Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_19.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_19.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_19.htm on line 12

Ойго келди?


- Эгер Кудай көкүрөгүңдө болбосо,
аны эч кайдан издебе дешет?
Таалай Иманкулов, ырчы:
- Албетте, көкүрөктө болуш керек, көкүрөктө болбосо кайдан издемек элең. Бул эң туура айтылган сөз экен, туура көз караштамын. Азыр көкүрөгүндө болбосо деле издеп жүргөндөр бар. Алар сокур немелер болушса керек. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөндөр болушу мүмкүн. Андыктан биринчи кезекте Кудайга болгон ишеним көкүрөктө болсо гана башкасын улантса болот.


- Айрым акындар дайыма өздөрүнүн таманын өздөрү соргон аюуга окшош -деп бир аалым айткан экен, ушул чынбы?
Зайырбек Ажыматов, акын:
- Туура, сөз. Бир кезде сиз айткандай айрым гана акындар өздөрүнүн таманын өздөрү сорсо азыркы, айрыкча кийинки муундагы ыр-пыр жазып жүргөн мен жана мен сыяктуулар өз таманын да, бирөөнүн таманын да жарытып соро албай калды. Эми бул "таман" деген түшүнүк билим, чыгармачылык потенциял, көркөм табит, изденүү деген мааниде айтылган да. Тилекке каршы азыр өзүнүн таманын соргон акындардын оозуна чаңдан башка эч нерсе илинбей турган учур.
Шылтоо көп... Мамлекет адабиятка көңүл бурбай калды. Жалпы эле кыргыз коому нравалык, моралдык, руханий жактан прогрессте эмес, регресте. Бир буту көрдө турган чал-кемпири, эл башында турган саясатчысы баш болуп түндүк-түштүк деп бөлүнүп-жарылып турган элден да акын чыкмак беле. Мындай коомдон эми Айтматовдун, Осмоновдун чыгышы кыйын.

- Чынчыл болууга убада берем, бирок адилеттүү болууга эмес. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Тынчтыкбек Кожобеков, "Миң-Кыял FM" радиосунун продюсери:
- Чынчылдык менен адилеттүүлүк экөө эки башка мааниге ээ. Чынчыл бул-тазалык, адилеттүүлүк бул - ар бир нерсеге тегиз көз карашта болуу. Адилеттүү болуш кыйын, адилеттик бир гана Кудайда бар. Кудай гана тегиз көз карашта карай алат. Жашоо турмушту көргөн, көп кырдуу адам дагы эч качан коомдо болуп жаткан окуяга өзүнүн адилеттүү пикирин билдире албайт болушу керек. Билдирген күндө дагы кандайдыр бир катачылыгы болот. Бул жалган дүйнөдө баарыбыз чындыкты издеп жүрө беребиз, бирок аны эч качан таба албайбыз. Чындык бир гана Кудайда. Ал эми чынчыл болууга аракет кылган чоң эмгек. Сен байсыңбы, кедейсиңби, кайсыл улуттан болбо, кайсыл динди тутунба чынчылдык адамдардын жүрөгүн бириктирет. Азыр эң жөнөкөйү эки сүйлөбө. Бирине бирди сүйлөп, экинчисине бирди сүйлөп. Кыскасын айтканда бул сөздү ким айтса да таамай, так, туура айткан.


- Кайсыл ушактан катуу "удар" жегенсиз?
Рустам Сагыналиев, ырчы:
- Эч ким эч кандай деле сөз айткан жок. Катуу "удар" эмне болду, акыркы учурда...(ойлонуп). А бирөөлөр айтып чыгышты "Рустам, концерттен кийин Джип алыптыр" деп уктум. Эми андай деле болгон жок. Бирок, жакшы сөз. "Пенденин оозунда кудайдын кулагында" дегендей, ошондой эле болсун. Ошентсе да жөн жерден эле чыккан сөзгө таң калдым.






 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика