Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_13.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_13.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_13.htm on line 12

Эсиңдеби энеке

Атактуулардын апасы


Обончу, ырчы Жамиля Муратованын апасы, КР эмгек сиңирген артист Хадима Берикбаева:
- Эненин жүрөгү сезимтал келет эмеспи. Анысыңары Жамиля эженин атактуу болоорун кичинесинен сездиңиз беле?
- "Карындагы баланын хан болоорун ким билет" дейт кыргызда. Анысыңары мен көз ачык болбосом кайдан билдим.
- Мындай кош талант кимиңиздер аркылуу келди?
- Атасынан же менден келди деп айта албайм. Алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей, кызыбыз өзүбүздүн жолубузду жолдоп калды. Атасы экөөбүз тең Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеп келдик. Атасы Кларнетте 40 жыл иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Мен да 50 жылдан бери иштеп келе жатам.
- Жамиля эже боюңузда кезинде эмнеге талгак болгонсуз?
- Андан бери канча жыл өттү, эсте жок. Эсимде калганы гостролго кетип бара жатканда поездден печение жегим келген. Поездин ашканасынан атасы печенье менен лимонат алып келип берген. Андан кийин аны деле жегим келбей калган.


Үч теректин үч кызы, ырчы Анапия, Дилбар, Лира Райымбековаларды жарык дүйнөгө алып келген Анаркан Райымбекова:
- Кыздарыңызга кимиңиздер тараптан талант берген?
- Кадыркул абышкам экөөбүздүн он балабыз бар. Он баламдын баары таланттуу. Алардын ичинен үчөө атактуу болуп эл алдына чыгып жүрөт. Буларга талант атасынан берилген. Атасы төкмө акын болгон. Абышкамдын шакирти КР эл артисти Тууганбай Абдиев өңдүү көрүнүктүү адамдар эле. Тууганбай үйдө жүрүп, менин колумдан далай даам сызган. Абышкамдын чыгармачыл табакташтары жана достору Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев төкмө акындар.
- Атактуу кыздарыңыз курсагыңызда кезде эмнеге талгак болгонсуз?
- Дилбар менен Лираны унутуп калдым. Эсимде жок. Ал эми Анапия кызымда кычкыл алчага талгак болгон элем.


Ырчы Нелянын апасы Алиман Кошалиева:
- Ырчы болоорун бала кезинен сездиңиз беле?
- Дайыма Мээрим деген курбу кызы экөө билет сатып, концерт берип ойносо "Келечекте уюштургуч чоң инсан болот го" деген сезим пайда болчу. Эне жүрөгү сезет дегендей, мен ойлогондой кызым ырчы болуп калды.
- Неля курсагыңызда кезде эмнеге талгак болгонсуз?
- Чынын айтсам үч кызымды талгак эмне экенин билбей төрөдүм. Кээде кош бойлуу айымдар талгак болуп жатам десе ишенбей кетем. Мен көбүнчө ситрус өсүмдүгүн көп жедим. Ал кезде азыркыдай соода түйүндөрү аз мезгил. Мандарин, апельсин дегендер көп сатылчу эмес. Бир жолу эсимде жолдо кетип баратсам, бир орус мен жегим келген ситрус өсүмдүгүн көтөрүп бара жатыптыр. Анан ошол орустун артынан ээрчип бара бердим да бир учурда кайдан сатып алдыңыз, мага да айтыңызчы дедим. Ал мага Москвадан салып жибергенин айтты бирок, боюмда бар экенин көрүп баштыгындагы жемиштеринен берди. Мен акчасын берсем да албай койгон. Бул деле көпкө узаган жок. Негизи ошол кезде жаш учурум болуп конокто болобу же ашканада тамак даярдап жаткан учурум болобу айтор, дайыма ырдай берер элем. Ошондон ырахат алып, эс алып калчумун.


Ырчы Мирбек Иманбековдун апасы, батыр эне Канчайым Иманбекова:
- "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет"-дегендей, уулуңуздун бала кезинде атактуу ырчы болорун эне катары жүрөгүңүздөн сездиңиз беле?
- Там-туң баскан учурларында сезген эмесмин. Качан мектепке барып, ал жактан ырдап жүргөн учурларда чоң инсан болооруна ишеничим бар болчу.
- Балдарыңыздын канчанчысы? Кош бойлуу кезиңизде эмнеге талгак болгонсуз?
- Менин он бир балам бар. Мирбегим балдарымдын онунчусу. Кош бойлуу учурумда туздалган бадыраңга талгак болгом.


Ырчы Аскат Мусабековдун апасы Тамара Нааматбекова:
- Аскаттын атактуу болорун кичинесинде сездиңиз беле?
- Аскат эмне болбосун атын, фамилиясын жазып кол коё берчү. Атасы "балам чоң кызматчы болот го" -деп айтып калчу. Көрсө уулумдун атагы чыгып, күйөрмандарына автограф бере турганынын белгиси тура.
- Аскатты төрөрдө эмнеге талгак болдуңуз эле?
- Аскатты төрөрүмдөбү?... (Күлүп) Сабизге талгак болгом. Аскаттан кийинки уулумда курутка. Биздин алты балабыз бар. Үч кыз, үч эркек. Эне болгон соң ар бир балаң көз алдыңда чоңоет эмеспи. Аскат он эки жашка келгенден баштап комузду колго алып күү чертип жүрдү. Кийин ырдап чыга баштаганда атасы машинесине салып алып жүрсө, мен термосума чай көтөрүп алып жанында болчумун. Уулумдун атагы чыккан инсан болгонуна атасы экөөбүз кубанып келебиз.


Жаз-Айым Айдековa






 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика