Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_12.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_12.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_12.htm on line 12

Стамбул


Стамбул - алгач Рим, анын аркасынан Чыгыш Рим (Византия) империяларына жана континенттерге өз бийлигин жүргүзүп, ири тынчтык географиясын түзүп алган. Осмон империясынын борбору болгон Стамбул, өткөн тарыхынын баалуулуктарын сактап калуу менен, заманбап келечекке карай алдыга карай өнүгүүдө. Стамбулдагы ар түрдүүлүк, келген меймандарды чындап сыйкырлап өзүнө тартып алгандай. Музейлери, чиркөөлөрү, хан сарайлары, мечиттери, базар орундары жана табигый кооздугу айтып бүткүс кызыгууну жаратууда. Кысыктын жээгинде колуңузду жазданып чалкаңыздан жатсаңыз, күндүн кызарган нуру каршы жээктеги үйлөрдүн терезелерине чагылышканын көрүп, жүздөгөн жылдар мурун адамдар мындай укмуштуу жерди эмне себептен тандап алганын түшүнөсүз. Ошондой эле, Стамбул "дүйнөнөн борбору" болгон бир шаар экенин сезесиз.


Шаардын эң кооз эстеликтери Халич-Мармара деңизи- Сурлар арасында калган жарым аралда жер алган. Шаардын төбөсүнөн көрүнүп чыгып турган 500дөн ашуун мечиттердин көптүгүнөн баш айланат. Адамдар өзүлөрүн өткөн заман менен бүгүнкү учурдун ортосунда жүргөндөй, бир түштө жашап жаткан сыяктуу сезишет. Алты мунарасы менен Стамбулдун символуна айланган, жасалгасында көк түстөгү фаянстар болгондугу үчүн "Көк мечит" деп аталган Султанахмет мечитин сөзсүз көрүшүңүз керек.


Бет маңдайында Император Юстиниан заманында чиркөө катары салынган белгилүү Ыйык София музейи жайгашкан. Архитектуралык искусство үлгүсү болгон бул музей, Иса пайгамбарды, Ыйык Марияны жана императорлорду чагылдырган эң мыкты мозаикалык панолор менен кооздолгон. Башка бир бийиктиктен бул эки укмуштуудай монументти карап турган дагы бир мечит - бул Сулайман мечити. Бул Осмон империясы маалындагы архитектуралык искусствонун туу чокусу деп эсептелет. Мечит, мыйзамдуу султан Сулаймандын каалоосунун негизинде, архитектор Синан тарабынан курулган.


Мармарага жана кысыкка тиешелүү бир бийиктикте, 400 жыл бою Осмон империясынын султандарына турак жай жана саясий борбор болгон Топкапы ордосу орун алган. Топкапыдан Кытайдын фарфордон жасалган коллекцияларын, алтындан жана кымбат баалуу таштардан асемделип жасалган тактыларды, султандын кийимдерин, жомоктогудай элестеткен кымбат баалуу жасалгаларды, сейрек кездешүүчү кол жазма китептерди көрө аласыздар.

Ыйык София менен Султанахмет мечитинин ортосунда Византия доорундагы араба жарышы уюштурулуп турган эң белгилүү ипподром орун алган. Анын орто жеринде байыркы заманга таандык 3 обелискти көрүүгө болот.
(Уландысы бар)






 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика