Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_18.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_18.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_18.htm on line 12

"Атама үч аял эмес, тогуз аял алса да жарашмак"


Ырлары кыргыз элинин өчпөс классикасына айланган Рыспай Абдыкадыров жөнүндө документалдуу кино тартабыз деп марафон өткөрүп чабынып калышкан эле, азыр андан кабар жок. Бирок жакындары атын өчүрбөй маалымат каражаттарына эскерүү маектерин берип келишет. Бул жолу өчпөс таланттын канынан жаралган татынакай эжекебиз Аида Абдыкадырова биздин редакциянын коногу болду. Атасы жөнүндө кызыктуу маек куруп, мына буларды айтып отурду.

- Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?
- Учурда сулуулук салонунда иштеп жатам.
- Үй-бүлөңүз туурасында айта кетсеңиз?
- Үч уулум бар. Улуусу Тургунбай үй-бүлөлү, жакында эле экинчи неберелүү болдум. Тургунбай атама аябай окшош болгондуктан мага өтө жакын сезиле берет. Андан кийинки уулум Атай. Кичүүсү Самат. Уулдарым колума кол, бутума бут болуп азыр бары иштеп мага жардам берип жаткан учурлары.
- Улуу таланттын кызы болуп эмнеге атаңыздын жолун жолдоп талантын уланткан жоксуз?
- Атамдын жолун жолдоо менин негизги максатым болгон. 1999-жылы фестиваль болуп, мен да катышып калдым. Биринчи турунда калыстар тобу менин ырдаганымды жаратпай койушту. Түгөлбай Казаков баш болгон калыстар тобуна Сооронбай Жусуев агай "Рыспайдын арбагын сыйлайлы. Кийинки турга өтө берсин" дегенде алар таптакыр болбой коюшкан. Шагым сынып калыптыр. Ырдоону таштаганымдын башкы себеби ошол болгон. Эч ким колдобой, тескерисинче басып турса мындан өткөн чыгармачыл инсанга душман болбойт экен. Мага колдоо көргөзгөн Мухтар Атаналиев болду жана Шахризада Аскарова эжеге терең ыраазымын.
- Рыспай Абдыкадыров деген атаңыздын атын укканда кандай элеси көз алдыңызга тартылат?
- Кичирээк чагымда көзүм ооруп көз доктурга жатып калдым. Атам аппак костюм шым кийип эшиктен кирип келди да мени бооруна кысып, өзү менен ала келген эки чоң кызыл алмасын мага берген. Атамдын чыныгы сулуу адам экенин ошондо билдим. Палатадагы элдердин Рыспай деген күбүр-шыбыры алигиче көз алдымда. Медайымдар да артынан калышпай атактуу ырчынын жанынан көргөндөрүнө таңыркашкан эле.
- Көп учурда атама таарынып келгем деп айтып каласыз, анын себеби эмнеде?
- Кичинемде балабакчага барчумун. Мени тосуп алган да, жеткирген да апам болчу. Башкалардын аталарын көрүп "эмнеге менин атам мени эркелетпейт, эмнеге биз менен чогу жашабайт" -деген балалык дүйнөмдө ага таарына берчүмүн. Атам үйгө келгенде ошол таарынычым менен "кет! экинчи келбе, мени жаман көрөсүң, ошон үчүн биз менен жашабайсың, таштап кеткенсиң!" -деп таарына берчү элем. Атам дайыма мени кучактап алып ыйлай берер эле. Өзү менен кошо мени да ыйлатчу. Экөөбүздүн таарынычыбыз ашып кетсе он мүнөт, андан соң мойнуна асылып, анын жытынан жыттап ойноп калаар элем. Атамдын жүрөгү жумшак, ак көңүл, жан дүйнөсү таза адам болчу. Өмүр бою өзүнүн чыныгы сүйүүсүн таппаса керек деп ойлойм. Жүрөгүнүн жумшактыгынан көп нерсеге кайгырып жүрүп өткөн. Дайыма уулум жок деп өксүп жүрөр эле. Ошол учурдагы күбүр-шыбыр ушактар, бут тоосуулар жана алган жарлары да аны түшүнбөй, ошол нерседен жүрөгү жабыркап, убактылуу алаксыш үчүн ичип жүрдү. Бирок, аны эч ким түшүнгөн жок, дайыма ичет деген кептер да айтылган. Атам үчүн сыймыктанам, атамды убагында бала болуп мен да түшүнгөн эмесмин. Качан гана үй-бүлөө куруп, балалуу болуп, наристе жытын жыттаган соң, атамдын көзү өтүп кеткенден кийин түшүнүп турам. Азыр деле анын жытын сагынып кээде жаздык суулап ыйлаган учурларым болот.
- Атыңызды ким койду эле?
- Ыйык сүйүүдөн жаралган кызыма Махаббат деп ат коём деп атам ысымымды атаптыр. Бирок менин таяталарым Аида деп атап калып ошол боюнча Аида болуп калдым. Кийин атам "Мамак кызым" деп эркелетип чакырчу.
- Башка бир туугандарыңыз менен мамилеңиз кандай?
- Жакшы катыштабыз. Ошто Сюита сиңдим жана Гүлжамал эжем алыс болгондуктан алар менен көбүрөөк катташа албайм. Калгандары баарыбыз катыштыгыбызды үзбөйбүз. Биз кичинебизде эле чогу өскөнбүз. Эсимде кичине чагымда атам ийнине аккардионун асынып алып, эки эжемди үйгө көтөрүп келген эле. Ошол күндөн тарта биз чогу өстүк. Кийин чоң апам келип бизди карап калды. Эжем үчөөбүздү чоң апам ваннага суу толтуруп алып жуунтканы такыр эсимден кетпейт. Апам жок дебестен атамдын биринчи аялынын балдарын мени менен бирге баккан. Ал да болсо атама болгон чексиз сүйүүсү болсо керек.
- Атаңыз менен апаңыз кантип таанышып калгандыгы туурасында айтып калышчу беле?
- Апам Кургак учук ооруканасында иштеп жүргөн кезде атам өпкөсүнөн ооруп ооруканага жатып даарыланыптыр. Апам менен ошол жактан таанышып бири-бирин жактырып калып үйлөнөбүз деген чечимге келишет. Бирок, апамдын ата-энеси каршы чыккан экен, Ошко барбайсың деп. Анан апам бул жакта, атам Ошто иштеп жүрөт. Кийин мен төрөлгөндө Давлет эже куурчак алып келип берип, мени кучактап жакшы көрүп үй-бүлөлүк катташта жүргөн экен. Бир күнү апама почтадан Оңол эже Рыспай экөөбүз жашап жүрөбүз деген кат жиберет. Ошондон кийин апам атама таарынып колун үзүп коюптур. Бирок, атам келген сайын апамдын тизесин кучактап ыйлай берчү. Балким кечирим сурагандыр. Апам чын дилинен жакшы көрсө керек. Ажырашкан соң башка үй-бүлө күткөн жок.
- Атаңыз сизге кандай насаатты көп айтаар эле?
- Кызым сен Султандын кызысың. Султан сөөгүн кордобойт. Мен сени алыста жүрсөм да коргоп жүрөм. Сени атаң чексиз жакшы көрөт деп айтаар эле. Атам чыныгы Султан экенин анын өлбөс-өчпөс, кайталангыс музыкаларынан улам билдим. Орду толгус улуу талант. Атама үч аял эмес, тогуз аял да аздык кылат. Мен турмушка чыкканда да менин кайненеме дайыма "Кызым Султандын кызы экенин унутпагыла" дээр эле. Мен билгенден атам дайыма түнкүсүн чыгарма жазчу, жазып бүткөн соң мага телефон чалып, "Мамак кызым атаң ыр жазды угуп турсаң" деп түндө сүйүнүп угузаар эле. Мен ич көйнөкчөн үшүп турсам да атамдын тээ алыстан угулган үнүн тыңшап турар элем. Көрсө ар бир чыгарган чыгармасын эң биринчи мага угузчу тура. Ал учурда атам Ошто, мен Бишкекте турчумун. Атам үчүн чексиз сыймыктанам.
Жаз-Айым Айдекова







 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика