Айыл сыймыгы

Абдыбалы атанын эмгеги



Адам баласы бул жашоого келип, артына из калтырып, эли-жери үчүн аз да болсо кызмат кылып кетүүнү үмүт кылат эмеспи. Биздин аталарыбыз, агаларыбыз тээ илгертеден бери мамлекеттин калыптанышы үчүн жан үрөп кызмат кылып келишкен, согуш жылдары андан кийинки кайра куруу, отурукташуу мезгилиндеги алардын жасап кеткен иштерин тарых барактарынан жана айылдагы аталарыбыздын төшүндөгү жаркыраган орден, медалдар, көздөрүнүн түбүндө катылган миң сан жылдык сырлар айгинелеп турат. Муну менен эмнени айткым келип турат. Сиздердин гезиттен "Айыл сыймыгы" рубрикасын окуп калып дароо эле биздин айылдагы Абдыбалы ата эсиме түштү. Сөздүн каймагын калпып, шурудай тизмектей албасам да Абдыбалы атанын баскан жолун айтып берүүгө аракет кылдым. Анда эмес сөз башынан болсун.
Карагазиев Абдыбалы 1936-жылы 5-декабрда Кочкор районундагы Семиз- Бел айылында туулган. Ошол эле айылдагы мектепти 7-класска чейин билим алган. 1954-жылы армияга барып кызмат өтөп келген соң, 1960-жылдан баштап Кочкор асыл тукум мал өстүрүү совхозунда чабан болуп эмгектенүүдөн баштаган. 1973-жылы 6- сентябрда СССРдин жогорку кеңешинин президиумунун указы менен "Эмгектин каармандыгы" ордени менен сыйланган. 1977-жылы 4-майда Социалисттик мелдеште жогорку төл алууда жеңип чыккандыгы үчүн "Ардак грамота", ошол эле жылдын 14-январында "Эмгек Кызыл Туу" ордени, кыргыз ССР жогорку советинин грамотасы менен сыйланган. 1980-жылы 25-мартта талыкпас эмгеги үчүн "Ленин ардак грамотасы" менен сыйланган. 1982-жылы жогорку төл алууда жеңип чыккандыгы үчүн грамота алган. 1986-жылы 12-октябрда "Эмгек каармандыгы" ордени, 1991-жылы 1-августта Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен сыйланган. Жогорку жетишкендиги үчүн СССРдин күмүш орденин ээси болгон. Бир нече жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болгон. Абдыбалы атаны көргөндө патриоттук духуң ойгонуп, чыйрала түшөсүң. 1992-жылы ардактуу эс алууга чыгып, азыркы тапта 8 баланын, 22 неберенин атасы. Абдыбалы атанын адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү тууралуу айта берсем кебим арбыбастыр.

Гүлзат
САДЫРБЕК кызы
PS. Урматтуу окурман сиздин да айылда Ишенбек Исаковдой болгон сыймыктуу адамдарыңыз болсо биздин редакцияга кат жолдоңуз. Биздин эшик сиздер үчүн дайыма ачык. Байланыш телефон: 0312 933-622, электрондук дарегибиз asmanpress88mail.ru





ОКУТУУЧУ, ОКУМУШТУУ - ЛАЙЛИ ЭЖЕ



Күркүрөгөн күздө өлкөбүздө билим берүү тармагынын башында туруп, адистикке окуп-үйрөтүүнүн уюткусу болгон - Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасы Өкмөт тарабынан белгиленди. Улуттук университет түптөлгөндөн бери канча миңдеген жаштар жашоолоруна багыт алып, улут үчүн дилин берген мекенчил окутуучулардын канча мууну алмашты. Жаркылдаган жаштыктын ой-санаада жалаң гана жакшы өрөөн, ак көпөлөк учуп конгон гүлдөрдөй көркөм студенттик күндөрү менен эстен кетпей калган эже-агайлар болот. Дал ошондой менин эсимде калган окутуучулардын бири Үкүбаева Лайли эже. Лайли эже анда жаңы эле Москвадагы Горький атындагы адабий институттун аспирантурасын бүтүрүп келген экен. Өзү жапжаш окутуучу болсо дагы сабырдуу басып, салмактуу сүйлөп, студенттердин түгөнбөгөн ой-толгоолорун тыңшап уккан Лайли эженин аброюу артык эле. Артына тыкан түйүлгөн чачы, ар дайым бир калыпта жүргөн ачык-маанайы Лайли эжени өзү баяндаган адабий каармандардын нукура кыргыз кызынын элесин берчү. Ошол 70-жылдары кыргыз адабиятынын бардык жанры өсүп-өнүгүүнүн жогорку бийиктигине жетип, дүркүрөп турган мезгили экен. Андагы акын-жазуучулардын кимиси тууралуу сөз болсо да, ар бири чебер устат, кайталангыс сүрөткер. Лайли эже дал ошол көркөм чыгармаларды талдап окутулуп, андагы терең ой, түбөлүктүү идеяларга көбүрөөк көңүл бурчу. Айрыкча, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын талдоодо башкача чачырап сүйлөп берчү. Көрсө, Ч.Айтматовдун чыгармаларын жакындан таанып дегендей, кандидаттык, кийин докторлук иштеринде залкар жазуучунун эмгектерин изилдеп жүргөн экен. Анын үстүнө мезгил ыргагын алдын ала сезген чыгаан инсан Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы "Канткенде адам улуу адам болот?" деген суроосу жалпы адамзатка тегиз берилип, жөө тумандай дүйнөнү каптап келе жаткан "манкурттан" жаш муунду кантип сактап калуунун аргалары кызуу талкууга түшкөн. Дал ошондой шартта Лайли эжеге окшогон эже-агайлар жаштардын ак-караны ажыратып, "адам" бойдон калуусуна жан далбас уруп, какшап сүйлөп турду.
Үкүбаева Лайли эже Улуттук университетте 18 жыл, тактап айтканда 1972-жылдан 1992-жылга чейин окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп иштеген. Кийин Бишкек Гуманитардык университетинде кафедра башчысы, азыркы учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.
Лайли эженин "Көңүл ыргактары" деген өзү айткандай "же сүйүнгөндөн, же бир күйүнгөндөн" жаралган китепчеде акын болом деп, кийин башка багытты көздөп кеткендиги жазылган экен. Акын болбогон менен бүгүнкү күнгө чейин акын-жазуучулардын эмгектерин талдап, жаш күйөрмандарга таанытып келет. Канчалаган таланттуу акын-жазуучулардын окутуучусу, устаты болду. Лайли эже ошол Улуттук университетте иштеген жылдары, бул окуу жайдын филология факультетине өтүүнүн өзү чоң жеңиш болгон. Анткени, бул факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү чын эле абройлуу акын-жазуучулар, чыгаан адабиятчылар, деги эле элге кеңири таанылган адамдар болгон. Кандай болгон күндө да кийинки чыгармачыл чөйрөдө Лайли эженин эмгегинин бар экендиги талашсыз. Буга эженин 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзуна, 1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна мүчө, "Асылзат" аялдар гезитинин, "Кыргыз адабияты" гезитинин редколлегиясына мүчө болгондугу күбө. Жан дүйнөнүн тазалыгына умтулган:
Жаанда калдым, жыргал ай, жаанда калдым,
Көнөктөтүп төбөңдөн жамгыр төктү.
Көптөн бери көк таштай уюп калган,
Көр-тирликтин көйгөйүн жууп кетти,
Жамгыр төктү, жыргал ай, жамгыр төктү, -
деген сезимтал ыр саптары Лайли эженин катылган талантынан кабар айтат.
Лайли эже кыргыз адабиятынын көрүнүктүү, тажрыйбалуу окутуучу, үзүрлүү окумуштуу гана эмес, төрт баланын энеси, бактылуу жар. Ошол себептүү эне түйшүгүн, коомдогу аялдын ордун ар качан белгилеп, көптөгөн макалаларды жазып, ар кыл талкууларга үзбөй катышып келет. Жогоруда аталган китепчеде да эне жөнүндө ыр саптары арбын.
Эне болуп, таяне болуп жана да,
Чоң эненин сыймык жүгүн аркалап,
Төрдө отурса өзүнчө бир керемет,
Эне деген бул жашоодо салтанат - деп эненин ордун "Эне деген бул жашоодо салтанат" деген ырында белгилейт.
Лайли эжеде окутуучулук касиет күчтүү болгондуктан, анын ой чабыты кенен, таасирдүү сүйлөгөн уюткулуу сөздөрүнө муюп, көбүбүз эжеге окшош болууга аракет кылчубуз. Лайли эженин жаштарга билим берүүдөгү эмгеги бааланып 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги", 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" наамдары берилген. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылып, "Илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын лауреаты" наамын алган. Филология илимдеринин доктору, профессор Үкүбаева Лайли эже бүгүнкү күндө белгилүү окумуштуу, сыймыктуу окутуучу болуп, басыгынан жазбай, үзүрлүү эмгектенүүдө. Келе жаткан жаз майрамы менен куттуктап, эжеге ден соолук каалоо менен, эл арасында аброюу дагы да арта берсин демекпиз.
Биз болсо Сиздин сабакта кызуу талкууланып бүтпөй калган "Канткенде адам улуу Адам болот? деген суроонун жообун таппай келебиз.
Айнагүл Калчаева, Бишкек шаары