым, кайсыл жактын, кандай жердин кызысыз?
- Түштүк жергесинин кызымын. Ош шаарында төрөлүп өскөм. Ата-энем экөө тең мугалим болчу. Кийинчерээк атам партия кызматкери болуп кетип, райком, райисполком болду. 3 бир туугандын кичүүсү болуп абдан эрке өстүм.
- Ата-энеңиз эрке кызынын ким болушун каалачу?
- Атам мага мамлекет экономика жактан күчтүү болсо өнүгөт деп айта берчү. Ошондуктан мен 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика бөлүмүнө тапшыргам.
- Канча уул-кызды тарбияладыңыз?
- Бир кызым, бир уулум бар. Кызым АУЦАны бүткөн, банкта иштеди, азыр жолдошу менен Америкада жашайт. Жайында келишет го буюрса. Уулум да окууну бүткөн, банкта иштейт.
- Кандай кайненесиз?
- Жалгыз уулубуз былтыр эле үйлөндү. Аябай сүйүндүм. Келиним да мен күткөндөй, оюмдагыдай келин болуп чыкты.
- Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жолдошуңуз тууралуу айтсаңыз?
- Жолдошум менен бирге окугам. Кесиби боюнча бухгалтер. Бүгүнкү күнгө чейин кесиби менен иштейт. Жолдошума абдан ыраазымын. Коомдук иш көп убакытты талап кылат, баарын туура түшүнүп колдоп келет.
- Түштүктүн кызы болсоңуз эшиктин алдын шыпырып, салтты кармайсызбы?
- Сөзсүз. Бир жарым эле жыл болду келин алып колум узарып калганына. Ага чейин бардык ишти өзүм жасачумун.
- Ашканада кайсы тамакты катыра жасайсыз?
- Жолдошум, балдарым айтмакчы пловду түрлөп зире сыяктуу кошумчаларды кошуп жакшы басам.
- Үй кызматчыңыз барбы?
- Үй кызматчым жок, үйдөгү иштерди өзүм кылганды жакшы көрөм. Үйдөгү бардык шарттарды жолдошум түзүп берген.
- Лидерлик сапат качан ойгонгон?
- Мектепте жакшы окуп, коомдук иштерге көп аралашчумун. Ошол учурдагы комсомол уюмунун катчысы болчумун.
- Жаш кезиңизде кандай элеңиз?
- Жаш кезде чачым узун, арык, көзүм көк, фигурам жакшынакай эле.
- Кайсы фирманын косметикасын колдоносуз?
- Бир линиянын косметикасын колдонбойм. Ылайыктуусун ала берем. Бирок, француз духисин аябай жакшы көрөм.
- Эң кымбат жана эң арзан кийимиңиз канча турат?
- Уулум үйлөнүп атканда Дильбар деген дизайнердин дүкөнүнөн колго сайылган сайма менен этникалык стилдеги көйнөктү 12000 сомго сатып алгам. Мына ошол көйнөгүм кымбат деп айтсам болот го. Кимгедир бул сумма аз көрүнөттүр, айлыкка жашаган депутаттардын катарында болгондуктан мен үчүн бул кымбат болду.
- Бай адамдардын катарына киресизби?
- Байлыкты ар-кандай мааниде түшүнсө болот, материалдык жактан мен андай адамдардын катарында эмесмин.
- Машина айдайсызбы?
- Айдоочулук күбөлүгүм бар, айдайм. Бирок, айдаганга машинем жок. Уулумдун машинесин керек кезде айдап калам. Биринчи жолу 1995-жылдары Оштогу курсту бүткөндөн кийин машина айдап келе жатып МАИни көрүп өзүмдү жоготуп машинем өчүп калган. МАИ кызматкери келип толкунданбаңыз деп басып кеткен. Анан өзүмө келип секин айдап кеткем.
- Кеңсеңизге Манас бабабыздын сүрөтүн, кыргыз саймасын илип алганыңыз кубандырды...
- Кыргыз болгонум үчүн сыймыктанам. Кыргыз калкы өзгөчө калк деп ойлойм. Манас бул биздин сыймыгыбыз, баалуулугубуз. Үйүмдө да ушундай саймаларды илип алгам.
- Саясаттын казанына кандайча аралашып калдыңыз?
- Ошол кезде союз ыдырап көп адамдар ишсиз калды. Нечендеген балдар, кары-картаңдар каралбай калды. Биринчи мигранттар Россияга кетип, ал жакта да дефолт болуп, тапкан акчалары инфляция болуп жоголуп ичип кетишти. Ошол кезде "Аялдар кеңеши" коомун түзгөнбүз. Канча чиновниктердин эшигин каккылап кире албай кыйналган күндөр болду. Ошентип март революциясы болуп кетти. Ал учурда биздин бирикме аябай чоңоюп, саясий партияга айланып кетти. "Биримдик" Кыргызстан демократиялык саясий партиясы болуп аталдык. Конституциялык реформа учурунда биздин партия Кыргызстан светтик, социалдык мамлекет, саясий партиялардын тизмеси боюнча аялдар, жаштар келсин деп сунуштаган элек. Анткени, 2005-жылы 3- чакырылышта ЖКда бир да аял депутат болбой калган.
- Жогоруда айтып өттүңүз кезинде чиновниктердин эшигин кагып, кабыл албай коюшкан деп. Азыр өзүңүз чиновник болгону сизге кайрылгандарды кандай кабыл алып атасыз?
- Каалаган адамдар келсе кабыл алып, колуман келген жардамымды берем.
- Отунбаеванын да жардамчысы болгон экенсиз. Экс-ажобуздан кандай үлгү ала алдыңыз?
- Чын эле Отунбаевада консультант болуп иштедим. Бир топ мыйзамдарды жаздык, Роза Исаковна фракциянын лидери болуп чоң саясий иш-чараларды уюштуруп жүргөн ошондо да чогу митингдерде жүрдүк. Эже менен иштегениме абдан ыраазымын, көп нерсени үйрөндүм. Эже ар бир ишти аябай кылдат карап, дыкат иштечү. Иштерди үйүнө да алып кетип эртеси толук ошол маселеге даяр болуп келчү. Документ менен жакшы иштечү. Таң берчүмүн. Адам катары, аял катары абдан баалайм. Курманжан Даткадан кийинки эле кыргыздын эң алдыңкы айымдарынын бири деп айта алам.
- Ажобуз бир кездери чогу кызмат кылгандарын жакшы кызматка коюп, сыйын көрсөткөн дешет. Сизге эмне берген?
- Мен шайлоого кетип депутат болуп шайланып келдим. Депутат болушума Роза Исаковнанын эч кандай тийешеси жок, өзүм коомдук иш менен алектенип партия аркылуу келдим. Парламенттик Республикада Жогорку Кенештин депутатынын ыйгарым укуктары Президентикинен күчтүү, мисалы: Президентте жок Жогорку Кенештин депутатынын мыйзам чыгаруу демилге укугу бар.
- Депутат болуу кандай экен?
- Аябай жооптуу иш. Колуман келишимче аракет кылып жатам. Депутат болуп отуруп эле кетип калбайын деп бир топ мыйзамдарды жаздым. 30дан көп мыйзам долборуунун авторумун. Андан тышкары шайлоочуларым менен көп жолугушууга барып турам. Кандай маселе болбосун чечип берүүгө умтулам.
- Оппозициялык партиялардын лидерлерине мамлекеттик жан сакчы берилиши керек деп чыктыңыз, азыр өмүргө коркунуч туула турган заман эмес го?
- Ал мыйзамдын акыркы беренесинде кийинки чакырылыштан дегенбиз. Анткени, биздин баш мыйзамда биринчи жолу оппозициянын орду көргөзүлдү. Парламенттен оппозицияда эки комитет каралат, бюджет жана коопсуздук комитети. Оппозиция күчтүү болсо парламент күчтүү болуп өкмөттү тизгиндеп турат. Оппозицияга шарт түзүшүбүз керек. Ошон үчүн мен мыйзамды жазгам.
- ТИМ мамлекеттин ичинде мамлекет болуп кетти деп чыктыңыз, муну кандай негизде айттыңыз?
- 2012-жылга республикалык бюджетин долбоорунда Тышкы иштер министрлигин бюджети 596 млн. түзөт. Мен бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү катары бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдаланганы боюнча текшерүү жүргүзүү керек деп эсептейм. Мисалга, Улуу Британияга 10 жылдын ичинде бир да жолу Президенттин жана Премьер-министирдин расмий сапары болгон эмес, бирок ошол эле учурда жылына 4 млн. сом сарпталат. Ошол эле учурда биздин эмгек мигранттар бар Россиянын Оренбург, Хабаровск шаарларында консулдук бөлүмдөрдү ачыш керектиги айтылып жатат.
Өткөндө биз Турция аркылуу Иранга учканбыз. Самолетко отураарда визаңар жок деп калтырып салды. Биз депутатпыз, официалдуу булактарга чыгып маселени чечип койдук, эгер жөнөкөй жаран болсо кандай болмок. Алардын кайдыгерлиги мени таң калдырды. Консул болгон соң жардам кылыш керек эле да. Дагы бир маселе консулдук кызмат мамлекеттик кызмат, ага конкурс аркылуу тил билген билимдүү адам келиш керек. Анан Бекназаровдун баласын эч кандай сынаксыз эле мыйзамды бузуп революционердин баласысың деп консул кылып койгон болбойт, туура эмес. Мыйзамды бузуп атасыңар деп айттым. Ар бир мамлекеттик ишке конкурс жарыяланып татыктуусу өтүш керек.
Мээрим Айталиева





 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика