Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_11.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_11.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_11.htm on line 12

Ректоруң ким студент?


Урматтуу студент, ректоруңдун ким экенин билесиңби? Жок дегенде аты-жөнүн, жүзүн дегендей. Ооба, айрым ректорлор студенттер менен тыгыз иштебегендигинин натыйжасында ишмердүүлүгү эмес, ректорунун аты-жөнүн дагы дурустап билишпейт. Биз "Ректоруң ким студент?" рубриканын алдында жогорку окуу жайларга кайрылуу жасоодобуз. Максатыбыз студенттер менен ректорлордун ортосундагы байланышты бекемдөө. Кандай иштеп жатат, бийлигин ашыкча пайдаланган жокпу, эмнелерди жаап-жашырып жатат... айтор, ректоруңузду мактайсызбы, жактайсызбы же жектейсизби сиздин ишиңиз. Болгону маалымат так болсун. Баса, ректоруңузга каалаган суроо берсеңиз да болот. Биз жооп алып берүүгө даярбыз. Ошондой эле, бир гана ректоруңузга эмес, окуу жайыңыздын проректорлору, директорлору жана мугалимдеринин ишмердүүлүгү тууралуу дагы маалымат берсеңиздер болот. Биз "ишеним телефону" кызматын ушинтип аткаралы деп чечтик. Демек, ректорлоруңуздар тууралуу уюлдук телефондон смс жиберсеңиз, электрондук почтага жазсаңыз болот. Эмесе урматтуу студент, ректоруңуздун ийгилиги жана кемчилиги тууралуу маалыматты 0 777 84 01 52 же 0552 725 825 номерине смс, 0 312 933 622 номерине чалып билдирүү, ал эми asmanpress88@mail.ru электрондук дарекке маалымат жибериңиз.




Ректор, студент жана коррупция


Бул жолку сапарыбыз борборубуздагы жогорку окуу жайларынын бири болгон Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетте болду. Алдыбыздан чыккан студенттер алгач ректорун сураганыбызда ийнин куушуруп, жооп берүүдөн баш тартышса кээ бири тайманбастан өзүлөрүнүн көйгөйүн айтып жатышты. Башкы корпусунун эшигин аттаганда эле ажааткананын жыты мурдуңду өрдөп ал жактан кеткенче шаштык. Студенттердин ремонтту айтып наалыганындай эле бар экен. Эң жакшы деген корпусунун бирине барсак ал жактын ремонттук иштери да жарытылуу эмес. Ошентип бул жолку сапарыбыз аяктады. Биздин жазгандарыбызды ректор окуп калса, студенттен түшкөн акчага жакшылап ремонт кылып коер деген ойго келдик. Анда сапарыбыздагы маегибизге өтөлү:
Айчүрөк, 1-курстун студенти:
- Ректоруңар ким?
- Ректор Исамидинов.
- Мугалимдердин билим берүүсү канаттандырарлыкпы?
- Жакшы эле.
- Акча менен окуган студенттер араңарда барбы?
- Ооба. Бирок, буга студенттер өзүлөрүбүз күнөөлүүбүз. Өзүбүз келбей коюп, мугалимдерди акча алганга түрткү беребиз. Кээ бир учурларда мугалимдер өзүлөрү акча алышат. Чындыгын айтыш керек. Кээде студенттер өзүлөрү келбей акча беришет. Бир жакты гана күнөөлөй берсек болбойт, күнөө эки жактан тең кетет. Эки жак тең буга жакшы мамиле жасаса болмок. Коррупция жоюлмак.
- Биринчи курс экенсиңер, мугалимдерге акча берип көрдүңөр беле?
- Ооба, андай болгон. Биринчи семестрда болду. Чынын айтсам, кээ бирде бербейин десең, өзүлөрү талап кылат экен. Кээ бир окуй албагандар өзүлөрү беришти.
- Ставкалары канча?
- Аны айта албайм. Айтпай эле коёюн. Кээ бир мугалимдер китептерин сатып алсаңар зачет коёбуз дешет. Айла жок аласың да зачет койдурасың.
- Жалпы студенттердин көйгөйү деп эмнени айта аласың?
- Жалпы студенттердин көйгөйү теория сабак көп өтүлөт, практика аз.
Жоодар Алымбеков, 2-курстун студенти:
- Мугалимдердин билим берүүсү сени канаттандырабы?
- Жок. Билим берүү деңгээли төмөн.
- Жалпы студенттин көйгөйү эмне?
- Билим деңгээлинин төмөндүгү жана ремонттун жоктугу. Болгону ошо.
- Канча төлөйсүң?
- Контрагым 32 миң сом.
- Ректоруңардын иш алып баруусу кандай?
- Жакшы эле.
- Ректоруңар ким?
- Блин… ким эле? Ким экенин унутуп калдым.
- Фамилиясын да билбейсиңби?
- Унутуп койдум.
Перизат, 2-курстун студенти:
- Студенттин көйгөйү эмнеде?
- Мисалы мен бюджетте өз күчүм менен окуйм. Кээде мугалимдер өз учурунда сабакка келип сабак өтүшпөйт. Убагы менен сабак өткөн мугалимдер аз эле.
- Бюджетте окуган студенттерден да акча талап кылган мугалимдер болобу?
- Бюджеттегилерден акча алган мугалимдер болушат. Көп эмес башкаларга салыштырмалуу аз. Көбүнчөсү өз күчүбүз менен окуганга аракет кылабыз.
- Өзүңөр көрбөгөн, сабака келбеген группалаштарыңар барбы?
- Бар андайлар. Аты-жөнү жүрөт да кийин зачётто келип сабактарын бүтүрүп кетишкендер. Андайлар тааныштарынын күчү менен келишет.
- Силердин корпустун ремонту талапка жооп береби?
- Өзүңүздөр көрүп тургандай аябай эле начар. Жылыга ремонт иштерин жүргүзүмүш этишет, бирок жеткиликтүү эмес. Мен Университет десе башкача элестетип келгем.
- Ректоруңар ким?
- Жаңы алмашкандыктан аны билбейт экенбиз.
- Ректоруңар менен студенттердин ортосунда байланыш барбы?
- Биз негизи өзүбүздүн кафедрабыз аркылуу иш алып барабыз. Өткөндө студенттер сүйлөшүп отуруп, бизден башка студенттер өз көйгөйү менен ректорго барышса, биринчисинде жумуш ордунда жок десе, экичи жолу кабыл албай коюптур.
Бектурсун Байсаев, Кыргыз филология факултетинин деканы:
- Сабак берүүнүн деңгээли төмөн, ремонт иштери жок деген студенттерди жолуктурдук. Бул боюнча эмне деп айтар элеңиз?
- Сабактын деңгээли төмөн дегенге кошулбайм. Дегенимдин бир себеби, бул нерсе мектептен башталат. Студенттин мектептен даярдыгы талапка жооп бербей, билими төмөн келип жатышат. Жыл сайын калыпка келип, жетишүү болуп өнүгүп баратат.
- Журналга аты катталган бирок, сабакка таптакыр катышпаган студенттер зачетто келип бааларын алып кетишет деп жатышат. Бул боюнча кабарыңыз барбы?
- Бул жашыруун эмес, андайлар бар. Жок десем калп айткан болуп калам. Бирок өзүмдүн факультетимди алсам мындай көрүнүш жок. Анткени, заман ушундай, өзүн-өзү баккан заман. Студенттин көбү жалаң эле окубастан, өзүлөрүн багыш үчүн иштешет. Бирөөнүн колунда бар, бирөөнүн колунда жок. Кээ бирлери ата-энесинен акча сурагандан жазганышат.Мындайынан караганда келбеген студенттер сметага кирип кетип, зачеттон башка балдардан ашыкча баа алып кетиши мүмкүн.
- Ректорун билишпеген студенттер бар экен анын себеби эмнеде? Балким ректордун студенттер менен иш алып баруусу начарбы?
- Студенттердин бул оюна да кошулам. Себеби, акыркы алты жылда бизге жетинчи ректор келди. Биздин окуу жайдагы шарт ушундай. Кеминде эң көп иштегени бир жарым жыл иштеп кетип жатышты. Ошол себептен студенттер ректорду тааныбай, көрбөй калышы мүмкүн. Улуттук деген статусу бар жогорку окуу жайлардын ректорун Президент дайындасын деген бар. Ошонун негизинде атайын дайындалып келишти. Анын арасында иштегендери болду, иштей албагандары болду.
- Сиздердин университетти коррупцияга малынган оку жайлардын алдынкысы дешет экен. Балким жетекчилер билип-көрсөңүздөр да көз жумуп жаткан жоксуздарбы?
- Пара албайт десем дагы калп болуп калам. Эгер мугалим үй-бүлөсүн багыш үчүн, өзүн багыш үчүн, айлык маянасы жетишерлик болбосо анда алар андай нерсеге барат. Бул биринчи жагы, экинчи жагы жогоруда айтып өткөндөй келбеген студенттер өзүлөрү түрткү болушат. Мындайлар массалык көрүнүш эмес. Жамаатыбызда ушундай жаманатты кылган кесиптештер болот. Мындайлардан кутулуш керек, кутулуунун жолдору бар. Союз мезгилиндегидей болуп, бир оорунга конкурс жарыяланып анан мугалимдер келиш керек. Азыр жогорку окуу жайды эптеп бүтүп алып чоңдор аркылуу же тааныш аркылуу келип жаткан жаш кадрлар бар. Сапаты жок деген сөздүн бары ушундан чыгып жатат.
- Коррупция менен катуу күрөш жүрө баштады. Сиздер да мындай нерсени жою үчүн аракет кылсаңыздар болобу?
- Өкмөт коррупцияны жою үчүн күрөшүп жатат. Чабактар кармалып, киттери калып жатат. Мындай нерсе жогору жактан башталышы керек. Паракорчулук өнүккөн өлкөлөрдө да бар. Биз да коррупцияны жою үчүн аракет кылып жатабыз. Бирок, мугалимдерге татыктуу айлык маяна коюп берсе акырындык менен жоюлчу нерсе.






 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика