Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_3.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_3.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_3.htm on line 12

Мадумаров неге келбей койду?


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров маркум Медетбек Чоканович Садыркуловдун (МЧС) өлүмүнүн алдын ала пландалганын билиши ыктымалдыгы байма-бай айтылып жүрөт. Ал турсун, өткөн жылдагы президенттик шайлоонун астында МЧС окуясына байланыштуу Мадумаров суракка чакырылышы мүмкүндүгүн ички иштер министринин 1-орунбасары Мелис Турганбаев жар салганы белгилүү. Ал киши эркин басылмалардын бирине курган маегинде: "Мадумаровду суракка бир жолу чакырганбыз, күбө катары. Ден соолугуна байланыштуу азырынча суракка алууга болбойт деп врачтар справка берген, убактылуу бул суракты токтотуп койгонбуз" деп бул маселе дале күчүндө экенин билдириптир. Мына кызык тамаша! Адахан Кимсанбаевич неге суракка келбей жүрөт? Эгер чындап эле саламаттыгы начар болсо миңдеген адам катышкан митингдерге катышып, "булбулдай" сайрагандын ордуна ооруканага жатып дарыланбайт беле? Бул биринчиси. Экинчиден, Медет Чокановичтин жакын досу, эркин журналист Асыран Айдаралиев маалымат каражаттары аркылуу мурдагы ИИМ Молдомуса Конгантиев менен "бүтүн кыргызстанчы" Адахан Мадумаров Садыркуловдун өлүмүн алдын ала билгендигин "балп" эттирди. "Мадумаровдун Коопсуздук кеңешин тейлеп, Конгантиевдин ИИМдин башында туруп эчтеке билбейм, уккан-көргөн жокмун дегендери уят. Алар М.Садыркуловдун өлүмү тууралуу кабардар болуп, сопсонун билишкен. Болгону эрктери жетип, ачык айтуудан коркушкан. 12-апрелде Садыркуловдун сөөгүн Байтиктеги көрүстөнгө жашырууга жогорку даражадагы эки гана адам келген жок. Бири президент Бакиев, экинчиси Мадумаров. "Шектүү шектенет" деген ошол да. Болбосо адамды акыркы сапарга узатууда кайдагы саясат да, кайдагы кек-тарыныч" дейт ал. Энди буга не дейсиз, Мадумаров мырза?


Асыл тукум мал заводдору кайра жанданмакчы


Кезегинде Кыргызстан пародалуу малды арбын асырап, эбегейсиз союзду эт, сүт менен камсыздап келсе, кийин уй-койлордун башы кескин азайды. Бирок, кыргыз баласы мал бакса ачка калбаарын, мал бакса байырын эми түшүнүп келе жаткандай. Өкмөт жыл башында дыйканчылык менен бирге эле малдын башын көбөйтүү үчүн 7 пайыздык жеңилдетилген кредит берүүнү караган. Өкмөттүн эмки кадамы мал чарбачылыгында маанилүү болгон асыл тукум чарбаларды жандантуу ниетинде. Жакынкы арада конкурстук тартипте 8-9 чарба тандалып алынып, ага мамлекет асыл тукумдуу малды өстүрүү боюнча милдетти тапшырмакчы. Буга эл аралык уюм 7 млн. доллар бөлүүгө даяр экендигин билдирди. Кыргызстанда атагы алыска кеткен асыл тукум чарбалары азыр мышык ыйлагыдай абалда калган. Жогоруда айтылган эт багытындагы, сүт багытындагы малдын тукуму бузулган. "Азыр сүттүү бир уйдун ордуна 5-6 уй кармашат. Иликтей келгенде бизде жакшы тукумдуу мал 20 пайызга да жетпейт. Андыктан, бул ойлоно турган маселе болууда",- дейт Айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаев.


Атамбаевге ким жоолук салган?


Өмүрбек Текебаев тууралуу кө-өп сөз, сындар айтылды, бирок сынбады чиркин. Канткен менен кайраттуу карышкыр эмеспи. Карт тарыхы бар партияны жетелеп келатыр. Кадыры да Таласта түзүк эле. Аны жалалабаддык туугандары "Таласка келин болуп кетти" деп айтып жүрүшөт. Колдоочусу таластыктар болгондон кийин Таласка таянбай, кимге таянмак эле? Анүстүнө түштүктө өтө жаман көрүнүп алган. Эми карт карышкыр Өмүкебиз Атамбаев менен кошулам деп тымызын сүйлөшүү жүргүзүптүр. Аны уккан партиялаштары тескери кетебиз деп араң кармалып турушат. Өмүкебиз пир туткан Атамбаев мырзага, Болот-Шер башына жоолук салып, кадырын тепселеп кайтканы бар. Эгер Текебаев Атамбаевдин алдына чөгөлөп бара турган болсо, таянган таластык туугандардан кол жууп, колдоосу жок калаары бышык.


Унчукпай атышат


Өгүнү эркин басылмалардын бири оппозиция оппонентин элге жаман көрсөтүш үчүн экс-президент КурСалиевичтин иниси Акмат Бакиевди атайын "ала качып" кетиши мүмкүндүгүн жазып чыкты. Ал эми оппозиция тыңчыкмалары кимдер: Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана башкалар. Ысымы аталган инсандар неге жогорудагыдай маалыматка реакция жасабайт? Же орус туугандар айтмакчы "унчукпаганы - макул болгонубу"?

"Асман пресс"




 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика