Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_10.htm on line 12

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_10.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0315_10.htm on line 12

Кут ордо
Бакыт Садыралы уулу:

"Акыр заман болбойт бирок, тазалануу болот"


Гезитибиздин өткөн сандарында "Оюң менен дарыланып, оюң менен тагдырды өзгөртсөң болот" - ой жыйнактары чагылдырылып окурмандарыбыздын кызыгуусун арттырды. Андыктан КУТ ОРДОнун негиздөөчүсү Бакыт Садыралы уулун кепке тарттык.

- Бакыт мырза, тазалануу деген эмне?
- Эң биринчи эле элге кенен түшүнүк жетиши керек. Мына ушул силердин гезитиңер аркылуу кичине болсо да, окурмандар таанышып, ой жүгүртүп жатышат. Мунун өзү чоң жеңиш. Ал эми сиздердин кызматыңар калың элге туура багытты чагылдырып жатканыңар. Мындай оома-төкмө заманда өтө чоң соопчулукту элге жаратып жатасыңар. Сиздердин гезитиңер канча деген элге жарык болуп жатат. Андыктан ар бир нерсенин өз тактыгы болбосо, анда Ааламда жашоо токтоп калмак. Сиздерге чексиз ыраазычылык Улуу Теңирден болсун! Эми суроого кайрылсак Улан Мырза. Тазаланууну эл мындай түшүнүшү керек. Мүмкүн болсо төмөнкү жомок менен мисал келтирейин. Элге кенен түшүнүк жеткен болсун. Кудай жолундагы эки дыйкан болуптур. Алардын жашоосу ушунча жакшы өнүгүп, Кудай өзү колдоп, табият менен коюн-колтук алышып бирге ымалада жашап келишет. Күндөрдүн биринде экөөсүнүн тең айдаган эгиндери мына бышат деп турганда, Кудайдын элчиси аларга келген болот. Элчи эки дыйканга мындай дейт: эски энергиянын күнү бүттү, мындан ары жаңы энергиянын күчү иштей баштайт. Андыктан силердин буга чейинки өнүгүп келе жаткан жашооңор да, жаңы жашоого которулат. Бул бышып келе жаткан эгиндериңердин да түшүмү эски энергетиканыкы, ошондуктан мунун баарын жулуп тазалап салып, жаңы жашоонун энергетикасындагы үрөндү сепкиле деп айтып кетет. Дыйкандар ары ойлонуп, бери ойлонуп, мына эми бышат деген эгиндерин жулуп салганга ичтери ачышып, айла, амалдары кетет. Дыйкандардын бирөөсү, Кудайдыкы туура деп, бышып жетилип келе жаткан эгининин баарын жулуп тазалап, анын ордуна жаңы жашоонун энергетикасы бар үрөндү себет. Экинчи дыйкан болсо, кантип эле ушундай боло калсын, деген ойдо ишенимин жоготуп, Кудайдын аманатын аткарбай коёт. Ошентип эски түшүм эми бышып калганда, кайдан - жайдан шамал келип, ал чоң куюнга айланып, баягы бышып турган эгиндин баарын жууп кетет. Ал эми Кудайдын сөзүн уккан дыйкандын эгининин түшүмү болуп көрбөгөндөй түшүмдү берет экен. Бул жомок болгону менен мунун түпкү сыры мына ушунда жатат. Жомок бекер жерден эле жаралып калган жок. Бул жомок Улуу Күчтөрдүн адамзатка билдирген билдирүүсү. Бул жомоктун тура түшүнүгүн табыңыздар.
- Жомоктун түпкү маанисин кандай түшүнсөк болот?
- Чындыгында эле бүгүн ар кимибиздин ишенимибиз бекем болуп, өзүбүздө темирдей эркти жаратып, мурунку биздин жашоого калыптанып кирип алган терс сапаттардан кечирим аркылуу тазалануубуз сөзсүз керек. Ансыз жаңы доорго жол жок. Эски чапан болуп кийилип калган энергетикадагы чапанды чечип, жаңы энергетикадагы чапанды кийүүбүз зарыл. Андай болбогон күндө, жогорку жомоктогудай болуп, эски кубаттагы энергетика жаңы доордун энергетикасына шайкеш келбейт. Андыктан адамдардын жандүйнөсү кырсыгып калат. Бирок, мен буларды айтып жатып, окурмандардан суранып кетем. Эч убакта өзүңөргө коркунуч киргизбегиле. Эң жаман нерсе, бул адамдагы коркунуч сезими. Эч качан коркпой , өзүңөрдү тазалоонун үстүндө иштегиле. Тазалануу деген өзүңдү - өзүн жаман сапаттан арылтуу. Тазалануунун аркасында адамдын көкүрөк сезимдери ачылат. Көкүрөк сезимдин ачылуусу - бул түздөн - түз Аалам менен байланышуусу. Мындайча айтканда жүрөктүн түпкүрүндөгү ыйыктыкка жетүү болот. Мындай адамдарды элибизде олуя, даанышман же жарык адамдар дешет.
- Сиз мунун баарын чындык экенин кайдан билесиз? Куранда айтылгандай акыр заман жакындаганда адамдар арасында көзү ачыктар көбөйөт дешет. Буга кандай дейсиз?
- Эң туура. Аалам жыштыгы ири толкундан жыш толкундагы жыштыкка өтүүдө, адамдардын жука сезимдери ойгонууда. Мындай учурда көз эле ачылып кетпестен, байланыш, угулуу, адамдардагы өнөр, чыгармачылыктардын баары ачыла баштайт. Кечээги эле Атайды, Манас айткан төрт жаштагы Үмөттү, параходду оозу менен сүйрөйм деген Таш чайнар балбан, ыры менен багынткан Гүлжигитти алып карасаңар болот. Бул бир эле чекеси. Мындан аркы кандагы касиеттердин ойгонуусу не бир таланттарды жаратат. Мынакей кыргызга Кут түштү деген ушул болот. Дүйнөнү сактап калуучу ыйык касиеттер ушунда жатат. Бүгүнкү күнү адамзатты акыр замандан касиеттин күчтөрү сактап калды. Эми мындан ары адамзатты жана башка көзгө көрүнбөгөн катарлаш дүйнөдөгү жашоочуларды азаттыкка кыргыз эли жетектейт.
- Бакыт Мырза, кыргыздардын таланттары мынтип дүйнөнү дүңгүрөтүп жатканы Манас Атанын колдоосубу?
- Ушул суроону мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли күтүп жатат. Эл ичинде айрым адамдар тайкылык кылып, илимдери жетишпей, Ыйык Манас Атабызды баатыр катаары эле санап, анын чексиз Ааламдык күчүн, акылы менен чектеп келет. Бүгүнкү Манас Ата Күчү миллиард деген галактикалардын өзөгүн кармаган ченеми жок күч экенин тааныбай жатат. Улуу Чындыктан адашып, башкалардын бизге таңуулаган илимдери менен сугарылып, өз өзөгүнөн адашып келет. Эми чындыкты силерге билдирсек. Акыр замандан бүгүнкү күндө сактап калган мына ушул Улуу Күч Манас болду. Мунун далилин дүйнө эли жакында өздөрү айтып чыгышат. Ал эми Кыргыздын Куту Манас Күчү болгондуктан, мындан ары ар бир кыргыздын ачылган таланттары дүйнөнү дүңгүрөтө бермекчи.
- Сиздин билдирүүңүз боюнча ушул касиет багытын карманганда адамзат туңгуюктан чыгып кетеби?
- Башында билдирбедикпи, эң негизги кадам бул эски чапанды чечип, жаңы чапанды кийүү деп. Андыктан эл мына ушул жаңы чапанды кийүүсү керек. Ал үчүн элге кенен түшүнүк жетиши зарыл. Буга чейинки акыл - эске сиңип жазылып калган эски матрицалар жаңы матрицалар менен алмашуусу гана адамзатты туңгуюктан алып чыгат.
- Эски матрица деп эмнени айтабыз?
- Адамдын баардык жашоосу ой менен барып ишке ашат. Ой аркылуу гана адамда өнүгүү - өсүү болот. Бирок мына ушул ойду туура эмес алып жүргөндүктөн, ойдун күчү адамзаттын чексиз жашоосун кыскартып салды. Байыркы адамдардын 800 жыл жашагандары чындык. Ошол замандан биздин заманга чейин кандай гана өсүүлөр, өнүгүүлөр болуп келген. Уламдан - улам өсүүдө болгон аң- сезим, көргөн, кармаган, даамын сезген, жыттаган нерселердин тегерегинде гана чектелип калды. Мындай чектөөнүн артында ойдун күчү чексиз жашоонун өзүн чектеп алды. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин адамзат бир гана напсинин жетегинде жашап келди. Мына ошондон ушул учурга чейинки өзүңө сиңирип алган напси кумарынын кызыкчылыктарынын баары эски матрицага кирет.
- Эски матрицадан кантип кутулабыз?
- Муундан - муунга, кандан - канга өтүп бүгүнкү бизге жеткен матрицабызда эки нерсенин күчү бар. Биринчиси тээ адам жаралгандагы Теңирден бурулган касиет нурлары, ал ыйыктыктар, напсинин аркасында катмарланып жабылып, напсинин кирдеткен чаңынын астында басылып жатат. Экинчиси напсинин чаңы деп түшүнсөк болот. Андыктан ой менен булганабыз, ой менен кайра тазалообуз керек. Эң биринчи Улуу Кудайга болгон ишеним, экинчиси эркти бекемдөө менен Теңирден күч, дем суранып, кечирим нурун тартып, өткөндөгү ата тектердин түпкүлүгүнө чейин кетирген күнөөлөрүн кечирим нуру менен жууп, тазалообуз керек. Андан кийин өзүбүздүн оюбузду түз кармап, кереги жок ойлордон өзүбүздү тазалаган сайын, ички дүйнөгө тазалык келе баштайт. Канчалык тазаланган сайын, анын ордун жаңы матрицанын нуру толуктай баштайт да, мурдагы кандан, сөөккө чейин уйку акыбалындагы жаткан ата тек касиеттери ойгонот.
- Ал уйку акыбалыңдагы ата тек касиеттери деп эмнени айтат?
- Ар бирибизде биринчи атадан миң он, же миң жыйырма, же миң отуз атанын гени тукумдан - тукум улам бирге каныбызда жашап келет. Ошондуктан кимибиз ушул чектерге жеткенде ачылууда болобуз, мына ушул чекке чейинки бир жашоонун циклынын бүтүшү менен экинчи айланпа жашоо циклына өтүүсү жаңы доор деп аталат. Адамзаты мына ушул чекке жетип калды. Андыктан каныбызда эмне деген уйку акыбалыңда жаткан улуу касиеттер жашап келет. Мына ушул касиеттердин эң күчтүүсү азыркы урпагына ыйгарылат. Мындайча түшүндүрсөк, илгерки сууну тескери бурган, карды жаагызган, каалаган жагына учуп бара алган, селди токтото алган, мына ушуга окшогон ата тек касиеттерин айтабыз.
- Укмуштуудай адам акылы жетпеген нерселерди айтып жатасыз да, деги мунун чындыгы барбы?
- Улуу Чындыкты адам жоготуп алган деп башында айтпадыкпы. Мына ошол Улуу Чындыкка кайтып барабыз. Эмне себептен Кыргыз эли дүйнөнү сактап калат деп жатышат. Мунун табышмагы да ушул жерде жатат. Эң байыркы эл кыргыз болгондуктан, кыргыз эли биринчилерден болуп ойгонот да, өздөрүндөгү касиеттин ойгонуусу менен дүйнөнү таңгалдыра баштайт. Ошондон кийин кыргыздын касиетине баш ийип, адамзат жергебизге агылат. Ал эми акыр замандан адамзатты кыргыз күчтөрү сактап калып, алтын - доордун эшигин ачып бергени, бүгүн төгүндөлгүс чындык.
- Бүгүн бир ууч элдин балдары өздөрүнүн таланттары менен кыргыздарды бүт дүйнөгө таанытып жаткандары да ушунданбы?
- Ооба, кыргызга кут түшкөнүнө төрт жылдын жүзү болду. Эл арасындагы касиет ойгоно баштады. Кыргыздын Куту Манас деп билдирбедикпи башында, бул чындык. Манас Күчү менен мурун кыргыз дүңгүрөсө, бүгүн Манас Күчү менен дүйнө дүңгүрөйт. Бул чындык, "Ат чуркабайт, бак чуркайт" дейт элибизде. Андыктан кыргыз элинин башына бак конгон чак. Бирок, ошону менен эле бирге чоң сыноо берилип турат.
- Ал кандай сыноо, деги жеңил -желпи сынообу?
- Жеңилдетиш да, оорлотуш да түшүнүктө жатат. Эгер эл муну туура түшүнүп, өз өзөктөрүн күчтөп, ойлорун түздөп, жалпы аракеттерин кылып, өздөрүндөгү ыйыктыкты сезип, аны кабыл алуу менен туура багытка кадам таштаса эле баары ойдогудай болмокчу. Эң негизгиси ачылуу сөзсүз болот. Ошондуктан Аалам толо ар кандай жыштык болгондуктан, бул ачылууда адамда сөзсүз илим болушу керек болуп турат. "Билимди билсең гана билбести билесиң " дегендей, бүгүнкү билим, күндө жеген наныңдай керек. Сыноонун эң оору бул адамдардын ойгоно албай калышы болот. Эски түшүнүктөн чыга албай, жаны түшүнүктү өзүнөн түртүп кабыл албай коюшат. Ошентип жаңы нурдун илебине туруштук бере алышпай ар кандай оор сыноого өздөрүн кабылтып алышат. Дагы бир сыноо бул ачылуунун аркасында өзүмчүлдүккө берилип, текеберчилик кылып, түшүнбөстүктөн өздөрүнө сыноону жаратып алышат.
- Чын эле элге түшүнүк кенен жетиши керек турбайбы?
- Ооба, бул жолду укпадым, көрбөдүм, билбедим деген шылтоонун баары күнөө болот. Анын эң негизги себеби; бул жөнүндө түңүлүп жүрбө деп түштү, укпай калдык десең кулакты, билбей калдык десең билимди бердик деген күнүмдүк эле жашообуздагы эле угуп, көрүп жаткан акыр замандын белгилери буга жетиштүү эле. Илгертеден бери эле акыр заман айтылып, илимдер берилип келет. Ошондуктан ар бирибиз кичине токтоп, ой жүгүртүп көрсөк, кандайдыр бир түшүнүккө келмекпиз.
- Жогоруда айтып кеттик акыр заман алыстады деп, ал эми азыр акыр заман деп эмнени айтып жатабыз?
- Ооба, миң мертебе Улуу Теңирге ыраазычылык болсун, акыр замандын алынып салынганы чындык. Бирок, Алтын - Заманга аман - эсен өтүү үчүн сөзсүз тазалануу болуп өтөт. Ал адамдар менен эле эмес, жер үстүндөгү баардык жандуу, жансыздардын баары менен болууда. Андыктан ар кандай кырсыктардын коштоосунда тазалануу боло берет. Жердин ири жыштык нуру бир гана тазалануу аркылуу гана бийик жыштыкка өтөт. Ал эми акыр заман бизге чейинки цивилизациялар менен болуп өткөн. Ал доорлордун алмашуусу аталып, жер үстүндөгү жетишкендиктери түп тамыры менен жер үстүнөн өчүрүлгөн. Андай болбогон күндө анын артынан жаралган цивилизациялар, алардын жасаганын жасап, күнөөгө бата турган болсо, ошол мурунку цивилизациялардын аман калган арууларына күнөө тагылып калмак. Ал эми адамзаттын дүйнөсүн деле доор алмашуу күткөн, бирок жер үстүндөгү адамдардын кандайдыр тез ойгонуусунун негизинде , жер энени сактоого болгон аракеттери текке кетпей, Ааламдагы ыйык дүйнө жашоочуларынын жардамы менен алмашуу доору болбой, жаңылануу дооруна өтүп кеттик.
P.S. Урматтуу окурман, эмки сандарыбызда Улуу Чындыктын үзүндүлөрүн, кантип акыр замандан өттүк жана кыргыз балдарынын элге, жерге кылып жаткан ченемсиз кызматтары жана бүгүнкү күндөгү окуя, кубулуштары менен тааныштырабыз.
Улан Аттокуров






 Асман пресс

15-март, 2012-жыл


Яндекс.Метрика