Массаж


Адам баласынын организмине массаж жасоо, башкача айтканда укалоо байыркы кыргыз элинде да болгондугу баарыбызга маалым. Ал эми азыркы учурда көпчүлүк ооруларды массаж аркылуу дарылоо жакшы жыйынтыгын берип жаткандыгы белгилүү. Биздин кийинки сапарыбыз "Доктор Анварбекова" медициналык борборунда болду. Жогорку категориядагы башкы дарыгер Ырысгүл Анварбекова массаж тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.


Вакумдук массаж- булар банка менен жасалат.
Манувалдык массаж- азыркы учурда бул массажды медициналык билими жок адамдар жасап жатат. Мисалы, омурткадагы грыжаны (кр: чурку) манувалдык массаж менен дарылайбыз деп жатышат .Ошол учурда дисктер жылып кеткенин, нервдерди басып калганын көрүп атабыз . Манувалдык терапияны зордоо түрү менен жасоого болбойт. Мисалы, омурткалар өз огунан чыгып кеткен болсо, көнүгүү жасоо менен өзү түшүш керек.


Камыр укалоо менен айырмасы жок
- Массаж жасоого мүмкүн дагы, мүмкүн эмес дагы оорулар бар. Эгер адам оорубаса, жаш, денеси чың болсо гигеналык массажды алса болот. Спортсмен болсо спорттук массаж алса болот. Эгер оорулуу адам болсо, биринчи кезекте толук текшерүүдөн өтүүсү керек. Кандай массаж керек, кайсыл жерине, эмне кылыш керек деген максатты коюп туруп анан жасаш керек. Азыр массаж алат десе эле билим -илими туура келбеген адамдар камыр укалоо менен эч айырмасы жок кылып жатышат .Ал бир жерине туура келсе, бир жерине туура келбейт. Массаж жасоо жөнөкөй эле иш, баарыбыздын колубуздан келет деп айтууга болбойт.


Кайсыл ооруларга массаж жасоого болбойт
- Биринчиден курч ооруларга жасоого, онкологиялык, хирургиялык ооруларга жасоого болбойт.
Батыш жана Чыгыш массажынын айырмачылыгы асман менен жердей
- Чыгыш массажы, тагыраак айтканда төбөңдөн таманыңа чейин жасалат . Азыркы тапта беттин шал болуусу өтө көп кездешүүдө. Бул өтө татаал оору. Адам уялып эч жакка чыга албайт. Бир жак беттин булчуңдары тырышып калат, ал эми ооруган беттин булчуңдары шалдырап калат. Бул үчүн чекит массажынын пайдасы чоң жана өтө кылдаттыкты талап кылат. Ошондой эле грыжа оорусу өнөкөт оору болгондуктан толук айыгып кетет деп айта албайм. Себеби, оору өтүшүп кеткенде келишет. Биздин илимий изилдөөбүздө аталган оорудан толук айыгып кеткендер да бар жана өнөкөт ооруга айланып калгандары да бар.
Кайсыл ооруларга жардам берет- острохандрос, омуртканыны ортосундагы грыжа, баш, бут оорулары, бел ооруу, муундардын оорусу жана башка.

Тарыхынан
- 230-жылдары чекит массажынын статуеткалары Египетте, Кытайда казылып алынган. Бул эмнени айтып турат, демек, адам баласы жаралганда эле укалоо пайда болгон. Негизи кытай элинин массажы өтө байыркы деп эсептелет. Кытай элинде биздин эрага чейин эле пайда болгон. Чыгыш элинин массаждарын санай турган болсок кытай, индия, корей, япон массажы кирет. Чыгыш массажы бул жогорку деңгээлдеги, жогорку чеберчиликти талап кылган массаж. Чыгыш массажынын негизги философиялык теориясы, чыгыш элинин теориясына туура келген. Ар бир адамдын организминде энергетикалык каналдар бар, мына ошолордон дайыма энергия чуркап турат. Энергия толук кандуу чуркап турган кезде биз ден соолугубуз чың деп билебиз. Мисалы, кандайдыр бир туура эмес кыймыл жасаганда денем ооруп калды, колум көтөрүлбөй атат же капалангандан бул жерим ооруп атат деп айтышы мүмкүн. Ошондо каналдардын ичинде кыймыл аракетке болуп аткан кубаттуулук "чи" деген энергия тоскоолдукка учурайт .
Гигеналык массаж-бул ооруну алдын алуу. Мисалы, денени калыбына келтирүү, нерв системалары чарчаганда, физикалык, психикалык стрестерге кабылганда ооруларды алдын алыш үчүн массаж жасалат .
Спорттук массаж-бул негизинен спортсмендерге жасалат. Муну атайын спорттук массажды мыкты өздөштүргөн адис жасайт. Мисалы, оллимпиадага же кандайдыр бир спорттук мелдештерге даярдаганда көп күч келген булчуңдарга жасалат.
Бул дагы эки түргө бөлүнөт. 1. Заманбап массаж 2. Чыгыш элинин массажы болуп.
Чыгыш спортчуларынын бийик деңгээлге, жакшы жетишкендиктерге жетип жаткандарынын сыры да бул чыгыш элинин массажы десек болот. Андан тышкары дарылоо массажы жана өзүн-өзү массаждоо болуп да андан ары өз ара бөлүнүп кетет. Бирок, көп киши ойлойт массаж бул оңой эле, эч кандай максаты жок денени укалоо деп. Массаж жасоо өтө чеберчиликти, адистикти талап кылат. Адам өзү эмне кылып атканын, максатын билиш керек. Бизде азыр адис эмес массаж жасагандар көбөйүп кетти.
Чекит массажы - каналдарды туура таап, меридиандарды ачып, андагы туура келген чекиттерди туура колдонсо абдан эффективдүү болот. Чекит массажы чыңалган булчуңдарды калыбына келтирүү болсо, ошол эле учурда адамдын шалдыраган денесин калыбына келтирүү болуп саналат.

Ашыкча салмактан арылгыңыз келеби?
- Азыркы учурда, өзгөчө айымдар арасындагы актуалдуу көйгөй- бул ашыкча салмак. Май клеткаларын жок кылуу түрүндөгү массаж жасалат. Массаж жасоодо атайын крем, майлар колдонулат. Майлардын жардамы менен тез күйүп, адамдын келбети ордуна келет. Индия массажы майды өтө көп колдонот. Кытай массажы майды көп колдонбойт. Бирок, баарынын тең философиясы бир. Биринчи кезекте ал бейтаптын денесинде суу толгонбу же май толгонбу ушуну аныктап алып, каналдарды ачып, андагы энергияларды тездетүү керек. Мына жакында 8-март келе жатат, айымдардын сымбатын калыбына келтирүү үчүн атайын чоң программа бар. Биз эч качан ачка кармабайбыз. Ачка массаж кылып, кийин дарылоо бүткөндө эки эсе көп салмак алат. Биз биринчиден жеке менин көп жылдан бери далилдеп, изилдеген тажрыйбамдын жыйынтыгы боюнча эч кандай дарысыз организмди тазалайбыз. Андан соң дарылоо башталат да 10 күнгө созулат. Негизинен салмагы оор кишилерди дарылоо массаж, ийне саюу 10 күн болсо, ал бейтапты кароо жылга айланат. Кантип тамактанып атат, кандай жагдайда жашап атат көзөмөлдөп турабыз. Кээ бир адамдар стресстин кесепетинен, нерв клеткаларына күч келет да тамакты ашыкча пайдалана баштайт, жыйынтыгында толуп кетет. Кээ бир кишилердики жашоосу рахат болуп, бардыгы жетишкендиктен толуп кетишет. Экөөнүн дарылануусу эки башка.


Орус ооруганда, кыргыз өлөөрдө, еврей алдын алганы келет
- Биздин бир жерде кыймылсыз отурганыбыз оорулардын 90 пайызын чакырат. Себеби, бул баарыбыздын көз алдыбызда болуп жаткан, далилденген нерсе. Компьютердин алдында көп отургандар, кийим тигүүчү машинада отургандар, кыскасы бир орунда отуруп иштегендерде моюн омурткалары, моюн булчуңдары тырыша баштайт. Себеби, биз канча саат компьютердин алдында, бир бөлмөдө отурабыз. Натыйжада таза кан башка өтпөй, кислород өтпөй калат. Адам тез чарчап, уйкусу келип шалдырап, тез ачуусу келет. Жыйынтыгы жогорудагыдай ооруларга алып келет. Ошондуктан замандаштарыма кайрыларым дайыма кыймылда болуп, тамак-ашты рассионалдуу пайдалангыла. Мына бул базарда жүк тартып жүргөн балдардын омурткалары талкаланган. Эмнеге дегенде булчуңдары чыңалбай туруп оор жүктү көтөргөндөн булчуңдар иштебейт, оор жүк сөөккө келип, омурткалардын ортосундагы кемирчектер бирине-бири тийишип, жарылып мына ушундай балакеттүү ооруга алып келет.


Гүлзат Садырбек кызы






Асман пресс

8-март, 2012-жыл

Яндекс.Метрика