Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_20.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_20.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_20.htm on line 12

Сандан-санга сериал:
Касымбек Тазабеков
Канда айланган
махабат
(Башы өткөн санда)
- Ал жигит Муртаза Асанов деген тигил туберкулез институттун аспиранты, өзүңүздүн кишиңиз болот, ыссык-көлдүк, аркы Ананьево селосунун ары жагындагы "Таштак" айылынан болот,-деп Эсенкан күйөө баласы жооп бере салды.
- Кана эмесе, бизден келечектүү жаш окумуштуулар эле чыкпастан, ушундай таң калтырган бийчилерибиз да бар арабызда, ошон үчүн тост көтөрүп койбойлубу,-деп сөзүн улантты Эсенкан күлүп-жайнап.-Алгыла атаң көрүлөр. Академик күнүгө эле ресторанга чыкырып жатыптырбы,-деди көзүн кысып, биздин кулагыбызга шыбырап.
Аңгыча музыка басылгандай боло түштү, бийдин биринчи бөлүмүнө танапис жарыяланып калды. Эл дүркүрөгөн кол чабуу менен Муртазаны жана аны менен бийлеген кызды отурган жерлерине узатышты. Биз дагы атыбыз чоң байгеден чыгып келгенсип Муртазаны "уураалап" тосуп алдык.
- Уулум, сен жарайсың, жакшы бийлейт экенсиң, сен окубай эле бийлеп кетчү кебетең бар экен. Бүгүн бул Москванын чоң ресторанында келген элдин баарын ооз ачырдың. Бактылуу бол, айланайын. Кана жигиттер, кыздар араңарда таланттуу жигиттер, кыздар бар турбайбы. Эмесе ушул Муртазанын ден соолугу, ишинин ийгилиги үчүн алып жибергиле,-деп Иса Коноевич сунуш киргизди. Биз жабыла тура калып Муртазаны тегеректей түштүк да:
- Ай бали, сен бий жагынан азамат турбайсыңбы, мындай талантыңды биз билбей жүргөн турбайбызбы! Мурунураак билгенде анда-санда мындай жерге алып келип бийлеп туруу керек экен,-деп жаалап жибердик.
- Эч нерсе эмес,-деди Муртаза,-мен силерге айталбай, ачылбай жаткан сырдын четин чыгарайын. Бир аз жылдар мурун биздин опера-балет театрында бир жылдык стажер, көнүгүч болуп окуп, анан Бүбүсара Бейшеналиеванын айынан эки жыл бою сахнада Москвада көпчүлүк бийчилер катары бийлеп жүрбөдүмбү. Ал силер театрга келсеңер дагы, мени, мага окшогон чала молдо дин бузар бийчилерди байкабасаңар керек.
- Ой балакай, оой, бул эмне дейт? Карасаң муну, Бүбүсаранын айынан деп. Дегеле мунун дымагын кара. Бүбүсара менен бийлеш үчүн аны менен кошо төрөлүш керек, анан анын баскан жолун басыш керек эле. Бир жыл окуй коюп, анан ошону менен бийге чыгам деп.
- Атаңдын көрү ээй. Дегеле муну кара.
Бир тобубуз жаалап жибердик.
- Кеп бийде эмес эле жигиттер. Силер аны түшүнбөйсүңөр. Бул өзү узак сөз, андан көрө башкага өтөлү. Азыр ырбаган жараны тырмабагыла. Кана эмесе алдык, Иса Коноевичтин сунушун колдоп.
Ырбаган жара деп сөздүн төркүнү бөлөк, башка жакта жаткан белем!
Көтөрүп көрчү
- Жеңил бекем же оор бекем? Уялба, уялба, сен мендиксиң да, көтөрүп көрсөң мени, анын үстүнө сен иним болуп чыкпадыңбы?
Мен уялыңкы жер караган бойдон акырын басып баратат окшойм. Бутум шилтенеби же жокпу, эсимде жок. Эмне кылаарымды билбейм. Өмүрүмдө аял көтөрүп көргөн эмесмин. Болсо болоор, биз да жаш болгонбуз, кыз жандаганбыз дегендей. Эсиме кылт дей түштү, качандыр бир кезде бактын ичинде жакшы көргөн бир кызды кой десе болбой кучактай калып тегерете эки жолу айлантып, анан анын алкымынан жыттап кайра жерге кондурганым. Анда ал кыз жаш тал чыбыктай ийилген ичке, бою да меникинен жапызыраак болсо керек. Анын салмагын ким билиптир, эбелектей кылып көтөрүп алып айлантып, айлантып ийгенимди! Жаштыктын, махабаттын таң калтырган сыйкырдуу бир күчү болсо керек. Анда ал мени көтөрүп көрчү деген да эмес, тек гана кызуу кандуулук, албырып күйүп турган жаштыктын жалыны дүрт деп жанып кетсе керек. Ага мен күнөөлүмүн. А балким, ал кыз деле ошону сүйүп, ошону каалап, мени көтөрсө экен, жерге түшүрбөсө экен деп жаткандыр. Анчалык деле каршылык көрсөткөн эмес. Тек гана күлүп, каткырып, кайра менин мойнума асылган.
Эми карасаң дүйнөнү дүңгүрөткөн асыл периште, аялзатынын теңдеши жок нурдуусу "мени көтөрүп көрсөң"-деп өзү суранып жатканын. Ошол мезгилде ал экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир көрүнгөнбөгөн көшөгө илинип тургансыды. Ал көшөгө кеч кирип калгандагы үрүл-бүрүлдөгү караңгылык, айлана көчөдө эч ким жок, сыдырым салкын күзгү жел эле. Ушинтип да кишинин кыйнайбы, жөндөн жөн эле. Муну кантип түшүнсө болот? Албетте ичимде көтөргөнү эле турам, ал турмак үйүнө чейин деле колума куш сыяктуу кондуруп барууга даярмын. Анчалык деле оор эмес болууга керек. Анын белинин ичкелиги мен белинен сылаган кыздын белинен ичке белем, "ичинен күн көрүнөт" дегендей, бул балериналарың тамак деле ичпеген, жебеген пенделер көрүнөт, өздөрүн таптап алып жүрүү, диетаны өзгөчө сактаган адамдар да. Арык эле өңдүү. Арык дейин десең анын тулку бою, келишкен келбети, татынакай кооз эки балтыры, жумуру келген жоон сандары, жука келген көк-жашыл жибек көйнөгүнөн байкалып турду.
Мынчалык суранып калган соң көтөрсө көтөрүп көрөйүн деп чечтим ичимден. Бул кишини сахнада спектакль ойноп жатканда анын партнерлору бир заматта канча жолу көтөрө салып чимирик кылып айлантып жиберип, кайра тутуп алат. Ошентип жүрүп көтөртүп көнгөн. Балким экөөбүз минтип кетип баратканда анын оюнча бир жакшы спектаклдан образ түшө калып көтөртүп көрсөм дагы бир элес пайда боло калат деген ой менен биз басып бараткан аллеяны сахна деп элестетип, кандайдыр бир таттуу кыял аны жетелеп, мени жөн эле чаргытып ойнотуп куурчак кылып аткан болбосун. Бирок мен анын кыялындай ойноп бере албайм да. Бир көтөрүп кайра жерге коём. Жөн эле көтөрүп коюп, катуу да кыспайм. Өзүмө да жакындатпайм. Жакындатпайм дегеним, кандай кучактап көтөрүп жатсам. Ал боорума кыспайм дегеним, өппөйм дегеним. Кызык, кантип өппөй коё алам, алдыма тизесин бүгүп кучактай салып, белинен колумду арта салып көтөрүп жатсам. Жок, жок көтөргөнүн көтөрөм дечи, жөн эле, жөн эле.
Жок, жок, мен ага барбайм, мен ал кишини сыйлайм.
- Эми эжеке, көтөрсө көтөрөйүн, бирок олдоксон жаным бар эле, көтөрүп атып бир жериңизди оорутуп алсам капа болбоңуз.
- Эмне ушунчалык эле колуң катуубу, бу силер врачтар, айрыкча хирургдар колуңарды күндө спирт менен жууйсуңар. Ал эми колдоруңар кебездей жумшак болушу керек. Силер оорулуу адамдын колу-бутун, дегеле көкүрөк-башын тулку боюн кармайсыңар да туурабы? Ошон үчүн врачтардын өздөрүнө окшоп колдору дагы назик болушу керек. Ал эми мени менен сахнада бийлеп жүргөн артисттер, балерондор тигил Уран Сарбагышевдин колу өтө эле катуу. Катуу дегеним алар каарылуу, күчтүү дегеним, болбосо мен өңдүү 50-60 килограммдык балериналарды, көтөрүп чимирилте калып айлантып бир нече саат сахнада ойноп чыгыш, ал эми сахнага чыгуудан мурда канча көнүгүү керек. Жан этин жеп, канча жолу тердеп-кургап, миң алакеттен өтүш керек. Ал эми биз аял балериналар алардын катуу колдоруна туруштук берүү үчүн биз да миң алакеттен өтөбүз. Биздин денебиз андайларга көнгөн. Балет дегениң спорттун бир түрү сыяктуу, бирок музыканын коштоосунда өтөт. Сен эмне музакы жок деп турасыңбы мени көтөргөндө, деги силер медиктер музыка, искусствого жакынсыңар. Ошон үчүн айтат го, баардык кесиптеги адамдардын ичинен маданияттын булагын таратуучулар, маданиятты элге жеткирген, дегеле маданияттуу медиктер болот деп. Ошондуктан, элибиз медицина жагынан канча маданияттуу болсо, эл ичинде ооруу-сыркоо, жабыр тартуу аз болот эле. Кана эмесе, башка сөзгө кирип кеттик окшойт, көтөрөсүңбү эми же жокпу?
Мени карап жылмая күлдү. Анын күлкүсү да кызык, кыткылыктап, үнү шаңдуу чыгып, күлгөн сайын маңдайы жаркылдай түшүп, бакырайган эки көзү бажырая жарк-журк эткенде, анын узун кирпиктери ирмелип-ирмелбей, каректери мени тиктегенде көзүнүн нуру менин көзүмдөн өтүп, желкемден чыгып тургандай сезилди. Кандай жылмаюу, кандай күлкү. Деги аялдардын жылмаюусуна эмне жетсин! Кабагын салып мурчуюп тургандан кудай сактасын.
- Келиңиз, көтөрдүм. Оппа кеттик!!!
(Уландысы кийинки санда)





 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика