Бакыт Жетигенов, ЖК депутаты:

"Балакет кылып кооздошпосун, полиция кылуудан эч нерсе өзгөрбөйт"


- Милицияны полиция кылып өзгөртүү керек деген пикирге кандай карайсыз? Полиция кылып өзгөртсөк эле реформа болуп калбайт да туурабы?
- Милицияны полиция кылып койгондо эле реформа болуп өзгөрүп кетпейт. Реформа болуш үчүн структуранын баарын которуп чыгыш керек.
- Кантип?
- Мен мурдатан эле айтып келчүмүн "кадрларды алмаштырыш керек" деп. Анткени көп нерсе кадрлардан көз каранды. Азыр коррупция менен күрөшөбүз деп, премьер-министр жакында эле "Манас" аэропортунда коррупция болуп жатыптыр деди. Ал жакта иштеген кызматкерлердин айлыгын сураштырсам 6 миң сом, шаардан аэропортко барып-келип иштешет экен. 6 миң сомдун ичинде тамак-ашы, барып-келген жол киреси да кирет экен. Ошонун баарына айлыгы кетип калат. Анан айла жок башка иштерге барышат. Биздин система элди айла жок ушундай жолго түртүп жатат. Эгерде система башкача болуп, айлыгы 15-20 миң сом болсо майда-чүйдө нерсеге кызыгып тобокелчиликке барышпайт эле. Бул жерде ошонун баары системадан, полиция эмес балакет кылып кооз ат коюп койгон күндө деле өзгөрбөйт.
- Ал эмес укук, мыйзам менен иштегендер баш болуп пара алып жатышат деп көп жазылып жүрөт го. Кантип жойсо болот?
- Жакында Грузияга барып келбедикпи, ал жактан сураштырсак такыр башкача кылышыптыр. Бир күндө эле ИИМдин кызматкерлерин иштен алып салышыптыр. МАИни жоюптур. Жарым жылдын ичинде конкурстук негизде кадрларды ишке алышыптыр. А калган 20% өздөрү эле кетип калышты дейт. Мурун иштеп жүргөн кызматкерлер жаңы талапка көнө алышпай кетип калышыптыр. Айлык акысы 600 доллардан 900 долларга чейин экен. А бизде ызы-чуу кылып төңкөрүш жасап жиберет беле ким билет? 60 миң киши бир күндө жумушу жок калган. Бул жерде эрк керек.
- Казинону жаптырууда сизге казактар чоң суммадагы акча беришкен дешет, чынбы?
- Бул эми айласы жоктун кеби да. Буга чейин Көлбаев заказ берип, ошону аткарып жүрөт дешти эле. Көлбаев өзү ошолордон акча алса, кантип заказ берет. Тескерисинче, ал жактан балдар келген "токтотуш керек, иштеп аткан немени" деп. Эми бул казактар акча берди деп айткандары фантастика болуп кетет го. Буюрса Кылмыш-жаза Кодексине толуктоо киргизилет, масмедияда ачкан болсо 3 жылдан 5 жылга чейин жоопко тартылат. Эгерде кызмат абалынан пайдаланып же уюшкан кылмыштуулук топтор биригип ачкан болсо 7 жылдан 10 жылга чейин деп жазылган. Финполиция, прокуратура биздин ыйгарым укуктар жетпей жатат деп айтып жатышат, шылтоо кылып. Эми буюрса, мыйзам 1-окуудан кабыл алынып, 2-окуудан өтсө, бул шылтоо деле болбой калат.
- Асылбек Жээнбековдун иши канааттандыраарлык болуп жатабы?
- Буюрса жакшы иштеп жатат. Өзү да намаз окуган, түз жүргөн жигит.
- Бүгүн майрам, эмне демекчисиз?
- Аялзатын майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүн эң жакшы майрамдардын бири. Ден соолук, узун өмүр каалоо менен бирге жаркырап-жайнап жүрө беришсин деп тилек кылам.
Азима АКУНОВА




Чиновниктердин эң "жакыры" Бабановбу?


Мамлекеттик кадр кызматы президент, премьер-министр жана спикердин жылдык кирешеси тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, үч лөктүн ичинен эң "жакыры" башбакан Өмүрбек Бабанов болуп чыкты. Маселен, Өмүрбек Токтогулович өткөн жылы болгону 879 миң сом киреше тааптыр. Ал эми былтыр Асылбек Жээнбековдун капчыгы 2 млн. 800 миң сомго кампайса, президенттин кирешеси 1,2 млн. сомдон ашкан эмес. Башкасы го башка, а бирок, Бабанов жылына миллион сомго жетпеген каражат табат дегенге ким ишенет? Себеби, ага караштуу бир эле банктан айына 2 млн. "жашылбай" түшөрүн элита чөйрөсү тандайын шакылдатып айтып жүрөт.


Төрага болбо, бизнесиң токтойт!


Асылбек Жээнбеков спикерлик креслого мингенден бери өзүнө караштуу жана жакындарынын бизнесин убактылуу токтоткону маалым болду. Анткени, Асылбек Шарипович: "Кудай мага төрагалыкты сынап берди. Атамдын атын булгабай, таза иштейин. Ага чейин бизнесимди токтото турайын" деп жакындарына ымандай сырын ачыптыр. Жээнбеков сыяктуу бөлөк аткаминерлер мамлекет, элдин кызыкчылыгы үчүн таза иштесе, Кыргызстаныбыз эбак өнүкпөйт беле!


Мадумаров жоопко тартылабы?


Өткөн жылдагы президенттик шайлоонун астында ички иштер министрлиги "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров маркум Медет Чоканович Садыркуловдун (МЧС) өлүмүн алдын ала билгендигин, андыктан, ал мыйзам чегинде суракка алынышы ыктымалдыгын жарыялаган эле. Учурда МЧС чуусу тыкыр иликтенип, иш сотко өткөнү белгилүү. Бирок, анда Адахан Кимсанбаевич тууралуу айтылбайт. Мындан улам, коомчулукта: "Мадумаров таза турбайбы?" деген суроо жаралышы ыктымал. Деген менен, МЧС окуясына байланыштуу жаңы жагдайлардын негизинде "бүтүн кыргызстанчы" саясатчыга карата кылмыш иши ачылышы ыктымалдыгы туурасында такталбаган маалымат жетти. Андай болсо, Адахан мырза жоопкерчиликке тартылып калабы? Ал ортодо, узун кулактар: "А.Мадумаров оппозициянын 1-мартта Ошто өткөргөн митингине бекеринен катышкан жок. Ал өзүн-өзү сактап калыш үчүн бийликке сес көрсөтүүдө" таризинде аңыз таратып жиберишти. Эгер жогорудагы маалыматтар чын болсо, анда Кимсанбай ажынын уулунун саясый карьерасы кыйындап калган го, ыя?


Николя Сирияга кол салам дейт


Франциянын президенти Николя Саркози Сирияга аскердик күчтөрдү киргизүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирип, эгерде БУУнун Коопсуздук Кеңеши ушундай чечим чыгарса Париж Башар Асаддын режимине каршы операцияларга катышарын айтты. Ал эми АКШ президенти Барак Обама Сирияны бомбалоого каршы экендигин айтып, андай кадам жаңылыштык болот деди. "Сирияда абал НАТОнун жардамы менен Муаммар Каддафи тактан кулаган Ливиядан да оор" дейт Барак Обама. Обама Асадды отставкага кетирүү үчүн кайрадан дипломатиялык кысым көрсөтүп, экономикалык санкцияларды колдонолу деп жатат. Ошондо кандай гана болбосун, баары бир анын режими кулайт деп ишендирип жатат. Франциянын лидери Николя Саркози France 2 телеканалына интервью берип жатып, Сирияга каршы операциялар мүмкүн экендигин айткан. Бирок, француздардын аскерлери эгерде өз элине коркунуч болбосо эч качан чет өлкөлөрдүн турмушуна кийлигише албасын, ал үчүн Сирияга күч колдонууга каршы туруп жатышкан Россия менен Кытайдын көз карашын өзгөртүш керек деп: " Путиндин РФнын президенти болушу анын Сирияга болгон мамилесин да өзгөртөт" деген оюн билдирди. Ал эми Сирияда Башар Асаддын армиясы менен оппозиция ортосунда согуш улантылууда. Көптөгөн жөнөкөй, тынч жашаган элдер өлүп, миңдеген адамдар коңшу Ливанга кире качышкан. Түркиянын премьер-министри Тайип Эрдоган да Сирияда адам чыдагыс турмушту айтып аларга гуманитардык жардам көрсөтүү керектигин айтты.



Асман пресс

8-март, 2012-жыл

Яндекс.Метрика