Ширин Муктарбекова, "Ош ТВ" ТРКнын "Таң шооласы" программасынын алып баруучусу редактору:

"Кээде техничканын жумушун жасайбыз"


- Телевидение сиздин жашоону кандай нукка өзгөрттү. Сиз элестеткендей бекен?
- Биринчиден айтылган сөз атылган ок менен барабар экендигин түшүндүм. Анткени жоопкерчиликти ушул телеге келип үйрөндүм. Мурда тагыраак айтканда теленин ашканасы менен тааныш эмес учурда, баары оңой көрүнө берчү. Адашкандарды көрүп ачуум келчү. Көрсө баары биз ойлогондой жеңил-желпи эмес экен. Эртең менен кирген кеңсеге күн батканда чыгып, күндүн көзүн көрбөгөн учурларда кездешет. Өзүм элестеткен жетишкендиктерди багындыра элекмин бирок, телевидениеде иштегенде бир тууган, жеке жашоо деген туурасында ойлонгонго убакыт жок экендигин так түшүндүм.
- Кандайча ОшТВга иштеп калдыңыз?
- Азыр эсимде жай убакыт эле, бир күнү 19 жыл өзбек тилинде сайраган каналдын жетекчилиги алмашып жаңы кадрларга тандоо жарыялаган жарнакты көрдүм. Ал учурда Ош ТВ жаңыдан жаңылануу кадамын жасап жаткан. Мени директор өзү кабыл алып, дал азыр мен алып жаткан программага даярдоо боюнча тапшырманы редакторго тапшырды. Чындыгында менде иштеп калам деген ой болбоду. Андан сырткары мага окшогон жүздөгөн кыздар күндө келип даярданып жатышты. Ошол учурда азыркыдай шарттары менен кеңсе да жок болчу. Эки кабатуу үйдүн биринчи кабатында кичинекей студияда даярданып жүрдүк. Ошентип күндөр өттү. Акыры биздин жүзүбүздү эл көрө турган учур да келди. Биринчи эфир мен үчүн түштөй эле өткөн. Чынында азыр мен даярдап жаткан программаны башында ондой адам жасачубуз, ошондо бүтүрө албай түнү менен калчубуз. Бир сааттык программаны ошондо ондой адам жасачу болсок, азыр ашып кетсе төрт адамга жетпеген чыгармачылык топ даярдайбыз. Үч саат түз эфир жумасына беш күн чыгат.
- Күндө таң эрте ойгонуп ар бир үйдүн күтүлбөгөн коногу болуу кыйын болсо керек?
- Кыйын. Бирок сыймыктуу. Анткени таң эрте ар бир жанга таңкы маанай тартуулоо ар бир адамдын эле бактысына туш келе бербейт. Мен дайыма кечинде жатканда, эртең менен мен миллиондогон элдин үйүндө конокто болом деп өзүмө дем-күч алам. Чынында түз эфирде иштөө туурасындагы маалыматты жетекчилик айтканда, андай кыла албайбызго деген кооптонуулар болгон. Бирок көз корккону менен жан дүйнөңдөгү жумушка болгон чексиз сүйүү баарын жеңет экен. Эн кызыгы биринчи жолу "Таң шооласы" түз эфирге чыкканда калтырап сүйлөгөн сөздөрүмдү унуткан учурлар болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен коркунуч эмес жоопкерчилик жогору экендигин сезип чыйралдым десем болот.
- Көпчүлүк дикторлор өзгөчө сырткы көрүнүшүнө көңүл буруп, билим ой-чабыты чабал болушат. Сиз өзүңүз текст жазасызбы, же жазып беришеби?
- Чынын айтыш керек. Башта мен жазып текшерүүгө берген текстти колума түп тамыры менен башкача кылып алчумун. Анткени менин ошол кездеги жазгандарым теленин тилине таптакыр туура келбейт эле. Ушул жерден жетекчибиз Сюита Соурбаевага ыраазычылык билдирип кетет элем. Анткени менин ошол кездеги деңгээлиме карабай , баардыгын үйрөттү. Текст жазгандан тарта, кантип эфирде кийинип, кантип сүйлөп, кантип адам менен мамиле куруу керек экендигин. Убакыттын өтүшү, талыкпаган эмгектин арты менен кудайга шүгүр азыр программаны өзүбүз жасап, тексттерди өзүбүз жазабыз.
- Адамды сырткы көрүнүшү менен тосуп акылы менен узатат дегенге кандай карайсыз?
- Бизге бул сөздү жетекчилигибиз ар дайым айтып келет. Чындыгында адамдын кандай экендиги анын сырткы көрүнүшүнөн жана сүйлөгөн сөзүнөн даана байкалып турат эмеспи. Бирок бул менен бир жактуу жыйынтык чыгарып коюу туура эмес, анткени адамдын сырткы көрүнүшү менен бир катар ички дүйнөсү да бай болушу керек. Демек, келбетин адамды тартса, ошол эле учурда жан дүйнөң бай болсо анда мен сырткы көрүнүшү менен тосуп акылы менен узатат дегенге толугу менен кошулам.
- Көп учурда региондун чыгармачыл адамдары региондо калып калат. А сиздер туурасында Кыргызстандын ар бир бурчунда сөз болуп калат. Мунун сыры эмнеде?
- Бул жерде эч кандай деле сыр жок. Жалпыга маалым болгон "Ош ТВ каналынын" кыргызчаланганы баардык жумурай кыргыз журтчулугун кубандырды. Алар эңсеп күткөн нерсе орундалганы үчүн болсо керек.
- Тилиңиз так таза сүйлөйсүз, кичи мекениңиз, балалыгыңыздагы бактылуу учурлар жөнүндө сөз учугун уласак?
- Менин бактылуу балалыгым атагы алыска кеткен Аксы районунун, табиятты айтып бүткүс кооз Жаңы-Айыл айылында өттү. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мектепти ошол эле айылдагы №28 М.Шатманов атындагы орто мектептин ак босогосун аттап, кызыл күбөлүгү менен аяктадым. Ошол кезде эле мектептин президентти болуп коомдук иштерге активдүү катышчумун. Эртең менен сабакка кетип, кеч киргенде үйгө кайтчумун. Ошондо атам тамашалап "убара болуп келип олтурбай жатып калсаң болмок" деп айтып калчу.
- Ата-энеңиз сиздин тандооңузга каршы эмеспи, анткени башка кесип боюнча билим алат экенсиз?
- Мен мектепти аяктап, кесип тандоого келгенде аябай кыйналганмын. Анткени жүрөгүм журналистика чөйрөсүнө жетелесе, азыркы рынок шартында экономист болуп жакшы жашоого болот экендигин түшүнгөм. Ал эми ата-энем кесип тандоону өзүмө коюп беришти. Азыр бул багытта иштеп, финансист адистиги боюнча окуп жаткандыгыма алар каршы эмес. Тескерисинче колдоп кубаттап, кеп-кеңешин берип турушат.
- Теле бул күзгү деп коёт, кантип дайыма сулуулугуңузга кам көрөсүз?
- Жаштыктын өзү сулуулук деп коюшат эмеспи, эфирден сырткары ашыкча эч кандай деле каражаттарды колдонбойм. Жан дүйнөңдө бирөөгө болгон жамандык болбосо, ички дүйнөң менен сырткы келбетиң айкалышып турса гана чыныгы сулуулук көркүнө чыгат болсо керек.
- Байкаганыма караганда улуттук кийимге көп басым жасайсыз, бул сиздин жеке чечимби же жетекчиликтин көрсөтмөсүбү?
- 19 жыл өзбекче сайраган канал, мына минтип кыргызчаланып, кыргыз жыттанган берүүлөрдү көрөрмандарга сунуштап олтурат. Башка каналдардан айырмаланып бир гана кыргыз тилине басым жасап, нукура кыргыз калоритин сактап калууга аракет кылып келет. Ал эми улуттук кийимдерди кийип чыгып эфир алып баруу биз үчүн сыймык, жетекчилигибиздин улутту сүйгөн, мекенчилдигинен кабар берет десек жаңылыштык болбос. Эфирге кийген кийимдер атайын буйрутма менен тигилет. Бычымын бирге отуруп чечебиз.
- "Ош ТВ" түштүктөгү эң көрүмдүү канал. Талап да ошончолук күчтүү болсо керек?
- Албетте, талап болбосо, ийгилик кайдан жаралмак. Башка каналдардай жүздөгөн адам иштебесе да, чакан бирок ыкчам топ иштейт. Бир кызматкер бир нече программа менен иштөөгө туура келет. Мисалы мен эртең менен "Таң шооласын" даярдап алып барсам, түштөн кийин өнөрлүү инсандар менен "Өнөр" деп аталган маданий программаны алып барам. Кээде редакторлор өзүбүз монтаждаган учурлар болот. Андан сырткары кээде техничканында жумушун жасап кетебиз. Ал эми сапаттуу көрсөтүүлөрдү жасоо башкы талаптардан.
- Түз эфирдеги кызыктуу учурлар туурасында айтсаңыз?
- Кызыктын баары түз эфирде болот. Өзгөчө кечкисин көпкө чейин жумушта болуп эртең менен ойгонуп саат алтыда келүү кыйын. Бир жолу эсимде режиссер суфлерду тегеретип жатып уктап калып өзүм болушунча абалдан чыгып, музыкалык тыныгуу болгондо гана аны тургузгам. А мындай учурлар көп эле болот. Билдирбегенге аракет кылабыз.
- Дос менен душманды айырмалай билесизби?
- Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат эмеспи. Жаш болсом да турмуштун ачуу таттуусуна бышып баратам. Ар кандай кырдаалдан таза анан адилеттүү чечимдер менен чыкканды жактырам.
- Көгүлтүр экрандан көрүп сөз айткан жигиттер көп болсо керек?
- Азыр менин жигиттерге көңүл бура турган учурум эмес. Биринчи окуумду ийгиликтүү аяктап, жумушумду бир иретке салып, ата-энемдин мага болгон ишенимин актап, андан соң жигиттер жөнүндө ойлонсом керек. Майда сөз айтуулар болот. Бирок ага көңүл буруштун деле кажети жок болсо керек.
Барчын Аскарова