Бир суроом бар эле

Талак, нике, Жаныш Бакиевдин кызы жана Карамушкинанын айдоочусу


- Эмнеге талакты эркектер гана берет. Баарыбыз кудайдын алдында бирдейбиз го. Аял киши деле талак берсе болбойбу? Нурзат Аскарова, Нарын.
Борбордук дин башкармалыгынан жооп:
Бул Аллахтын буйругу. Аллахтын буйругу талкууга жатпайт. Ал эми эркектер гана талакты беришинин даанышмандыгын карай турган болсок, Курандын "Аялдар" деген сүрөөсүнүн 34-аятын чечмелейт элек. Анда айтылат: "Эркектер аялдардын үстүнөн "ковваам" (Ковваам - багуучу, кожоюн, жоопкер, түздөөчү) болушат. (Себеби,) Аллах аларга башкаларга караганда артыкчылык берди жана алар өз малдарынан аялдарга сарпташкандыктары себептүү". Аллах эркек-аялды ар башка, өзүлөрүнө тиешелүү гана болгон табиятта жаратты. Эркектерге көбүрөөк күч, сабырдуулук жана акыл берди. Ошого жараша аларга коомдук жана жеке милдеттерди аялдарга караганда көбүрөөк жүктөдү. Эркек киши иштеп үй-бүлөсүн багыш керек, коомдук иштерге катышып, согуш болсо мекенди коргоого чыгыш керек, ж.б.у.с. Бирок, милдетине жараша ага ошончо укук берди. Ал укуктун арасында талак берүү укугу. Эмне үчүн аял кишиге талак берүү укугу берилген эмес? Себеби, аял киши жаратылышынан назик, сезимдерге бат берилүүчү зат келет. Кичине эле чыр чыгып күйөөсү жакпай калса талак берип салмак. Эркек киши оор басырыктуураак келип, жети өлчөп бир кес принцибинде ойлонуп, талакка өтө кылдат мамиле жасайт. Ал эми азыркы күндө тилекке каршы кээ бир эркектерибиз талакты жеңил көрүп, бул укукка, бул аманатка кыянат жасап салышат. Аларды сабырдуу, акылдуу деп талак укугу берилсе - алар аялдардан да жаман сезимдерге берилип талакты жеңил эле берип таштап жатышпайбы. Кудайдын астында аял да эркек да бирдей деген сөздүн мааниси - Аллахтын мыйзамынын, сурагынын алдында аялы да, эркеги да жооп берет. Мына ошол сурак күнү сен эркек болгон үчун Бейишке кир, сен аял болгон үчун Тозокко кир делбейт. Анда сооп же күнөө менен гана эсеп болот дегени.
- Ала качып барган кыздарга молдолор макулдугусуз эле нике кыя беришет бул күнөө эмеспи? Улан Алдакулов, Ош шаары.
- Нике адал, Кудайдын алдындагы чыныгы нике болуш үчүн төмөнкү шарт аткарылыш керек:
1) Кыздын макулдугу,
2) Кыздын атасынын макулдугу (атасы жок болсо, өз агасы же иниси, чоң атасы же атасынын байке-инилери),
3) Эки күбөнүн болушу,
4) Кызга берилчү белектин (махр) болушу.
Айтылат эгер кыз унчукпаса анда ал макул болду деп. Ооба, бул сөз качан кыз никеге өз ыктыяры менен келип, уялганынан "ооба" деп айталбаса, анын унчукпоосу макулдугун билдирет. Бирок, эгер кыз никеге мажбурланып алынып келинсе, анын унчукпаганы макулдукка өтпөйт. Он күн үн катпай отуруп алса да анын макулдугусуз нике болбойт. Ала качылып келинген кызга кээ бир молдокелер нике окуп койгон учурлар болбош үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (Муфтият) атайын нике кыйууга дайындалган имамдарды окутуп чыгарууга аракеттерди көрүүдө. Никенин жол-жоболорун ийне жибине чейин үйрөткөн курстан өткөн соң мындай имамдарга сертификат берилмекчи. Ошондо, Кудай буюрса, укугу жана илими бар имамдар гана жаш жубайларды Кудай алдында никелеп калат.

- Рысбек Жабиров бир кезекте Жаныш Бакиевдин биринчи аялынын кызын алган деген чынбы? Деги Рысбек байкенин канча аялы бар? Жайнагүл, Ош шаары.
Рысбек Жабиров, продюсер:
- (Күлүп) Ким берди мындай суроону? Мен 17 жашымда үйлөнгөм, Эльмира деген Өзгөндүн кызына. Ортобузда беш бала бар. Ынтымактуу эле жашап атабыз, эркек адам түрдүү жолдорго анча-мынча басымыш болуп коёт. Бир жылы ушинтип бир журналист суроо берди эле. Сиз Жаныш Бакиевдин кызы менен жүрүпсүз деп. Мен айттым эле, ой мен Акаевдин кызы менен да жүргөм десем, "Кантип" дейт. Сен ошондой суроо берип атпайсыңбы, башкача суроо болсо башкача жооп бергенге акылуумун да дегем. Кыз берип, уул үйлөп калган убагымда уят го. Көптөгөн адамдар бирөө менен сүйлөшүп турсаң же кафеге барып тамактанып койсоң эле ушул экөө соо эмес деп ойлошот экен.
- Жаныш Бакиевдин кызын тааныбайсызбы? Балким чогу тамактангандырсыз?
- Мен көп адамдар менен тамактангам. Жаныштын ал кызын тааныйм. Ал кызы бир жаштан баштап Таласта чоңойгон. Себеби, ата-энеси ажырашып кеткен. Мен ал кызды Жаныштын эмес Таластын кызы катары көрчүмүн. Тайларынан жакшы тарбия алган жакшы кыз. Мен тааныган адамдарга эле жабыштыра берген кызыктай болуп калат го.


- Акыл Ирсалиев сүйүү күнүндө бир селки менен гүл кармап сейилдеп жөргөнүн көрдүм. Ди- джейибиз сүйүктүүсүн тапкан бекен? Наргиза, Бишкек.
Акыл Ирсалиев, ди-джей:
- Өзү коомчулукка жеке турмушумду жар салбай эле коеюн деп чечкен элем. Бирок, коомчулук жеке турмушума кызыгып сурап аткан соң жооп берүүгө туура келет окшойт. Махабат майрамында мен деле көп жигиттердин катарында гүл берип кыз менен сейилдеп жүргөм. Ошону көрүп калышса керек. Мен жандаган селки кандай, эмне деген суроого азырынча жооп бербей эле турайын. Бардыгын убакыт көрсөтөт. Балким ошол сиздердин окурман, менин күйөрманым көргөн селки менин болочоктогу жарым болуп калаттыр.


- Депутат Карамушкинанын айдоочусу адам өлтүрдү деген маалымат желдей тарады. Айдоочусу мас абалында унааны башкарып, ичинде эл өкүлү да мас абалында болчу деген чынбы?
Ирина Карамушкина, ЖК депутаты:
- 26-февраль күнү саат кечки 8 жарымдарда мага Токмок шаарынын ИИБ кызматкерлери телефон чалышып, менин кызматтык автоунаамды айдаган шоопур эки адамды сүзүп кетти дешти. Шоопур болсо азыр убактылуу кармоочу жайда жатат. Укук коргоо органы шоопурду жоопко тартышат. Депутат катары да, жөнөкөй адам катары да укук коргоо кызматкерлеринин ыйгарым укуктарына кийлигише албайм. Ошол себептен бул жерден гана угуп жатам маалыматтарды.
- Сизди да машиненин ичинде мас абалында бар экен деген маалымат тарабадыбы?
- Бул актангандык эмес бирок, чындыгында мен ал күнү балдарым менен Ново-Павловка айылында үйдө эле болчумун. Ал шоопурум айылдагы чоң атасы кайтыш болуп куран окутканга суранып кеткен болчу. Ата-энесинин айтымында шоопур кичине ичкен экен. Мени депутат чакыртты деп кеткен имиш бирок, мен чакырткан эмесмин. Дүйшөмбү күнү Ошко кетмек болчумун. Кызматтык машинени дүйшөмбү күнү апкелип токтотуп кой деп буйрук бергем. Ата-энесинин айтуусунда машинени токтотом деп келе жатып жолдон ушундай кырсыкка учураптыр. 1942-жылы туулган Кутманалиев Асангазы Кочкор районунун тургуну кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал жерге барып кечээ көз көрсөтүп тууган туушкандарынын, айыл аксакалдарынын астынан өтүп кечирим сурап келдик. Экинчи жүргүнчү 38 жаштагы Матиев Алмаз каза болгон кишинин күйөө баласы экен. Ал Токмоктогу бейтапканада экен, шарт болбогондуктан аны Чүй облусттук бейтапканага которттук. Ден соолугун карап материалдык жардам көрсөтүп жатабыз. Бул жерде менин күнөөм кызматтык машинени шоопурга ишенип бергендигимде болуп атат. Бирок өзүмдөн жоопкерчиликти алып салбайм, мен да жоопко тартылышым керек. Себеби, ал машинени кол коюп алгам. 25 миң доллар турган унааны кайра калыбына келтирип ордуна тургузушум керек. Жаман иш болду, эл өкүлү, жөнөкөй аял катары катуу кайгырып жаткан кезим. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгон адамдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мен бул маалыматты укканда шок болуп өзүмө келе албай жатам. Абалдан пайдаланып менин оппоненттерим ар кандай ушак айыңдарды чыгарып жатышат. Машиненин ичинде мен бар болсом бармын деп эле айтмакмын. Шоопур да жаш эле бала болчу, мурун-кийин ичкенин көрчү эмесмин.


Мээрим Айталиева