Моника Беллуччинин


жигиттери


Биздин төрдүн меймандары 4-сезондун финалисттери "Моника Белуччи" тайпасынын "крассавчик" жигиттери. Башка топтон айырмаланып оюнчулар мурун "КВН Кыргызстана" долбоорунда ойногон, бардыгы жогорку билимдүү жигиттер.

- Юмор силер үчүн эмне?
Б: - Юмор инструмент. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Юмор ошол нерсени туура жакка бурганга көмөк кылат. Кыздарда баалаган сапатым юмор. Аял заты акылдуу болуш керек, юмор акылдуулуктун бир белгиси. Туура жерден юморду колдоно билген адам акылдуу адам. Бардык "Тамашоуда" ойногон балдар акылдуу балдар.
- Дарегиңерге капаланткан кандай сын угасыңар?
Б: - Кудайга шүгүр сын көп укпайбыз. Көптөр тажрыйбалуу команда катары макташат. "Моника Беллуччи" тайпасы катары биринчи жолу ойноп атканыбыз менен артыбызда чоң "багаж" бар. Мен КВНде ойноп жүргөндө Азамат, Санжарлар жаңыдан келишкен. Кеңеш сурап калышчу. Бизге сый мамиле кылышат, балдарга рахмат дейбиз.
- "Тамашоунун" өмүрү кандай болоорун прогноздой аласыңарбы?
А: - "Тамашоу" өчпөй турган долбоор болду. "Тамашоунун" негизги максаты кыргыз тилин өнүктүрүү болгон. Азыр бул долбоорду эл сүйөт. Үй-бүлөң менен көрө турган долбоор.
- "Тамашоу" көрүп атканда эмне ичиш керек?
А: - "Шоро" ичиш керек.
- Космоско учуш керек десе ким менен учат элеңер?
Н: - "Моника Беллуччи" менен
А: - Айдана деген кыз менен учмакмын.
Б: - Нурзат окуса эмне кыласың?
А: - Тамаша да
- Качан үйлөнөйүн деп атасыңар?
А: - Дагы 2000 доллар чогултайын (тамаша), кудай буюрган күнү.
Азим: - Акыр заманды күтүп атам. Анткени менин өзүмдүн эсеп чотум бар. Эгер акыр заман болбосо анда үйлөнүп бала-чакалуу болуп дегендей.
Н: - Сен үйлөнгөн күнү акыр заман болуп калсачы?
- Ким тууралуу сценка көрсөткүңөр келет бирок, көрсөтө албайсыңар?
Н: - Биз коркпойбуз каалаганыбызды көрсөтө беребиз. Бирок чеги менен.
Б: - Эң негизгиси туура тамашалаш керек.
- Чектен чыккан күйөрмандарыңар болобу?
Б: - Болот кээде колу менен көрсөтүп, маданиятсыздар кездешет.
Н: - "Эу, сен тамашоуда эмес белең братишка" деп, "Ооба десең" "А-а братишка крассавчик" дешет.
Б: - Маданият бардык жакта болуш керек. Жаман жагыбызды көрсөтпөйлү деп силердин гезит аркылуу сурангыбыз келет.
- Тапандыгыңардан башка кандай талантыңар бар?
А: - Природный красота
Б: - Айба өзү уялчаак болгону менен кыздар менен такыр таанышпайт. Природный красотасына ишене берет, кыздар өзү келип таанышат деп.
Н: - Бакыт жакшы алып баруучу, тойлорду жакшы алып барат.
Азим: - "Таберик" бийчилер тобунда 12 жыл бийлегем, жашоого үйрөтүп адам кылган "Таберик" болду.
- Келбетиңер-де жакпаган жагыңар барбы?
Б: - Адам кандай болсо ошондой кабыл алыш керек.
А: - Менин мурдум башкачараак болгондо жакшы болмок. Үй-бүлөдө атам жактын баары мурдулары картошкадай. Эгер мурдум узунураак болгондо мындан да сулуу болмокмун.
Азим: - Өзүмө өзүм жагам.
Н: - Кулак дебейсиңби?
Азим: - Баары кулак дешет бирок, кулагым сексуальный кулак. Өзүм кармалап "кайф" алам. Бир да адамдын кулагы меникине окшоп шамалда учпайт.
А: - Бардык адамдардын кулагынын ылдый жагы түшүп турат. А меники андай эмес "Европейский" кулак. "Акуратный".
Н: - Бакыттын курсагы чыгып баратат, бир аз алса жакшы болмок.
Б: - Жашым келип атат да эми. Курсагымды сыла-ап отура берем. Өзүмө жагат.
Н: - Менде баары идеалдуу. 10 кг толсом жакшы болмок. Азыр чечинсем такыр арык болуп калам. Ошон үчүн 4-5 футболка кийип алам.
Б: - Сен такыр арык болсоң, Жеңиш кандай болуп калат?
Н: - Жеңиш вообще арык да.
- Көчөдөн ким деп таанышат?
А: - Жакында эле таластык ташбаканы ойногондун эртеси марштруткада кетип атсам, шоопур мени эле карайт. Түшүп баратсам "сен Тамашоуда ойнойт белең? дейт. Ооба десем, "Ташбака сенсиң да ээ?" дейт, "ийи" деп түшүп кеттим.
- Ийгиликтүү командалардын бирисиңер. Эмнеге деп ойлойсуңар?
Б: - Тажрыйба го дейм.
Н: - Биздин куракта КВНди таштап койсок деле болмок, бирок, биз чемпиондукту алалык деп максат коюп иштедик.
- Эркектер да ыйлайт дешет? Силер ыйладыңар беле?
Азим: -15-16 жашымда нормальный ыйлагам, эки жума. Жакшы көргөн кызым башка жакка кетип калган. Мезгил баарын дарылайт дегендей, азыр анын баарын унуттум.
- Эгер жаныбар болгонуңарда кимиңер кандай жаныбар болот элеңер?
Б: - Жеңиш "Ледниковый период" мультфилминдеги Сид болмок.
Н: - Бакыт Мамонт болмок.
Б: - Айбек менен Азим опоссумдар бар, ошолор болмок.
А: - Сен типа арстансыңбы?
Н: - Ооба, мен арстан
- Кимиңер тамашаны көтөрө албайсыңар?
Б: - Айбек көтөрө албайт. Таарынчу болсо каякта болсок да жөө кетип калат.
- Кандай кыздар жакпайт?
А: - Мага өзү жабышкан кыздар жакпайт.
Б: - Азимге бардык эле кыздар жага берет.
- Кыз болгондо кимди чабат элеңер?
Н: - Мен Айбаны чапмакмын.
А: - А мен кыз болгонумда Бакытты карабайт болчумун.
Азим: - Мен өл-лө "стерва" кыз болмокмун.
Б: - Айба "противный" кыз болмок болуш керек.
А: - Кашы көзү капкара сонун кыз болмокмун.
Н: - Менин бутум түз, сакалдуу кыз болмокмун.
Азим: - Кыз болгонумда үйгө түнөмөк эмесмин.
Б: - Сен азыр деле түнөбөйсүң.
- Чыныгы тамаша кандай болуш керек?
Б: - Чыныгы тамаша күлкүлүү, бирок, чеги менен болуш керек. Эң негизгиси интеллектуалдык деңгээлге ээ болуш керек.
Мээрим Айталиева