Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_17.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_17.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_17.htm on line 12

Чемпиондор лигасы. 1/8 финал. 2-оюндар


Швейцариялыктар артын карабай качышты
Бавария - Базель - 7:0 (1-оюн. 0:1)
Гол: Роббен, 11 (1:0). Мюллер, 42 (2:0). Гомес, 44 (3:0). Гомес, 50 (4:0). Гомес, 61 (5:0). Гомес, 67 (6:0). Роббен, 81 (7:0)
Бул жумада чемпиондор лигасында экинчи 1/8 финалдык оюндар өттү. Шейшемби күнү Мюнхенде "Бавария" Швейцариянын "Базелин" кабыл алып 7:0 эсебинде утту. Эки жума мурда швейцариялыктар өз үйүндө немистерди 1:0 эсебинде жеңишкен. Күйөрмандары билгендей быйылкы чемпиондор лигасынын финалдык оюну Мюнхендеги "Альянс-Аренада" өтөт. Андыктан "Бавария" чемпиондор мелдешинде мүмкүн болушунча финалга чейин жетип, анда жеңип чыгуу максатын койгон. Оюн башталары менен үй ээси чабуулга чыгып, атаандаштарына уламдан-улам коркунуч туудуруп жатышты. Көп өтпөй Мюллердин тепкен тобун "Базелдин" дарбазачысы колунан чыгарып жиберип, ага Роббен биринчи жетип, эсепти ачты. Ошентип, "Бавария" ылдам эле эки жума мурдагы дефицитин (0:1) жоюп койду. "Баварияда" өзгөчө Гомес, Мюллер, Роббен сыяктуу алдыңкы оюнчулары атаандаштарынын тим эле шаштысын кетиришти. Бирок көпкө чейин эсеп өзгөрүлбөй, биринчи тайм аяктап калганда гана Мюллер "Бавариянын" экинчи голун киргизди. Эки мүнөт өтпөй Гомес эсепти 3:0го жеткирип, биринчи тайм аяктады. Ал эми "Базель" оюндун биринчи жарымында болгону бир-эки эле жолу чабуул жасады. Оюндун жыйынтыгы биринчи эле таймда билинип калганына карабай "Бавария" "Базелди" биротоло "талкаламак" болду. Өзгөчө, Гомес күчөдү. Команданын негизги бомбардири экинчи таймда франциялык өнөгү Риберинин жардамы менен дагы үч голду катары менен киргизип жиберди. Ал эми оюндун 87-мүнөтүндө бул оюндагы биринчи голдун автору голландиялык Роббен өзүнүн экинчи жана оюндагы акыркы, жетинчи голду киргизди. Швейцариялыктар уятына чыдабай оюндун бүтөөрүн самап жатышты. А бирок судья убакытты атайлап чойгонсуп негизги убакытка дагы эки мүнөт кошуп жиберди. Акыры оюн аяктап, "Базелдин" оюнчулары чуркаган бойдон трибунанын алдына артын карабай кире качышты.

Жеңиш пайда берген жок
Интер - Марсель -2:1 (0:1)
Гол: Милито, 75. Паццини - 90+6, (пен.) - Брандау, 90+2
Ал эми экинчи оюнда Интер" (Италия) "Марсель" (Франция) менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңгени менен кийинки этапка чыкпай калды. Анткени эки жума мурда Марселдеги анча кызыксыз оюн француздардын минималдуу жеңиши менен аяктаган. Бирок эки команда тең учурда кризистен чыга албай келет. Өзгөчө, "Интер" эки жыл мурда Жозе Моуриньонун жетекчилигинде чемпиондор кубогун уткан. Азыр командада атактуу португалиялык тренер жок, бирок ошол эле оюнчулар ойноп жүрүшөт. Бирок командалык оюн жок. Миландыктар өз чемпионатында бир жарым айдан бери жеңишке жете элек. Мына, кечээки "Сан-Сиродо" өткөн оюндун биринчи жарымы да эч натыйжа берген жок. "Интерде" эки жыл мурдагы чемпиондор лигасындагы мыкты бомбардир аргентиналык Милито, голландиялык Снайдер, уругвайлык Форлан ж.б.лар эч нерсе кыла алышкан жок. Француздар коргонуу чебин катуу кайтарып жатышты. Экинчи таймда да италиялыктар аракет кылып чабуулга чыгып жатышты. Оюндун 75-мүнөтүндө Милито акыры гол киргизип, бул оюнда командасын алдыга чыгарып, мелдеш дагы уланмак болду. Анткени, биринчи оюнда ушундай эле эсеп менен француздар уткан. Бирок алдыда убакыт көп. Бирок анда да эсеп өзгөрбөй турган болуп, командалар кошумча эки таймга даярдана баштагандай болуп калган. Ошол маалда француздар атаандаштарын чабуулунун мизин кайтарып, алардын дарбазачысы топту алдыга карай тепсе, ага жаңы эле оюнга кошулган "Марселдин" бразилиялык чабуулчусу Брандао дарбазачы Жулио Сезардын дарбазасына гол киргизди. Ошондо оюндун 90+2 мүнөтү болчу. Оюн аяктаганча италиялыктар акыркы чабуулга чыгып, судья француздардын дарбазасына 11 метр айып тобун берди. Ошентип, "Интер" 2:1 эсебинде жеңди. Бирок ал жеңиш баары бир пайда берген жок. Анткени экс-"шахтерчу" (Донецк) Брандаунун "Сан-Сиродогу" голу "Марселди" чейрек финалга (эки оюндун жыйынтыгы боюнча) чыгарды.



 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика