Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_4.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_4.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_4.htm on line 12

Ырчы Микаэлдин өлүмүнө


шектүү делген Эркин акталды


Эки жыл ичинде Эркиндин өзүндө да, үй-бүлөсүндө да эмне деген уйкусуз күндөр өткөнүн алардын жакындарынан башка кимдер билсин. Нуржамал эже уулунун толук акталганына сүйүнгөнүнөн кубанычтын көз жашын алып, кудайга, жамандык башка түшкөндө тетир басып, ара жолго таштап кетпеген жакындарына, санаалаштарына ыраазычылыгын билдирип жатты. Эркиндин күнөөсүз "күнөөлүү болгон" күндөрү буйруса бир көргөн жаман түштөй артта калды. Жаш жүрөгүндө адамга, коомго, мыйзамга болгон ишенбестиги, калпты чындай чүргөй салган мыйзам адамдарынын мерездиги, Микаэлдин денесине сайылган бычактай эле сайылып, тагы өмүр бою өчпөс болуп сакталып калды го... Белгилүү шоумен Микаэлдин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү али күнгө чейин эсибизде болсо керек. Ырчынын өлүмүнө шектүү делип анын жакын досу Эркин Турусбеков кармалганда айран таң болдук эле. Алгач 1-май райондук сотунда иш каралып, бирок жабык эшик артында өткөнүн, кийин да иликтөөдө бир катар мыйзам бузуулар болгонун кабарлаган элек. Эми минтип иликтөө иши соңуна чыгып шектүү делген Эркин Турусбеков акталып чыкты. Эки жыл аралыкта Эркиндин башынан нелер гана өтпөдү. Бул иштин аягына чыкканы көптөргө үмүт берди. Дегеним чындыгында акыйкаттык бар экен деп калдык.

- Нуржамал эже, уулуңуз Эркинди эмнеге 24-майда кармаган?
- Микаэлдин сөөгү 31-март күнү үйүнөн табылган. Бул ишти иликтөөнү Свердлов РИИБ кызматкерлери колго алышат. Мыйзам чегинде кылмышты иликтөөгө 2 ай мөөнөт берилет. Бул мөөнөт бүтүп бараткан соң кылмыш иликтөө кызматкерлери Микаэлдин жакын досу Эркин Турусбековго токтолушат. Эркинди кылмышка шектүү делгенин бирден бир себеби телефондогу смс аркылуу урушканы себеп болот. 2010-жылдын майында эртең мененки саат 11 ченде Эркинди кармап кетишкен. Кармалган күндөн тартып акылга сыйбаган мыйзам бузуулар болот. Адегенде биз шаарды түрө кыдырып издеп Свердлов РИИБ кайрылганыбызда "жок" деген кесе жооп кайтарышкан. Кийин 10- ШМБ барганыбызда, жалюздун ичинен кокустан Эркинди көрүп калдык. Милиция кызматкерлери атайын Эркинди жактоочусу менен жолугуштурбай жашырып, колу-бутун байлап терезеден алып чыгып кетишкен. Мен жактоочусумун киргенге укугум бар деген жактоочуга "сен эмне Америкадан келдиңби? Жактоочу Америкада бул жер Кыргызстан" деген какшык жоопту узатып, текеберленишкен. Эркинди терезеден машинеге ыргытып, Жеңиш аянтына алып барып уруп-сабоо менен кылмышты мойнуна алдырып түшүнүк катын жаздырышкан.
- Сиздин ачык катыңызда Эркин майып болуп калган деп жазылып турат. Уулуңузду ошончолук деңгээлде сабашкан бекен?
- Жасабаган ишти мойнуна алдыруу үчүн Эркиндин башына целофан кийгизип эс учун жоготкон кезде кайрадан суу чачып эсине келтирип, уруп сабап отурушуп азыр 3 топтогу майыптардын катарына киргизип коюшту. Баарынан кызыгы бу милийсадагылар ушунча сабатсыз болобу, дегеним түшүнүк катын 3 жерден 3 башка сыя менен жаздырган. Анысы кийин экспертизадан чыккан. Турусбековдун кылмышка караманча тийешеси жок экенин далилдеген бир канча фактылар болгон. Маселен, токтомдо жазылып турат, кылмышка шектүү делген Эркин саат 3төн 5ке чейинки аралыкта Микаэлди өлтүргөн деп. Ошол эле учурда Микаэль саат 18.29 энеси менен сүйлөшкөнү аныкталган. Кылмыш болгон учурда Эркин кеңседе кардарга документ даярдап бергенин кардар тастыктаган, андан тышкары кардардын колу коюлган документ болгон. Мына ушундай алибилеринин баарын кайрадан иликтеп колго алган шаардык прокуратура Свердлов РИИБ кызматкерлери Джузубалиев, Алиев, Асанов, Жунушахунов, Балыкбаев, Мамбетжановго каршы 5 статьянын негизинде кылмыш ишин козгогон. Тилекке каршы сот процесси бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Эмнегедир 7 айдан бери соттор сотту өткөрө алышпай келишет.
- Катта Баратакунов деген жактоочуну жалдаганбыз деп жазып атасыз, бирок биринчи суракта эмне үчүн башка жактоочу жүрөт?
- Эркинди кармаган учурда Супатаев деген жактоочуну чакырышкан имиш. Бирок, ал жактоочу уулума барып жолуккан жолукпаганы белгисиз. Эркинге жактоочуң деп киргизген адам менен Эркин сүйлөшөлү десе "кийин" деп сүйлөшпөй койгон. Супатаев эртеси (воспроизведение) кайта калыбына келтирүүгө келген эмес. Жактоочу аталып жабырлануучуну эмнеге жактабайт деген арыз менен юстиция министрлигине кайрылганбыз. Министрлик арыз боюнча иликтөөгө алганда Супатаев "Балам ооруп калды бейтапканага алып бардым" деп справка берген экен. Бейтапканага барса справка берген доктур эс алууда болуп чыгат. Доктур өзү эс алууда туруп 2 жума мурунку күн менен справка бергендиги үчүн министрлик административдик жоопко тарткан.
- Ошол эле катыңызда Абдрахманова деген да жактоочу жүрөт го?
- Свердлов РИИБ кызматкерлеринин айтымында ШИИБдин алдында Абдрахманова деген жактоочу сейилдеп жүрүптүр, аны Осмонов көрүп, бизге жактоочу болуп берчи деп суранган имиш. Абдрахманова дагы Супатаев дагы жабырлануучунун жакындары менен жолугушу керек болчу. Анткени мыйзам боюнча биз жактоочуга ордердин акысын төлөшүбүз керек болчу.
- Эркин акталгандан кийин абал өзгөрдүбү?
- Эркин акталып чыккандан кийин Микаэлдин туугандары баары бир балаңды өлтүрөбүз деп чыгышты. Эмне үчүн Микаэлдин туугандары милициялар менен бирге сотко келип бизди каргап шилеп атышат, канча айтып түшүндүрүүгө аракет кылдым, документ көрсөтүп атабыз түк укпайт, эмнеге билбейм. Эгерде баламдын башынан бир тал чачы түшсө компромат толтура, гезиттердеги материалдарды чет мамлекеттерге да жибергем. Шаарда туруп, үй бүлөбүз менен юрист болгон биз 2 жыл кармашып, улам арыз жазып атып акыры шаардык прокуратура иш козгошту. Региондон келген карапайым эл эмне болот деп ойлойт экенсиң.
P.S. Микаэлди өлтүргөнгө шектүү делген Эркин Турусбеков акталды. Укук коргоо органдарынын былгытмасы ачыкка чыкты бирок, чыныгы кылмышкердин изи кайда али белгисиз.
Мээрим Айталиева





 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика