Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_14.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_14.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_14.htm on line 12

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова


Коркуу сезим,


терс нерсенин башаты


Ооба, бардык терс нерсенин башаты коркуу сезимден башталат. Адам бардык нерседен коркот. Мисалы эртеңки күн кандай болот? Алдыда кандай тагдыр күтөт? Акчаны кайдан табам? Балдарды кантип багам? Деги койчу толгон токой суроолор жана коркуу сезимдер. Ал эми ушуга окшогон коркуу сезимдер терс заряддарды чогултуп, аягы ооруга же терс тагдырга айланаарын баарыбыз эле биле бербейбиз. Ал эми бул коркуу сезим биз жерге жарала электе, башкача айтканда түйүлдүк кезден башталаары оюбузга деле келбесе керек. Мен эс тарта баштаган бала күндөн бери мени коштоп келе жаткан коркуу сезиминин тамыры кайда болду экен деп көп ойлончумун. Бирок суроомо жооп таба албай келгем.
Мына эми биздин өтүп жаткан сабагыбыз ушул темада өтүп, храмдан "4 корзинаны тазалоо" аттуу сеансын өтмөй болдук. Биринчи корзина -түйүлдүктөн 2 айга чейин, 2- корзина 2 айдан 9 айга чейин,3- корзина төрөлүү процесси жана 4- корзина төрөлгөн күндөн 6 айга чейинки жашообузду сеанс аркылуу көрүшүбүз керек. Коркуу сезим кайсы убакта, эмне себептен болгонун көрүп, эгерде ушул аралыкта кандайдыр бир терс таасирин тийгизген окуя болсо, аны көрүп Багавандын жардамы менен оң көрүнүшкө программалоо.

Ичкиликти, уруш-талашты эмнеге жаман көрөм десе....
Сеанс башталганда ата-энемдин, чоң ата, чоң-энемдин менин чыдамсыздык менен төрөлөшүмдү күтүп жаткандарын көрсөттү. Менден улуусу эркек болуп, агамдан кийин беш жылдан кийин төрөлүп жаткандыктан кыз бала күтүп жатышкандыктары мени да "сүйүнтүп" жатыптыр. Демек, тогуз ай ичинде менин көңүлүм жай, корко турган эч кандай жагдай жок. Мына төрөлүү процесси башталды. Мында деле мээрман врачтар жүрөгүндөгү мээримдүүлүк менен мени жарык дүйнөгө чыгарышып, эркелетип тосуп алышты. Демек, менде эч кандай проблема жаратуучу жагдай болбоптур. Төрөлгөндөн кийин ата-энелеримдин мээрим төккөн сүйүүсү менен бейкапар 3 айга чейин жашаптырмын.
Ошентип, бактылуу бир күндөрдө ата-энем мени көтөрүп, теңтуштары менен бир жакка бара жатышат. Алдыларынан жоон топ мас адамдар чыгып, менин ата-энемдер менен бир нерселерди талашып -тартышып уруш башталып аягы мушташка айланды. Мени көтөрүп турган апам атама болушам деп, мени көтөргөн бойдон аларды ажыратууга ортого кирип барганда бирөөнүн катуу колу башыма күч менен келип тийди. Ошол кезде денем жыйрылып, ичиме бир нерсе кирип кеткендей болду. Кан-сөөлү жок жансыз сулк жаткан мени көрүп мастар качып жөнөштү. Мени өлүп калды деп ойлогон атам тизелеп жерге отуруп кудайга жалынып ыйлап жатып үнү чыкпай калганын анан, өңүмө кызыл жүгүрүп кайрадан жан кирип ыйлап жатканымды көрсөттү. Ушуларды сеанс учурунда көрүп жатып, азыркы физикалык денем кадимкидей ооруй баштады. Ашказан тушум ушунчалык катуу ооругандыктан жана кандайдыр бир күч, менин эркимден тышкары катуу ыйлатып кирди. Бул кезде храмдын ичи ызы-чууга, ыйга, кыйкырыктарга толуп, мен сыяктуу бардыгында эле процесс жүрүп, терс заряддар чыгып жатканын угуп-билип жаттым. Коркуу сезимден пайда болгон терс заряд ашказан тушка чогулаарын мурда эле билчүмүн. Азыр ошол терс заряддардын чыгышы ушунчалык катуу оорутуп, ашказандан бир нерсени жулуп жаткандай же тирүүлөй кескилеп жаткандай болду. Буга чейинки тазалануулар себептин тамыры табылбагандыктан үстүртөн болуп келгенин, эми коркуу сезиминин тамыры жулунуп жатканын сезип жаттым. Бул убакта кайрадан менин үч айлык кезимди, ата-энемди достору менен бара жатканын жанагы мастардын ордуна Багаван баштаган адамдар алдыбыздан чыгып мени эркелетип, мээрим төгүп жатканын көрсөттү. Бул убакта ооруган жерим басаңдап, бир аздан кийин эч нерсе болбогондой басылып калды. Көңүлүм көтөрүлүп бир башкача жеңилдик келип, каякадыр учуп кеткендей сезим келип жандүйнөм ырахатка толду. Сабак бүтүп сыртка чыкканыбызда алдымдан жылан чыгып, ийрелеңдеп сойлоп жөнөдү. Кызыгы менде коркуу сезим болгон жок. Үйгө келгенибизде эшиктин алдында кескелдирик мени "күтүп" жаткан экен. "Бул жерде эмне отурасың, мен сенден коркпойм. Бар өз жолуң менен кете бер"- дегенче мен андан эмес, ал менден коркуп качып жөнөдү. Ошентип, мас адамды көргөндө денемди майда калтырак басып, коркконумдан эмне кылаарымды билбей калуунун, ичкиликти жактырбаганымдын, катуурак үн чыгарып сүйлөшкөн адамдардан деле корко берүүнүн себеби табылды. Көрсө эмнеден корксоң ошону аласың деген чын тура. Ал эми мага коркунуч жараткан окуяларды, жада калса жан жаныбарларды ички дүйнөмдө коркуу сезимден жаралган терс заряд болгондуктан өзүм "чакырып" алчу турбайынбы. Ал тургай кийин турмушумда дагы ичкен, чыр чатак жараткан адамга жолукканым да коркуу сезимден жаралган терс заряддын кесепети экен.
Түйүлдүк укпайт дебегиле
Эртесинде мугалимдер кечээги сеанстан ким эмне көргөнүн сурап, талкууладык. Ошондо көп кызыктуу фактыларды уктук. Келбети эркек сымал, ал тургай үнү да эркектей болгон кыз эмне себептен кызга окшобой калганын сеанстан көрүптүр. Ал кыз ата- энесинин экинчи кызы экен. Улуусу кыз болгондуктан атасы "экинчиси уул болуш керек, кыз төрөсөң ажырашам" деп тамаша чынга салып көп айтчу экен. Боюнда бар аял "кыз болуп калса күйөм таштап кетет" деген коркуу сезим менен жашаган энесин "аяган" түйүлдүк "кыз болсом мени атам сүйбөйт, таштап кетет" деген коркуу сезим анда да жашап, атасынын "көңүлүн табууну ойлойт" Кийин кыз төрөлгөндө атасы таштап кетмек турсун ушул кызын өзгөчө жакшы көрөт. Эми минтип эмне үчүн эркек мүнөз болуп калган себебин билип отурат. Дагы көп кызыктуу көп окуяларды угуп, көп нерсеге таң калдык. Өзгөчө, капысынан боюнда болуп калган аялдын "алдырам" десе, атасы "үйлөнбөйм" деген ызы-чуусунан түйүлдүктө "мени эч ким сүйбөйт турбайбы" деген коркуу сезим болот тура. Ал сезимден жаралган терс заряддан кийин ал баланын тагдыры тайкы болуп калаарын эч кимибиздин оюбузга да келбейт эмеспи.
Мен да Бишкекке келээрим менен апамдан сеанстан көргөн окуяны болгон-болбогонун сурап көргөнүмдө, " Ооба ошондой болгон, атаңдын ыйлаган үнү кудайга жетип кайра тирилгенсиң. Кудайга тобо, аны алар каяктан билишиптир? "- деп транс, сеанс дегенге жакшы түшүнө албаган апам жакасын кармап таң калды. Биздин аң сезимибиздин түпкүрүндө бардык маалымат жазылып калаарын апам кайдан билсин.





 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика