Түрдүү


цивилизациялардын бирдиктүү аймагы


(Уландысы башы өткөн санда)
Чыгыш Рим империясынын мезгили
Аймактын тарыхындагы эң ири өзгөрүүлөр Чыгыш Рим мипериясынын убагына туш келет. 330-жылы Рим императору Константин империянын борборун Римден Византияга которгон. Буга чейинки 1000 жыл мурда гректер тарабынан түптөлгөн Византия Рим империясынын борборуна айлануу менен Константинополь болуп өзгөртүлгөн. Ушундан улам, Чыгыш; өзгөчө, Хаттылар, Хеттылар, Фригиялыктар, Гректер жана башка улуттардын тукумдары жашап жаткан Анатолия Рим империясынын борборуна айланган. Византия, Чыгыш Рим империясына айланган биздин замандын 380-жылы христиан дини расмий дин болуп жарыяланган жана биздин замандын 392-жылы ар кандай эстеликтерге сыйынууга тыюу салынган. Биздин замандын 476-жылы Рим империясы кулаган жана Константинополь империянын жалгыз борбору болуп сакталып калган. Византия Рим мамлекети, грек маданиятынын жана христиан диний ишениминин айланасында калыптанган бир цивилизация жана мамлекеттик түзүлүшкө ээ. Император өзүнө берилген эбегейсиз бийликтен пайдаланган жана чиркөөлөр аны колдоп турган.
Византиядагы алтын доор Юстиниандын убагына туш келет. Бул башкаруучунун 4 том кылып чогулткан Римдиктердин укуктук жыйнагы жүздөгөн жылдар бою өз маанисин жоготпой, күчкө ээ болуп келген. Юстиниан ошол эле убакта таланттуу архитектор дагы болгон, анын доорунда курулган көп курулуштардын арасында Аясофия базиликасы да бар. Византиянын тарыхы, өнүгүшү жана талкаланышы; диний касташуулар; Персттер, араптар, Сельчуктар, Осмон империясы жана Түндүктө жашаган улуттар ортосундагы түшүнбөстүктөр жана согуштарды камтыйт.

Византия 13-кылымда өзүнүн акыркы мүнөттөрүн жашаган. 1204-жылы крестоносттардын Константинополду басып алып, императорду шаардан чыгып кетүүгө мажбур калгандан кийин курулган Латын хандыгы анчейин чоң эмес, чакан мамлекет болгон. Болгария өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган жана жаңы деңиз күчүнө ээ болгон Венедик Эге аралдарын дагы өзүнө караткан. 1261-жылы Византия империясы борборун кайрадан алып, бирок, бул жолу дагы ар кандай коркунучтар ортого чыккан.

Түрктөрдүн келиши
11-кылымда Тугрул башында турган Сельчук түрктөрү, Улуу сельчук династиясын түптөп, Иран, Ирак жана Сириянын багындырышкан. 1071-жылы Тугрулдун жээни Алпарслан, Ван көлүнүн жанындагы Малазгиртте Византиялыктарды жеңип, Анатолияга түрктөрдүн келишине шарт түзүлгөн. Ошондой эле, Анатолиядагы этникалык, саясый жана ошол эле маалда дин, тил, маданият тармагында алдыга өсүш байкалган. Сельчук султаны 14-кылымдын башына чейин Анатолияда өз бийлигин жүргүзгөн. Бул цивилизациянын өнүккөн эң жогорку баскычы болуп 13-кылымда Кониядагы Сельчук хандыгы саясат, экономика, дин, маданият жана адабият тармактарынын борбору болушу менен жетишилген. Сельчуктарда борбордук башкаруу системасы болгон. Анда ошол убактагы министрлер менен жергиликтүү башкаруучулар арасында бул система кеңири колдонулган. Билим жана адабият дагы мистикалык поэзиядай эле алдыга өсүп-өнүккөн. Өзгөчө, Анатолиянын чыгыш менен батышын бир-бирине байланыштырып турган кан жолдо орун алгандыгына байланыштуу, көптөгөн кербен сарайлар курулган. Алар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Кол өнөрчүлүк өнүгүп, мамлекетте мечит, медресе жана кербан сарайлардын курулушу күч алган. Ошону менен бирге талаа чарбачылыгы жана шаар курулушу да өнүккөн.

Сельчук хандыгынын талкаланышы
Сельчук хандыгы өз ара чатактардан жана Монголиянын басып алууларынын негизинде талкаланган. Анатолия кайрадан бир-бирине үстөмдүк кылып турган, өз алдынча хандыктарга бөлүнгөн. Алардын ичинде Осмон империясы да болгон. Бул бөлүнүүлөрдөн улам бир тил,бир дин жана бир расанын өкүлдөрү жашаган Анатолия басып алууга өтө ыңгайлуу болчу.

Осмон Империясынын негизделиши
1296-жылы Осмон Бей өзүн ошол убактардыгы хандыгынын ичиндеги Бурсага жакын Сөгүт аймагынын көз карандысыз султаны деп жарыялап, Осмон империясын курган.
Осмон Бейдин уулу орхан Бейдин убагында Бурса жана Изнак шаарлары алынган. Андан көп өтпөй эле Мармаранын түштүк-чыгыш жээктери толугу менен Осмон империясынын карамагына кирген. Орхан Бей бир гана басып алуулар жана дипломатия жаатындагы ийгиликтери менен чектелбей, маданият, адабият, илим жана соода тармагынын өнүгүшүн колдоого алган. Өзгөчө, Яничерилер аты менен белгилүү болгон туруктуу аскер бөлүгүн да түзгөн. Көп чыгым алып келген жана катуу тартип менен тарбияланган тестиер яничерилерден жаш Осмон империясын сүйгөн, мекенчил, билимдүү жоокерлердин курамы түзүлгөн.
Мына ушундай бекем негизде түзүлгөн Осмон империясы кыска убакыттын ичинде өнүккөн. Мурат Бейдин убагында, Батышка карай өнүгүү уланган, Султан Адриатика көлүнүн, Дунай дарыясы жана Фессалинин жээктерине чейин келгенден кийин гана Чыгыш Анатолияга сапар алган. Андан соң Байазыт, Европа жана Азияны багындаргандан кийин, 1402-жылы Стамбулга багыт алган.
Байызат, Тимур Анатолияга киргенде шаарды басып алууга даяр болгон жана Анкара согушу Стамбулду каратып алууну бир нече он жылга кечиктирген. 1453-жылы Фатих Султан Мехметтин жетекчилиги астында Осмондуктар Стамбулду багындырып, дүйнөлүк тарых барактарында өз ордун белгилешкен. Ал эми Осмон империясынын ийгиликтеринин эң жогорку чеги болуп, 16-кылымда Европага чейин жеткен убагы айтылат. Кийинки кылымдарда Осмон империясы ээ болгон бардык күчүн жоготуп, алгач алсызданып, андан соң талкалунууга дуушар болгон.