Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_2.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_2.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_2.htm on line 12

"Ак-Бата" саясий партиясы:


"Элди курал кылып, митингтерди уюштура берүүнү токтотолу"


Чынын айтыш керек, акыркы убактарда саясий партиялардын курулай эле дооматтар менен чыккан митинг-пикеттери көбөйдү. Биз өлкөдөгү баардык саясий партияларды жөндөн -жөн эле митингдерди уюштура берүүнү токтотууга чакырабыз! Дүйнөлүк практикадан алып карасак, митингге чыгуу - бул элдин өзгөрүүгө эч кандай үмүтү калбай калган убактагы эң акыркы айла - амалы. Бирок, бизде бир аз да болсо өзгөрүүлөр болуп жатат. Муну ар бирибиз моюунга алабыз. Ошондуктан бийликке келүүнүн амалы кылып митингдерди уюштура берүүнү токтотууну сунуш кылабыз. Жалпыбызга маалым болуп калгандай Кыргызстанда акыркы мезгилдерде бийликке сес көрсөтүп турууга жана өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетирүү аракети менен митингдерди колдонуп келе жатышат. Бул чындыгында мамлекетибиздин өнүгүп - өсүшүнө болгон чоң бут тосуулардын бири. Андан сырткары өкмөт курамын тез аранын ичинде отставкага кетсин дегендерге карама каршылыгыбызды билдиребиз. Биздин пикирибизде, эки айлык мөөнөттө бүтпөй калган иши үчүн министрлерди кызматтан алып салуу туура эмес. "Жөжөнү күзүндө сана" деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Анысы сыңары бул өкмөт курамына биз дагы жарым жыл убакыт беришибиз керек. Андан соң керектүү отчётторду сурасак жарашат…


Жазган элек, чын чыкты


Өткөндө энергетика министри Аскарбек Шадиевге карата кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын жарыялаган элек. Айтып оозду жыйгычакты, Аскарбек Алимбаевичке Башпрокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Аталган орган министрге чуулгандуу, радиациясы нормадан көп "Кулан" көмүрүн алып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагууда. Аскар Шадиев 14-мартта премьер-министр Өмүрбек Бабановго тергөө иштери аягына чыкканга чейин энергетика министринин ээлеген кызматынан четтетип туруу туурасында арыз жазды. "Мен бул иштин калыс, объективдүү тергелишине өзүм дагы кызыктармын жана тергөө иштери калыс жүргүзүлөт деп ишенем. Коомчулук бардык суроолоруна жооп алышы керек деп эсептейм. Мен тергөө иштерине колуман келишинче көмөк көрсөтүүгө даярмын жана тергөө бул иште менин күнөөм жок экендигин көрсөтө тургандыгына ишенем", - деди А.Шадиев. Бул иш кандайча жыйынтыкталарын убагында көрөрбүз. Ага чейин дагы бир "көзачыктык" кылып коелу: жакын арада дагы 2-3 министр жана алардын орунбасарлары темир торго түшүшү мүмкүн.


Тирештен кресло жаралат


Парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен аталган партиянын жолбашчысы, башбакан Өмүрбек Бабановдун ортосун кара мышык аралап, тирешип атканын жазбаган гезит калган жок. Ал эми бизге жеткен маалыматка таянсак, бул эки берен ич ара мамилесин оңдоп алышыптыр. Не дегенде, Бабанов Исаевдин карачечекей тууганы Талантбек Исаевди ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады.


Мамашев кайда көчөт


Туризм агенттигинин экс-деректири Турусбек Мамашов "Фейсбук" сайты аркылуу "Жип" үлгүсүндөгү эки унаасын, эки бөлмөлүү батирин сатарын, ошондой эле офистерин ижарага берерин жар салды. Тукенин үстүндөгү үйүн, астындагы "темир тулпарын" сатыкка койгонуна не себеп болгонуна көпчүлүк түшүнбөй туру. Буга байланыштуу айрым куудултанаалар: "Кыргызстанды Санта-Клаустун мекенине айлантуу идеясы жүзөгө ашпаганына таарынып журт котороюн деген го" деп анекдот чыгарып жиберишти.




 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика