СМС маек


Урматтуу окурман, жашоонун оң-терс күндөлүгү болот эмеспи. Эгер сиз:
o Дос күтүп, сүйүүңүздү тапкыңыз келсе, кубанычыңыз койнуңузга батпай турса же көңүл өйүгөн көйгөй болсо же жакындарыңызга куттуктоо айткыңыз келсе,
o Сиз жашаган аймактагы (район, шаар, айыл) жаңылыктарды жазгыңыз келсе (эгер жакшы жаңылык болсо гезитке өзүнчө чыгат. Анда гонорарына бирдик салып беребиз),
o Саясатчыларга, шоу бизнес өкүлдөрүнө же сиз кызыккан ар кандай суроолорду бергиңиз келсе, Анда 1032 кыска номерине "А" деген тамгадан баштап же болбосо 0777840152 телефонуна смс жазыңыз. Эскерте кетчү нерсе жерлигиңизди, аты-жөнүңүздү толук жазууну унутпаңыз.

А-152 Энелерге ушул ырым арнаймын! Энелерге чын денсоолук каалаймын!Ар дайым аман болуп эл ичинде! Көтөрүлүп ачык болсун маанайың! Энелерге тең келбейт го бир дагы зат, Өчпөсүн эч качан энеке деген ат. Энелер бизди белден кысып бөлөгөн бешигине, Балам деп түйшүк тартып чоңойтуп, эрезеге жеткирген алтын апалар, асыл энелер 8-март майрамыңыздар менен!
А-153 5-март ак калпакчан күнүңөр менен! Ак калпакчан жигиттерибиз көбөйө берсин. Жигиттер башыңардан ак калпак түшпөсүн бар болгула сүйүктүү жигиттер! Ак калпакчан жигиттерибиз көбөйө берсин. Таалайгүл. Бишкек шаары.
А- 154 Үмүт, тилек, ырыскы-кут куюлушуп келе берсин! Кудайым каалаганын бере берсин. Кадыр-барк дөөлөт күтүп бул жашоодо! Турмуштун бал ширинин тата берсин. Баардыгыңарды 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Дагы бир жолу майрамыңар менен! Тел: 0779401686
А-155 Ассоллому алейкум кыргыз калкым! Гулика 94. Тел: 0772948377
А-156 Мен тарткам бир кезде азапты, Жалгызмын да дос кылдым калем менен кагазды. Асырап ал ырымды, төгөйүн сырымды, Кучагыңда жылуулук барбы деги. Жашоом болчу сен мендеги, Жалгыздык сүйгөн жаным. Ажыратып алгын мени бар болсо кызганганым, Жарадармын... жамгырда шөлбүрөп бара жатам. Жылаңаяк жолдомун, жок дегенде кышында эшик аччы...махабат сезимдеринен сураныч... Нарын шаарынан Кана.
А-157 Улуусуңар, сулуусуңар айымдар силер барда дүйнө түгөл баары бар чын-дилимден куттуктаймын силерди, куттуу болсун 8-март майрамыңар! Тел: 0779 629-689
А-158 Мен ыр жазам, а бирок чыгара албайм жарыкка. Мен эмнеге кыйналам, китеп жазсам аны досум окусаң, ойлоноорсуң мага жардам берүүнү. Эгерде сен капчык кармап креслодо отурсаң. Колдоп кой таланты бар адамды, жебей койсоң арамды. Жакшы ишке койгон болот элең кадамды, менин да болоор сага жардамым. Канадан, тел: 0552011887
А-159 Амир Касенов салам, сага ыраазычылык билдирем "Сүйүү жазы" деген ырың мага жакты. Менде да жакшы ырлар бар, керек болсо кайрылсаңыз болот. Менде тажик кызына арналган ырлар бар. Ал эми бизде андай ырды уга элекмин, тарыхы терең, улуттар араздашуусун бир аз жакындатууга көмөк болмок. Кана.
А-160 АСМАН ПРЕССКЕ! Каалайм сага арчадай узун өмүр! Каалайм сага деңиздей тунук көңүл! Каалайм сага бул дүйнөнүн жакшысын! Каалайм сага бул жашоонун ачкычын! Каалайм сага тунук сүйүү, ачык маанай! Каалаймын үй-бүлөөлүк бакыт-таалай! Каалаймын бүгүнкүдөй жарык маанай! "АСМАН ПРЕССтин" жалпы жамаатына талыкпаган эмгек, ийгилик каалайм! Бар болгула смске бай болгула! Жадырап жайнап жаркөптөй кайнап жүрө бергиле!!! Таалайгүл. Бишкек. Тел: 0779401686
А-161 А-162 Жандап жүрүп билбепмин, силер менен жаштык бийин бийлепмин, анда мен жандап жүргөн сагынычтын бар элесин билбепмин. Группалаштарым Асанова Г, Токталиева Н, Осмонова Назира, Чанбоева Э, Салима кочкорлук дунган улутунан. Силерди издеген Токмок медучилищасын бирге бүтүргөн Иманкулов Канимет. Азыр Ошто иштейм, чалгыла сураныч! Ошондогу студенттер азыр кимдер болушту, тагдырыңар кызыктырат, барсыңарбы? Тел: 0552011887
А- 162 Келгиле кыргыз калкым бөлүнбөйлү. Бөлүнсөк бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет. Биздин душмандарыбыз көп. Патриотка96. Тел: 0779337236
А-163 Урматтуу "Асман пресстин" кыздары сиздердин 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Үмүт-тилек, ырыскы кут куюлушуп келе берсин. Кудайым каалаганды бере берсин! Кадыр-барк дөөлөт күтүп бул жашоодо. Турмуштун бал ширинин тата берсин. Майрамыңар менен! Таалайгүл, Бишкектен.
А-164 Дин менен жашоо бактылуулук ( намаз, ыйман, орозо, даават, адал эмгек, ж.б. аткаруу) Максат, Чаектен.
А-165 Арманым аттын башындай, айтсамбы сага жашырбай. Кулак сал менин сөзүмө, майып болдум кантейин баса албай анчейин. Дос күткүм келет мен деле, карабайт тура майыпты, эч кимге керегим жок беле. Жакында толом кырк жашка, көзүм толтура көз жашка, кудайым мага бербеди бакытты, наристени. Күнөөм болсө кечирчи деп суранамын Аллахтан. 1972-жыл, 3-апрель. Таалайгүл. Тел: 0779401686
А-166 Токмок медучилищасына сагынычтуу салам жолдойм. Айзада Масымканов эжеге салам, Болот Алменбаевичке шайлоо алдында чоң ийгиликтерди каалайм жана студент балдар-кыздардын окууларында ийгиликтер болсун. 8-март майрамы менен эжелерди куттуктайм. Бүтүрүүчүңөр, сүрөтчү жигит семиз-белдик Иманкулов Канимет, Оштон салам.
А-167 Ислам жана жашоо бактылуулуктун себеби: адам динге мээнет кылса эки жүздүүлүк, арамзаалыктан, кайдыгерликтен, жалганчылыктан жана башкалардан тазаланат экен. Максат.
А-168 Салам, "Асман пресс" кыргызымдын патриоттору барсыңарбы! Мен силерди жакшы көрөм, түндүк-түштүккө бөлүнбөйлү, келгиле бири-бирибизди сыйлайлы. . Тел: 0779 337236. Патриотка .
А-169 Камчыбек Ташиев сиз мекен үчүн иштеген адам деп ойлойм. Сизге Кыргызстан ишенет, ошондуктан биздин ишеничти актайсыз деген үмүттөбүз. Кадамжай эли.
А-170 Кыздар менен таанышам дос катары. Beibi6699.kg@inbox.ru. Тел: 0777079709





Асман пресс

8-март, 2012-жыл

Яндекс.Метрика