Апам жана жаз



Ызгаардуу кыш мезгили өзүнүн сапарын карытып, жер жүзү жылуулукка, мээримге бөлөнүп баштаган убагы. Күн нурунун илеби бардыгын ойготуп жаңы жашоого үндөп жаткандай. Терезе. Бөлмө ичи да күн нуруна ыраазы болгондой бейпил тартып, өзгөчө болуп турду. Тамдын чатырынан тамып жаткан ар бир тамчыны санап, теребелдин бир башкача кооздугуна, жандуулугуна суктана көпкө турдум. Ал тамчыларга шерик болгондой менин да көзүмдөн бир тамчы жаш ылдый кулады.
Ооба. Анткени бул жылуулукту, мээримди көрүп апамды эстедим. Жашоодогу эң ыйык асыл адамым болгон апамды сагынган экенмин. Жадыраган жаз айын, күн нурун апама салыштырдым. Мен үчүн түн уйкуңуздан калып, татыктуу тарбия бердиңиз. Мен сизге өмүр бою карыздармын. Ар бир айткан сөзү , аруу тилеги, карегиндеги жанып турган жылдызы, аярлай карап, саамайыман сылап турган элеси көз алдыма тартылды. Сиздин алдыңызда нар көтөргүс парзым бар. Канатым болсо азыр учуп барып бооруна башым жөлөп кайталангыс мээримге, бакытка чулгангым келди. Бирок, антүүгө эч мүмкүн эмес. Эх... жолдун алыстыгы ай. Шуу үшкүрүнө калем, кагазды колума алып жүрөгүмдөгү апама болгон сагынычты ак баракка жазып жаттым.
кызыңыз Гүкүш




Нурбек Дайырбек уулу үч дипломдуу болду


Кандайча деп таң калып атсаңыз кое туруңуз. Жакында эле башына баш кошулуп кубанычка бөлөнүп жаткан Нурбек Дайырбек уулу Эльмира Кайып кызы жана № 6 музыкалык мектептин ансамбли менен биргеликте Астана жергесине фестивалга барып келишти. Аталган фестивалга 13 мамлекеттен ырчылар барышкан. Комуздун коштоосунда жандуу үн менен обон созгон ырчылар фестивалдын акыркы күнүндө казак ырчысы Роза Рымбаева менен "Ак ордом Астанам" деген ырды чогу ырдадык дешет. Башта айтып өткөн 3 дипломдун бирин Казакстандын маданият министрлиги берсе, 2 дипломду Түрк мамлекети берген. Мындан тышкары алтынга бууланган Байтеректин сувенирин эстеликке алышкан. Боордошторубуздун жергесине биринчи ирет барган Нурбекке Астана абдан жакканын баса белгилейт.


Абдыжапаров "Манасты" тартты


Кийинки тартылган тасмалардын эң эле алды Эрнест Абдыжапаровго таандык десек болот. Ар кыл жанрдагы тасмалардын жаратуучусу Эрнест мырза эми кыргыздын улуу тарыхы, сыймыгы болгон Манас тууралуу документалдуу тасманы тартты. "Айкөл Манас" аталган тасма Бүбү Мариям Муса кызынын варианты боюнча илимий изилдөөнүн негизинде даярдалып, май айында көрүүчүлөргө тартууланат. Мындан тышкары Эрмек Нурбаев менен биргеликте "Тамашоу" долбоорунун тарыхын чагылдырган тасма тартууга белсенип атабыз дейт режиссер.


Анапия Раимбекова жеке концерт берет


Жыйырма беш жылдан бери чыгармачылык менен алпурушуп келе жаткан эжекебиз Анапия Раимбекова жеке отчеттук концерт берейин деп камынып жаткан кези. Үч Теректин үч кызы деп таанылган Раимбековалар концертте конок болушат. Отузга чукул обон жараткан Анапия эжекебиз эл алдында оркестрдин коштоосунда жаңы обондорумду тартууласам дейт.


Нена үйдө отурбайт


Өзгөчө үнү, шайыр мүнөзү менен далайларды ойго салган Нена жеке концертин берет. Жакында эле турмушка чыкса да "үйгө олтурганда эмне? Жаш кезде иштеш керек. Үйдө бала төрөгөндөн кийин отурса болот" деген ырчы билек түрүп чуркап жүрөт. Жандуу үн менен ырдашсын деген мыйзам чыккандан кийин концерт оркестрдин коштоосунда өтөт.


"Кыз бурак" эмнеге убара


"Кыз бурактын" кымча бел сулуулары эмне менен убара болмок эле, албетте клип тартуу менен. "Кош бол" деген ырына клип тартууда бир топ убара болушту. Себеби, клип тартууда топтун жетекчиси Сайкал Садыбакасованын ооруп калгандыгына байланыштуу ноябрда тартылып баштаган клип эми аяктады. Клипке топ кызды тартуу оңойго турган жок дейт топтун жетекчиси. Клип борборубуздагы түнкү клубдарда, дискотекаларда тартылган. Легендарлуу "Кыз бурак" тобунун 35 жылдыгына карата чоң концерт беришет. Азыркы тапта Ош жергесиндеги филармонияда кызуу даярдык көрүлүүдө.


Фархат студия ачат


Кайдагы сүйүү деп сыздаган Фархат Кеңешбек уулу көрүнбөй кетти деп тынчсызданбаңыз. Себеби, Фархат бир гана ыр жаздыруу менен чектелбей башка ырчылардын да мыкты ырларын жаздыруусуна шарт түзүүнү көздөп жүрөт. Дегеним, ырчы жигит мурунку студиясын дагы кеңейтип Америкадан келген "звукач" менен биргеликте иш алып барууну көздөп жаткан чагы.

Барчын Аскарова