Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_5.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_5.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_5.htm on line 12

Максат Жээналиев, КРнын Улуттук Карате-до "СЕТОКАН" федерациясынын(СКИФ) президенти:

"Сазанов, Шатмановдор Кыргызстанга кенедей да иш кылышпайт"


- Максат Субанбекович, Жогорку Кеңеште "Кум-Төр" боюнча комиссия түзүлдү, сиз Тоо-кен өнөр жайында 20 жылдан ашуун иштедиңиз, мамлекетибизде алтын өндүрүү эмне үчүн өнүкпөй жатат?
- Менимче, мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык программанын жоктугу, бул маселе 1992 -жылдары көтөрүлүп президенттин Указы да жарык көргөн эле. Бирок ишке ашкан жок. "Кыргызалтын" концерни уюуштурулуп, бирок, аягы элге белгилүү да. Экинчиден, инвесторлорду тартуу менен эл аралык биржа фондулары менен иштешүүгө өтүү акциялардын сатылышы керек. "Кыргызалтын" Ачык Акционердик Коому 2007-жылы концепция иштеп чыккан эле, жогортодон каралбай калып калды. Үчүнчүдөн, кадрларды тандоодогу башаламандык, бийлик башындагылардын аралашышы, эгерде башка акционерлер болушса буга тоскоолдук болот эле. Төртүнчүдөн, илимий-техникалык жетишкендиктер менен байланыштын жоктугу.
- Эмне үчүн "Кум-Төрдө" эмдигиче тынччылык болбой келүүдө?
- Чынында "Кумтөргө" байланышкан келишимдердин мөөнөтү бүткөн же бүтпөгөнүнө карабастан адистер, эл өкүлдөрү, коомчулук катышкан чоң комиссияда дыкат карап чыгуу керек. Бул маселени президент көзөмөлгө алуусу зарыл. Болбосо жыл сайын бир маселе козголуп убаракерчилик боло бериши мүмкүн. Бул маселе өтө чоң мамлекеттик денгээлдеги иш. "Кум-Төр" долбоорунда иштеп жүргөн Сазанов, Шатманов өңдүү адамдардын ээлеген ордуларын да кароо керек, алар биздин жарандар болушкандары менен өлкөсүнө кенедей да иш кылышпайт. Майда иштерге чейин талдап чыгуу менен "Кум-Төрдүн" иш процесстери ачык-айкын болуусу зарыл. Кызыккан атуулдар таанышууга акылуу да.
- Алтын өндүрүүдөгү деректирлер кеңешинин иштери боюнча эмне дейсиз?
- "Центерра голд" Эл аралык компаниясында 2011-жылдан баштап Кыргызстандан үч адам мүчө болушту. Алардын бирөө Торонтодо такай олтуруп иштейт, ал эми экөө чакырганда барып турушат. Алардын Кыргызстанга кошкон салымдары эми билинсе керек. Бул кеңеш мүчөлөрүнүн ала турган эмгек акылары биздин өлкөгө салыштырганда өтө эле чоң. Ой кетет, алардын ала турган акыларын сиңирген эмгектерине жараша кароо керек деген. "Центерранын" шарты ошондой экен дебестен алынган эмгек акынын көбүрөөк бөлүгүн балдар мекемелерине же спорт уюумдарына "өз демилгелери менен" бердирип туруу зарыл. Андай кылбаса тымпыйып жүрө беришет. Деректирлер кеңештери өндүрүшкө өз салымдарын кошкондорун маалымат каражаттарынан көрө элекпиз, ар бирибиз "мен өлкөмө эмне салым коштум" деген суроо менен жашообуз керек.
- Дегеле Кыргызстанда алтын кендеринин келечеги барбы?
- Кыргызстан эгемендүү болгондон бери геология мекемеси профессионалдуулук менен демилге кылбай келе жатат. Өлкөбүздүн кен байлыктары боюнча чоң концепция түзүүлөрү керек эле деп ойлоймун. Ташбаевден үмүт чоң, адистерди айланасына топтоп иш кылса иш жылат. Бүткүл алтын кендерин иштете берүүнүн кереги деле жок, салмактап, тактап туруп, экологиялык жагын өзгөчө карап белгилүү гана кендерди иштетүүгө чечим кылышса болоор эле. Ал эми калган алтын кендерди категорияларга бөлүп пландап, геологиялык изилдөөгө койсо деймин, кээ бирлерин такыр эле жабуу керек. АГЫНДЫ майда алтын өзөндөрдү иштетүү үчүн 2007-жылдары эле өкмөттүн токтому болгон, ал аткарылбай эле эл чаржайыт иштеп келүүдө.
- Алтын тармагында азыр эмнеге иштебей калдыңыз?
- Бул тармакта алтын өндүрүүнүн пионери "Макмалдан" баштагам.
"Кыргызалтын" ААКда вице-президент болуп туруп, 2009-жылы А.Элисеевдер менен кармашып жумуштан кетүүгө мажбур болгом.
- Спорт чөйрөсүнө аралашып келатасыз, ийгиликтериңиздер кандай болууда?
- Ооба, мен көп жылдан бери Кыргыз Улуттук Каретэ-до (СКИФ) федерациясын жетектеп келе жатамын. Ийгиликтер жакшы. Японя, Одеса, Киев, Алматы, Шымкент, Ташкент, Португалия, Грецияда жана башка шаарларда болуп, Кыргызстандын желегин желбиретип келе жатабыз. Биздин спортчулар 2010-жылы Россиянын, 2011-жылы Казакстандын кыздар арасындагы, 2011-жылы Украинанын Кубогунун чемпиондору болуп Кыргыздын желегин көтөрүштү. Эл аралык "Карате-до" ассоциациясынан кыргызстандыктардын каратистеринин техникалык даярдыктарына баа берилип, Бишкекте Борбордук Азияда чемпионат өткөрүү ишеничине ээ болуп отурабыз. Бул Кыргыз каратистеринин жана өлкөбүздүн эл аралык чоң аброю болуп саналат.
- Кыргызстандын желегин желбиретүүгө бийлик тараптан салым болуп жатабы?
- Учуру келгенде жардам болоор деп үмүттөнөм, ал жакты карап отура бербешибиз керек го. Ар бир Кыргызстандын жашоочулары "Кыргызстан менин мекеним" деп, колунан келген атуулдар өлкөнү көтөрүүгө аракет кылгандары дурус болоор эле.
Азима АКУНОВА




Урмат Аманбаева, "Республика" фракциясы, Жогорку Кеңештин депутаты:

"Мамлекеттик тил мыйзамын бузганга 20 миң сом айып салынат"


- Жаңы сунушталып аткан тил мыйзамына толуктоолордо, кыргызча билбеген мамлекеттик кызматкерлерге айып салуу каралдыбы?
- Мамлекеттик Тил боюнча мыйзам 2004-жылы эле кабыл алынган. Бирок ушул мезгилге чейин эмнегедир тил мыйзамы бир канча ирет бузулган кезде дагы ага чара көрүлгөн эмес. Мисалы, Мамлекеттик тил мыйзамынын 11-беренесинде, "Кыргыз республикасында мамлекеттик, расмий, коомдук-саясий иш-чаралар (курултайлар, сессиялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде өткөрүлөт жана расмий тилге далма-дал которуу менен камсыздалат"-деп жазылган. Бул мыйзамдар бүгүнкү күндө аткарылып атабы? Андан тышкары көрнөк-жарнактар тууралуу ошол эле мыйзамдын 27-беренесинде "Кыргыз Республикасында көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар, жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат. Башка тилдеги текстин ариби мамлекеттик тилдин арибинен чоң болбоого тийиш" деп ачык жана так жазылган. Эми өзүңүздөр күбө болгондой жарнактар ар кайсы тилде да жазылып, мамлекеттик тил колдонулбай калган учурлар көп эле болот. Мамлекеттик тил мыйзамы сакталбай, эреже бузулуп атат. Мисалы, унаа айдап баратканда, жол эрежесин бузсаң МАИ кызматкерлери айып салып, аны төлөйсүң. Эмне үчүн тил мыйзамы тебеленип, эреже бузулса эреже бузгандар айыбын тартпашы керек? Ушуну эске алып, биз мамлекеттик тил мыйзамына кошумча, толуктоолорду киргизип атабыз. Биз сунуштаган мыйзам долбоорунда, Мамлекеттик тил мыйзамы сакталбай, бузулган учурда айып салуу жана аны көзөмөлгө алуу каралды.
- Сиздер кандай долбоор сунуштадыңыздар. Мисалы, бул мыйзам мурда дагы жазылып бирок, аткарылбай келгенин айттыңыз. Азыр аткарылбаса кандай чара, ким тарабынан көрүлөт. Айып пулдун суммасы кандай?
- Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптары аткарылбаган учурда, жеке адамдарга- миң сомдон 2 миң сомго чейин, юридикалык ишканаларга 10 миң сомдон 20 миң сом көлөмүндө бузган эрежесине жараша айып салынат. Ал эми буларды мурда дагы мамлекеттик тил комиссиясы көзөмөлгө алып келгени менен, аларга чара көрүү укугу каралган эмес. Азыр ушул комиссияга чара көрүүгө укук берилип жатат.
- Эгер салынган айыпка макул болбой, төлөөдөн баш тартсачы?
- Анда сот аркылуу, мыйзам чегинде соттун чечими менен жыйынтык чыгарылат.
- Ал эми кызмат боюнча, Жогорку Сот, министрлер, губернаторлор, акимдер жана орун басарлары, статс-катчылар кыргыз тилин билбесе кызматка келе албайт деген сунушуңуздар ким тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул мыйзам иштеп кетээрине ишенесизби? Учурда иштеп аткан кыргызча билбеген жогорку кызматты ээлеген чиновниктер кызматынан чегинеби?
- Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ошол күндөн тарта кызматтагылар кыргыз тилин үйрөнүүгө аракеттенет деп ойлойм. Ал эми көзөмөлдөй турган мамлекеттик тил комиссиясы. Мыйзам кабыл алынган күндөн кийин күчүнө кирип, мамлекеттик тил мыйзамы аткарылбаган кезде жогорудагыдай айып салынып, кызматынан кетет. Негизи бул мыйзам кабыл алынганда эле кыргыз тилин билүүгө аракет кылып, чиновниктер өз абийиринин алдында уят болбоо үчүн дагы кыргыз тилин үйрөнүшөт.
- Кыргыз тилге басым кылуу башка тилдерди басмырлоого жатпайбы?
- Кыргызстанда мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланышына жолтоо болбойт. Мамлекеттик тилге болгон мамилени жакшыртуу, Кыргызстандын титулдук улутун түзгөн кыргыз элинин тилинин өнүгүшүнө кам көрүү эч кандай башка тилдерди басмырлоого жатпайт. Бул мамлекеттик тилге болгон урмат-сый.
Дайырбек Орунбеков






 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика