Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_15.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_15.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_15.htm on line 12

Кыргыздын кымча белдүү моделдеринин таймашы
Дизайн мода дүйнөсүнүн арышы кеңейип, учурда бул кесип менен эмгектенип жаткандардын саны арбын. Муну менен катар өзүнүн уясынан көптөгөн сулууларды талпынтып учуруп жаткан Замира Ибраимова эженин салымы чоң экенин баса белгилеп айта кетели. Өткөндөгү "Мисс Fashion" мода көргөзмөсү өтүп андагы алдыңкы жеңүүчүлөр Америкада жана Моссквада өтө турган дизайн көргөзмөгө жолдомо алышты.

Роза Жумабаева, модель: "Саясатчылар менен бизнесмендердин сөз айтышын каалабайм"
Ажары менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдуртуп тамшандырган, өз сулуулугу менен биринчиликти жеңип, Моссква шаарына жолдомо алган ай чырайлуу бийкеч Жумабаева Роза биздин редакциянын коногу болду. Сулуунун жан дүйнөсүндө эмне катылып жатканын маегинен билсек:
- Алгач жеңишиң кут болсун деп куттуктай кетели!
- Рахмат.
- Бул жеңиш эң алгачкы жеңиштериңиздин бири болсо керек?
- Бул менин экинчи ийгилигим деп айта алам. Студент кезимде "Мисс Студентка" конкурсу болгон. Ошол конкурстан эң алгачкы жеңишке ээ болгом.
- Кандайча катышып калдын жана учурда эмне менен алек болуп жатасың?
- Мен өзүм кичинемден эле дизайнерлик кесипке кызыгып, модел болсом деген тилегим бар болчу. Жаштын тилегин берет дегендей, ушул кесипти аркалап иштеп келе жатам. Учурда Дизайн модада менеджер жана модел болуп эмгектенем. Бул конкурска өз кесибимди аркасы менен катышып калдым. Мындан аркы ишимде ноябрь айындагы Москвадагы өтө турган Дизайн модага барып катышканга кызуу даярданып, элимдин желегин желбиретип жеңиш менен кайтканга аракет кылам деген үмүтүм бар.
- Калыстар тарапка туура эмес баа берилип калды деген нааразычылыктарга кандай көз караштасың?
- Калыстар тобунун курамында кимдер бар экенин катышуучулардан эч ким билген жок. Менин оюмча эң туура баа берилди. Ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүү оорундарга ээ болдук. Биздин директорубуз Замира Ибраимова өзү так, түз жүргөн эже. Баарыбыздын кылган ишибизди баалай билет.
- Сахнага чыгаарда кандай ырым жырымды колдоносуң?
- Өзүм иш баштаардын алдында сөзсүз "Биссимилла" деген сөздү айтам. Ал эми сахнага чыгаарда оң бут менен аттайм.
- Сахнадан ыңгайсыз абалга кабылган учурларың болду беле?
- Кудай сактасын боло элек жана болбой эле койсун. Бирок, такасы сынып же тешиктерге кирип кеткен жагымсыз учурларга кабылгандарды угуп жүрөм.
- Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйө деген кеп бар эмеспи. Аны сыңары турмуштан өз оордуңду тапкан соң, түгөйүң сенин кесибиңе каршы чыгып "иштебе" десе кантээр элең? Үй-бүлө менен өзүңдүн жактырган кесибиңдин кайсынысын тандайсың?
- Андай болсо таштаганга туура келет. Мен үчүн биринчи оорунда үй-бүлө турат. Башка аял заты катары мен да өз бактым үчүн күрөшөм. Бул кесип мага хобби катары болуп калат.
- Кымча белдүү моделдерге көбүнчө саясатчылар менен бизнесмендер көз кырын салып, сөз айтып колун сурашат деген маалыматтарды көп угабыз. Мындай көрүнүш сенин турмушунда кездешти беле?
- Тең теңи менен, тезек кабы менен деп кыргыз элим бекеринен айткан эмес. Саясатчылар менен бизнесмендердин сөз айтуусу болгон эмес жана болушун каалабайм. Буга өзгөчө терс көз караштамын.
- Кимден кеңеш жана колдоо аласың?
- Мени колдоп, акылын айтып, туура жол көргөзүп дайыма жанымда жүргөн бул менин алпештеп чоңойткон апам. Анын үстүнө ата-энемдин жалгыз кызы болгондуктанбы айтор, баардык ийгилигимде, ишимде апам жанымда жүрөт. Ал эми моделдик ишимдин ийгилигине Замира Ибраимова эженин салымы чоң. Ар дайым жардамын аябай келет. Сиздердин газетаңыздар аркылуу, мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме жана менин устатым Замира эжеге терең ыраазычылык айтмакчымын.





Замира Ибраимова, "Fashion" мода агенттигинин директору:

"Ар бир катышуучу акча төлөшү керек"


Көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан "Fashion" мода көргөзмөсүнүн жетекчиси Замира Ибаримова эже менен кыскача маек куруп өттүк:
- Саламатсызбы эже! Канча жылдан бери иш алып барып келесиз?
- Негизи 2000-жылдан бери кызуу иш иштеп, ушул жылдан тартып мода көргөзмөсүн элге тартуулап келебиз.
- Болуп өткөн дизайн мода көргөзмөсүнө канча кыз катыша алды?
- Жалпы кырк кыз катышты. Эң кенже 12 кыз катышты. Алар 6 жаштан 10 жашка чейин. Ал эми орто, 10 жаштан 14 жашка чейинки кыздардан 18 кыз катыша алды. Жаш өзгөчөлүгү 14 жаштан улуулардан 11 кыз ат салышып жеңүүчүлөрүбүздү аныктап, белектерибизди тапшырдык. Менимче калыстар тобу да аларга татыктуу бааларын беришти.
- Кичинекей жаш жеткинчектер Моссквадагы мода көргөзмөгө жолдомо алышпадыбы. Өзүңүздөрдүн коштооңуздар менен барабы?
- Албетте. Башка өлкөнүн мода көргөзмөсүнө өзүбүз менен бирге барат. Ал жакта көп жылдан бери биз менен бирге иштеген өнөктөштөрүбүз бар. Негизи чет элдик мода көргөзмөгө катышуу үчүн, ар бир катышуучу акча төлөшү керек. Ал эми бизден баргандар төлөшпөйт. Болгону өз чөнтөгүнөн барып келиш жол акысынын чыгымын гана алат.
- "Жеңүүчүлөргө туура эмес баа берилди" -деген көрөрмандардын арасындагы кептерге эмне деп айтаар элеңиз?
- Чынында биздин калыстар тобу абдан туура так жана кылдат карашты. Ар бир кыздын ажарына, баскан турганына жана ийкемдүүлүгүнө өзүлөрү бааларын беришип анан жеңүүчүлөр аныкталды. Ошол себептен айтаар элем, эч кандай туура эмес иш болгон жок. Баары өзүлөрүнө жараша наамдарды жана белектерди алышты.






Асман пресс

8-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_15.htm on line 127

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_15.htm on line 127

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/12/0308_15.htm on line 127