Р.Абрамович Виллаш-Боашты "Челсиден" айдады


Англия чемпионатынын кезектеги оюнунда "Вест-Бромвичке" 0:1эсебинде утулгандан кийин "Челсинин" башкы машыктыруучусу Андре Виллаш-Боаш ишинен бошотулду. Роман Абрамович португалиялык адисти былтыр жай айында "Портудан" 15 млн.еврого сатып алган. А бирок экинчи Жозе Моуриньо деп жатышкан тренер Абрамовичтин үмүтүн актай алган жок. Учурда "Челси" өлкө чемпионатында болгону бешинчи орунда келатат.
Вест-Бромвич - Челси - 1:0
Ливерпуль - Арсенал - 1:2
Бир жылдык трансфер - 3 млрд.$ болуптур
Былтыр башка өлкөлөрдөн оюнчуларды сатып алуу үчүн дүйнөлүк клубдар бардыгы 3 млрд. $га жакын акча коротушту, дейт ФИФА. Ал акчалардын 130 млн.у ортомчу болгондугу үчүн оюнчулардын агенттерине кеткен. Башкача айтканда ар бир келишим орточо эсеп менен алганда 244 миң $ түзгөн. Ал эми оюнчулардын баасы орточо 1,5 млн $ турат. Дүйнөдө бир оюнчунун жылдык айлыгы орточо - 244 миң $ болуптур. Ал эми Европада бул көрсөткүч - 675 миң долларды түзөт. Эң популярдуу оюнчулар - бразилиялыктар, алар бардык трансфердин 13 % түзөт. Экиечи орунда аргентиналыктар турат - 7 процент.





Тапанча такап куушкан


Грециянын "Олимпиакос" клубунда ойногон венесуэлалык Сезар Альберто Кастро Перести тапанча менен коркутуп, келишимден жана алган айлыгынан баш тартуусуна мажбур кылышкан. Бул окуя өткөн жума күнү оюнчу менен команданын жетекчилеринин келишпестигинен келип чыккан.
Сезар Перес "Олимпиакос" менен былтыр келишим түзгөн. Бирок клубдун жетекчилерине оюнчу жакпай калып, ага тап-такыр эле айлык төлөбөй калышкан. Акыры үч айдан бери айлык албаган оюнчу "Олимпиакос" менен келишимди бузууну чечип, ФИФАга айлык тууралуу арыз жазган.
Эртеси, Перестин үйүнө белгисиз эки адам кирип келип, оюнчуну сабап киришкен. - "Алар менден бардык акчалардан баш тартуумду талап кылышты. Макул болбой койсом, бетке катуу урушту, мен кулап түштүм. Алардын бири мындан да жаман болосуң деп, мага тапанча такап, өлтүрөм деди", -дейт футболист.
Ошентип, оюнчуну тапанча менен коркутуп "Олимпиакостун" печаты бар кагазга кол койдуруп алышыпкан. Документте оюнчу грециялык клуб менен бардык келишимин бузуп, бардык акчаларынан баш тарткандыгы жазылыптыр.
Бул окуянын чын экендигин Кипрдин профессионал футболисттер ассоциациясынын президенти Спирос Неофитидис да тастыктап: "Мен аны Никосиянын ооруканасында көрдүм. Оюнчу абдан коркуп калыптыр. Анын тиши сынып, мойнунда тактар бар экен"-дейт.
Неофитидис Перести полиция участогуна алып барган. Ал жерде 28 жаштагы коргоочу болгон окуя тууралуу арыз жазган. Учурда Кипр полициясы тергөөнү баштады, ал эми оюнчу эртеси дагы балээге калбайын деп аралдан учуп кетиптир.
Ушундай эле окуя былтыр Россияда да болгон. 2011-жылдын март айында премьер лигадагы "Кубань" (Краснодар) командасында ойногон черногориялык Никола Никезич эл аралык спорт уюмдарына мени клубдун жетекчилери уруп, коркутуп жатышат деп жазган. Аны угаары менен клубдун президенти, Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев клубга карата катуу чараларды көрүү санкциясын берген.
Никезичтин айтуусу боюнча аны да улам-улам боорго, бөйрөккө уруп, тапанча менен коркутуп, инвалид болуп каласың деп келишимден баш тартуу үчүн кагазга кол койдурушкан. Каалаган максаттарына жеткенден кийин алар легионер оюнчуга арыздана турган болсоң сенин үй бүлөңдү Черногориядан болсо да табабыз дешкен.





"ПСЖ" Хавини алам дейт


"Барселона жана Испания курама командасынын жарым коргоочусу Хави "Пари Сен Жермендин" жетекчилеринин көзүнө илинип калыптыр. Испандык басма сөз маалыматына караганда француздар каталондук клубдун лидерин 80 млн.еврого (110 млн.долларга жакын) баалашыптыр.
"ПСЖнын" контролдук пакети катардык "Qatar Investment Authority" компаниясына тийгени бул клуб эски континенттеги трансфердик рынокто алдыңкы катарга чыга баштаптыр. "Пари Сен Жерменге" Хавиден тышкары дагы Алешандре Пато ("Милан"), Карлос Тевес ("Манчестер Сити"), Луис Суарес ("Ливерпуль") ж.б.белгилүү оюнчулардын келиши мүмкүн. Ал эми "ПСЖнын" буга чейинки эң чоң трансфери - аргентиналык Палермонун" оюнчусу Хавьер Пасторе болгон - 43 млн.евро.
Эгерде 32 жаштагы Хави бул суммага макул болсо, анда "Барселона" да Хавини Парижге кое берүүгө мажбур болот. Анткени "Хави менен "Барселонанын" ортосундагы келишим 110 млн.еврого бузулат деген бөлүк бар экен. Дүйнөдө бир да оюнчу мынча акчага сатылган эмес, андыктан артында "ПСЖныкындай" катардык миллиардерлери жок "Барселона" деле мындай сунуштан баш тартпаса керек дешүүдө. Ал эми Хави "Барселона" менен 2014-жылга (2016-жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар) чейин келишим түзгөн.
Хави "Барселонада" 1998-жылдан бери ойнойт. Январь айынын ортосунда Европа жана дүйнө чемпиону Испания чемпионатында "Барселонанын" катарында өзүнүн 400-оюнун өткөрүп, бардыгы 43 гол киргизген. "Барса" менен ал үч жолу Чемпиондор лигасын, эки жолу УЕФАнын супер кубогун, алты жолу Испания чемпионатын, бир жолу өлкө Кубогун, беш жолу Испаниянын супер кубогун жана эки жолу клубдар арасында дүйнөлүк чемпионатты уткан.




Жолдоштук беттешүүлөр


Европа чемпионатынын башталышына туп-туура 100 күн калгандыгына байланыштуу курама командалар 2012-жылдагы биринчи жолдоштук беттешүүлөрүн өткөрүштү.
Россия курама командасы Копенгагенде Дания менен ойноп, 2:0 эсебинде утуп алышты. Голдорду Роман Широков менен Андрей Аршавин киргизди. Россия курама командасынын капитаны, үч жылдан бери англиялык "Арсеналда" ойноп февраль айынын аягында кайрадан өзүнүн "Зенит" (Санкт-Петербург) командасына (1жылдык аренда) келген А.Аршавин курама командада эки жылдан ашык убакыт (19 оюн) гол киргизе элек болчу. Акыркы жолу ал 2009-жылдын 14-октябрында Азербайжан менен болгон оюнда гол киргизген. - "Бизге төрт жыл мурда өзүнүн оюну менен Европаны таң калтырган Аршавин керек",-дейт Дик Адвокат. Учурда рейтинг боюнча 13-орунда турган Россия курама командасы 2012-Европа чемпионатында Польша, Чехия, Греция менен бир группада, ал эми рейтинг боюнча 10-орундагы Дания Германия, Голландия, Португалия менен (группа смерти) ойнойт.
Дания - Россия - 0:2
Польша - Португалия - 0:0
Хорватия - Швеция - 1:3
Турция - Словакия - 1:2
Германия - Франция - 1:2
Италия - АКШ - 0:1
Англия - Голландия - 2:3
Израиль - Украина - 2:3
Швейцария - Аргентина - 1:3 (Месси - 3 гол)
Испания - Венесуэла - 5:0
Босния - Бразилия - 1:2
Армения - Сербия - 0:2

ДЧ-2014. Азия. 3-тандап алуу оюндары. 6-тур
А группасы Ирак - Сингапур - 7:1. Кытай - Иордания - 3:1
Ирак - 15, Иордания - 12, Кытай - 9, Сингапур - 0
В группасы. Корея - Кувейт - 2:0. БАЭ - Ливан - 4:2
Корея - 13, Ливан- 10, Кувейт - 8. БАЭ - 3
С группасы. Япония - Өзбекстан - 0:1. Тажикстан - КЭДР - 1:1.
Өзбекстан - 16, Япония - 10, КЭДР - 7, Тажикстан - 1.
D группасы. Австралия - Сауд Аравия - 4:2. Оман - Таиланд - 2:0
Австралия - 15, Оман - 8, Сауд Аравия - 6, Тайланд - 4.
Е группасы. Иран - Катар - 2:2. Бахрейн - Индонезия - 10:0.
Иран - 12, Катар - 10, Бахрейн - 9, Индонезия - 0. Группаларда биринчи, экинчи орундарды ээлеген командалар дагы эки группага бөлүнүп ойношот. Ар бир группадан экиден команда 2014-жылы Бразилияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат. Группаларда үчүнчү орунду ээлеген командалар бири-бири менен ойноп, утканы Бразилияга барыш үчүн Түштүк Американын бир командасы менен дагы бир жолдомону талашат.




Бокс


Ишемби күнү Дюссельдорфто өткөн мелдеште украиналык Владимир Кличко франциялык Жан-Марк Мормекти 4-раундда нокаут менен жеңип, IBF, IBO, WBO версиялары боюнча чемпиондук жана WBA боюнча супер чемпион деген наамын сактап калды. Бир тууган Кличколордун мурдагы тартипсиз атаандаштарына (Хэй, Чисора) салыштырмалуу Жан-Марк Мормерк адеп институтунда тарбияланган кыздар сыяктуу өзүн тартиптүү алып жүрдү дешти. Ооба, ал адегенде чыныгы профессионал боксчулардай эле мен жеңиш үчүн келдим, мен жеңем, мен Владимир Кличконун хрусталдуу ээгин талкалайм дегени менен оюн алдындагы пресс-конференцияда да, беттешүүдө учурунда да, андан кийин да атаандашын эле эмес бардыгына эле сый көрсөтүп, тартипти бузган эмес.
39 жаштагы франциялык боксчу кедей үй бүлөдөн чыгып, кичине кезинде Гваделупадан Парижге көчүп келген. Ал 90,7 кг.салмакта дүйнөнүн чемпиону гана болбостон телевидениеде комментатор болуп иштейт. Бокс күйөрмандары анын 90,7 кг.салмакта Хэйди нокаутка уруп жыкканын билишет. Ал Кличко менен декабрь айында эле беттешмек, бирок анда Владимирдин бөйрөгүнөн таш алдырып, рингге чыга албай калган. Жыйынтыгында франциялык боксчу бул мелдешке төрт айдан бери даярданып, атаандашын жакшы билип алдым деген. Анан да Жан-Марк Владимир Кличконун мелдештерин телевизордон баяндап турган. Мормек бир учурда Майк Тайсондун мурдагы тренери Кевин Рунинин кол алдында машыккандыктан анын стилин кээ бирде Тайсондукуна окшоштуруп, немис журналистери аны "Кичинекей Тайсон" деп аташкан.
Дюссельдорфко Мормекти колдоп атактуу франциялык кино жылдыздар Жан-Поль Бельмондо менен Жан Рено келишкен. Ал эми Кличконун күйөрмандарынын арасында Украинанын экс-президенти Леонид Кучма жубайы менен отурган.
Мелдеш алдында уюштуруучулар кичине "шоу" уюштуруп чоң экранга бир тууган Кличколорду көрсөтүп, андан кийин 49 деген санды жазышкан. Анткени, буга чейин Владимир атаандаштарын 49 жолу нокаут менен утуп, бүгүн юбилейлик - 50-нокаутту күтүп турушкан.
Анан мелдеш башталып, Морбек рингге 50 миң адамдын алдына толкунданып чыкса, Владимир ага көнүп калгандай чыкты. Анткени, ал ушуну менен бешинчи жолу бул футболдук стадиондо мелдешке чыккан. Биринчи раундда Морбек Кличкого жакындоого аракет кылып, бирок Владимир аны алыстан тосуп өзү бир эки жолу атаандашын башка уруп калды. Экинчи раундда Мормек дагы башы менен алдыга карай жулунуп, бирок андан эч майнап чыккан жок. Анын соккулары Владимирдин мээлейин тийип жатты. Өз кезегинде Вл.Кличко оң колун иштете баштады. Анын оң кол менен урган соккулары Мормекти алсыратып, ал нокдаунга кулап түштү. Эмне болгону ал өзү да түшүнбөй калды. Ал эми адистер мелдеш канчага созулар экен дей башташты. Оюнду эрте бүтүрүү үчүн Кличко Мормекти эки колдоп ура баштады.
Үчүнчү раундда Кличко соккуларын дагы күчөттү. Бир жолу ал атаандашын башка урганда мээлейдин үнү рингден алыста отургандарга даана угулду дешти. Негизи, Вл. Кличко урганда ат тепкендей эле болот дешет, билгендер. Бирок Мормек азамат, ага чыдап жатты.
Анан төртүнчү раундда француз боксчусу өзү урам деп Кличконун сол колуна туш болуп, анан колунан таяк жеди. Жыгылып баратканда анын башына сол жактан дагы бир "контролдук ок" тийди. Мормек рингге кулап түштү, ал эмне болгонун түшүнбөй, контузия болуп, ошол учурда өңү чын эле Тайсондукундай болуп калды дешти, жакындан көргөндөр. Француздун күйөрмандары өкүнүп, өзгөчө 80ге чыгып калган Бельмондого кыйын болду дешти.




Чаң салган Чисора мелдештен четтетилди


Эки жума мурда Виталий Кличкону мелдеш алдында жаакка чаап, мелдештен кийинки пресс-конференцияда жердеши Дэвид Хей менен урушуп ызы-чуу салган оор салмактагы британиялык боксчу Дерек Чисора Бүткүл дүйнөлүк боксчулар кеңеши (WBC) тарабынан мелдештерден четтетилди. Эми ал бул версияда чемпиондук наамга чыга албайт.
18-февралда Мюнхенде професионалдык бокс боюнча мелдеште Виталий Кличко Дерек Чисораны жеңип, оор салмакта чемпиондук наамын сактап калган (WBC). Ал эми мелдеш алдындагы таразага түшүү учурунда британиялык спортсмен күтүүсүз эле Кличкону жаакка чаап жиберип, 100 миң фунт айып төлөгөн. Эртеси, мелдеш алдында Кличколордун кичүүсү - Владимирдин бетине түкүрүп жиберген. Ал эми Виталийге упай менен утулгандан кийин Чисора жердеши Дэвид Хей менен урушуп, жаңжал чыгарган.
- "Дерек Чисора профессионалдык бокстагы эң жаман тартипсиздикти көрсөттү, биз мындайга жол бербеш үчүн, катуу чараларды көрөбүз деди WBCтин президенти Хосе Сулейман.
- "Үй бүлөбүздү уят кылды", - дейт Деректин атасы Пол Чисора.

Табылды Асыгалиев