Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_16.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_16.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_16.htm on line 12

Дмитрий Ким:

"Спортто - кимдин каалоосу күчтүү болсо, ал сөзсүз ийгиликке жетишет"


Ыкчам кыймыл менен секирип тебүү, айланып тебүү, өзүн-өзү коргоо, мындай кыймыл-аракеттерди көпчүлүк учурда кинолордон гана көрөбүз. Мына ушундай тез кыймыл менен коргонууну үйрөнүүнү баарыбыз эле, айрыкча чыгыш кино сүйүүчүлөрү каалайт болушубуз керек. Мыкты шамдагайлыкка үйрөткөн таеквон-до чыгыш спорт түрү жөнүндө билүү үчүн "2011-жылдын таеквон-до ITF боюнча мыкты машыкты-руучусу" аталган, "Strong" мушкерлер клубунун жаш машыктыруучусу Дмитрий Кимге кайрылдык.

- Дмитрий, алгач таеквон-до жөнүндө айта кетсеңиз?
- "Таеквон-до" корей тилинен которгондо "бут жана колдун негизинде сокку узатуу" дегенди түшүндүрөт. Негиздөөчүсү генерал Чой. 1961-жылдан бери спорттун бир түрү болуп келүүдө. Негизинен таеквон-до адамды психологиялык да, физикалык жактан да чыңалдырат. Физикалык жактан алып карасак мында дененин бүт бөлүгү иштеп ден-cоолукту чын болууга алып келсе, психологиялык жактан өзүн эркин алып жүрүүгө жана ар кандай кыймыл-аракеттерди эсте тутуп, кандай кырдаал болбосун чыгып кетүүгө шарт түзөт. Анан дагы таеквон-до согуштук стилдеги спорт болгондуктан мында коргонууда, чабуул жасоодо бут менен колдун гана кыймылдары колдонулат. Эн башкысы бул спорт - дене менен жан дүйнөнү эрктүүлүккө, күчтүүлүккө тарбиялайт.
- Бул спорт түрү менен канча жаштан баштап машыкса болот?


- Эң жакшы жери бул спортто спортчунун жашы чектелбейт. Каалоосу болсо 30 жашта болобу, 50 жашат болобу машыгууга эч качан кеч эмес.
- Ал эми баланы канча жашынан баштап таеквон-дого берсе жакшы?
Спорт менен машыгууда бала үчүн 6 жаш эң ыңгайлуу, бирок баланын жөндөмдүүлү жакшы болсо андан да эртерээк машыктырса болот. Ушул жерде дагы кошуп айтып кетейин, таеквон-до бала үчүн аябай пайдалуу, эсте тутуу жөндөмдүүлүгүн арттырат, кыймылы жакшырат, эң негизгизи өзүн өзү коргогонду үйрөнөт.
- Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз, канча жылдан бери таеквон-до менен машыгып келесиз?
- 10 жылдан бери машыгып келем. Алгачкы машыктыруучум Лим Антон, андан соң Шухрат Сабировдо машыккам. Эки жолу Азиянын чемпиону болгом, мындан тышкары дагы көптөгөн турнирлерге катышып ийгиликтерди жарата алдым десем жаңылышпайм. Азыркы учурда Кыргыз-Словян университетинин экономика факультетинде 5-курста окуйм. 2010-жылдан бери өзүм балдарды машыктырып келем. Окуучуларымдын бары жакшы машыгып, жакшы ийгиликтерди жаратып келүүдө.



- Окуучуларыңыздын арасында келечектеги сиз сыймыктанаар чемпиондор барбы?
- Балдардын арасынан мен Георгий Колесниковду, Зазазиев Арафатты, Денисов Станиславды, кыздар арасында Бетурова Жылдызды, Шлей Дарьяларды айта алам. А кичинекей балдардан Курбанов Дилшат, Мусабаев Ислам, Шлей Дмитрий жана башка жаш спортчулардан келечектеги өлкөбүздүн намысын коргой турган мыкты таеквон-дочулар чыгарына ишенем. 26-февралда Алмата шаарында өткөн " Алмата шаарынын чемпионатында" Георгий Колесников, Зазазиев Арафат, Бектурава Жылдыз, Дарья Шлей, Соловьев Александр, Стасенко Борис, Ислам Мусабаев жана башкалар өлкөбүздүн намысын коргоп, чемпиондукту өздөрүнө багындырып, тогуз алтын медалды алып келишти.
- Мыкты ийгиликтерди жаратууда спортчу үчүн эң башкысы эмнеде?
- Спортто негизинен кимдин каалоосу күчтүү болсо, ал спортчу сөзсүз ийгиликке жетишет. Кытайдын ойчулу Лао Цы: " Өзүн өзү жеңе алган адам-дүйнөдөгү эң күчтүү адам" деп айткан. Ошондуктан спорт менен чын дили менен машыгуу зарыл.
- Сиз өзүңүз окуйсуз, балдарды машыктырасыз, анан минтип турнирлер, мелдештер, булардын баарына кантип жетишесиз, эс алууга бош убакытыңыз болобу?
- Эгер адам кааласа баарына жетишсе болот. Мен үчүн балдарды машыктыруу өтө жооптуу, ага кош көңүл жасоого болбойт, анткени балдар биздин келечегибиз. Менин эс алуучу жайым деп машыктыруу залын айтсам болот, анан мелдештер. Мен андан тажабайм, албетте ызы-чуусу көбүрөөк, бирок сенин окуучуларың чемпион болуп жатса кантип кубанбайсың, мен мындан ырахат, жаңы энергия алам. А окуум жөнүндө айтсам азыр мен дипломдук иш үстүндө иштеп жатам, буюрса баары жакшы.


Гүлжан Турдубаева, Ж.Баласагын атындагы КУУнун 3-курсунун студенти







 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика