Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_21.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_21.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_21.htm on line 12

Арак


Кылым карыткан кыргыз эли азыркы тапта арактын артынан түшүп, жаш-кары дебей "баш жазар" издеп, анын айынан далай үй-бүлөлөр бузулуп, балдар жетим калып, абийир, ар-намыстан кол жууп турган кездери. Ичкиликсиз кыргыз тойлору өтпөй калды. Баткен областынын 2010-жылдагы губернатору Айтибай Тагаев 2009-жылдын январь-сентябрь айында 3238 той болуп, аларга 1 миллиард 113 миллион сом корогондугун кейиш менен "Шоокум" журналынын №1114-санына айтып берген. Мына ушундай тоодой каражаттар аракка жумшалат экен.
Бул суюктук кыргызды кырып бүттү, кыргыздын түбүнө жетчү чекке келди. А бизде бул душман менен күрөшүүчү концепция иштеп чыгуунун ордуна телеэкрандардан арак сатып алгандарга автомобиль ойнотуп жарнамалап, көчөлөргө сүрөттөрүн илип, кооз бөтөлкөлөрдү күн сайын чыгарып, спирт ичимдиктерин жасаган фирмаларды "жылдын мыкты өндүрүшчүлөрү" деп атап, сыйлыктарды, сертификаттарды берип отурабыз.
Ичкиликке берилген адам улуу-кичүүнү көзгө илбей, жаман адаттарды кылып, адепсиздигин көргөзөт: какырынып-түкүрүнүп, сөгүнүп-сагынып, ургаачылардын көзүнчө эркектер же тескерисинче эркектердин көзүнчө ургаачылар ыймандык чекти сактай албай калат, ортодогу уят деген тосмо жоюлат. Азыр келининен доолоп арак ичкен, келини менен кайненеси кагыштырып арак шыңгыраткан улуу-кичүүлөрдү көп эле көрүп жүрбөйбүзбү. Аларга Кудайым ыйман берсин дегенден башка сөз жок. ..
Азыр калктын айрым катмары диндин ыйык майрамдарын, "Нооруз" майрамын да бөтөлкө менен тосууну адат кылып, ооз буркурап ичип алып тополоң салып жүргөндөрү арбын. Маркумду узатуу зыйнатында, маркумдун туугандарына арак көтөрүп баргандардын "суу жуткуруусу"-кыргыз душмандарынын кылган иши. "Маркум атаң ушуну жакшы көрчү эле"- деп уялбай өлгөн кишинин бетине көө жаап, өздөрүнүн кулкумун ойлоп, ичүү амалын издегендерди тыйып койбогон коомчулукта, бизде күнөө бар. Адам баласы акылдан айнып, жүрөк титиреткен кылмыштарды кылышына да мына ушул арак себепчи. Пайгамбарыбыз (САВ): "Бир жолу арак ичкен адам 40 күндүк намаз сообунан ажырайт." -деген хадисин айтат. Алакандай кыргыз бөтөлкөнүн ичине түшүп кала электе ойлонолу. Арак- кыргыздын түбүнө жетчү суюктук.





Асман пресс

8-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_21.htm on line 93

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_21.htm on line 93

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_21.htm on line 93