Ош опуртал

Жаз алды менен өлкөнү


митинг каптайбы?


Ошто шайлоо жакындаган сайын эл арасында "чыр-чатак чыгып кетүүсү мүмкүн" сыяктуу ушак-айыңдар жүрөк үшүн алса, коопсуздук маселеси да ойлондурбай койбойт. Анткени, шайлоого аттанган айрым партиялардын үгүт иштери ар кандай провокациялык маанай менен коштолууда. Кайсы жол менен болсо да эптеп ээрге отурууну көздөгөн кээ бир партиянын бөрк ал десе баш алуучулары азчылык улутка жан тартымыш болуп, чыр-чатактын чыгуусуна шарт түзүүдө.

Тагыраак айтканда, эл арасында мите курттай ызгып, калктын бейпил уйкусун бузуп, чыккынчылык, провокациялык үгүт-иштерин улантып жаткан СДПК партиясынын провокатору Таир Сарпашев шаар тургундарынын көкөйүнө тийди. Ал Ош шаарынын азчылык улут жашаган Шейит-Дөбө, Жийделик махалласынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, "Биз силерди боштондукка чыгарабыз. Силер шайлоодон кийин шаар мэри Мырзакматов дон кутуласыңар. Атамбаев бардык күч органдарын Ошко жөнөттү. Эч нерседен коркпогула, силерди куткарып алабыз" деген маанидеги жарыясын жар салды. Калаа тургуну Улан Кожоев мындай ашынган агитациянын жыйынтыгы жакшылыкка алып барбайт деп бушайман болгонун билдирди. "Кан жыттанган Ошту гүл жыттанткан мэр М.Мырзакматовду баардык шаардын жашоочулары колдойт. Бирок, Сарпашевге окшогон чыккынчылар, башчысын колдогон элге азчылык улутту тукуруп, улуттар аралык чыр-чатактын кайталануусуна шарт түзүүдө"- дейт, ал. Кала берсе, Ош шаарында араң турган тынчтыкты добуш алуу үчүн бир улуттун өкүлдөрүнө экинчи улуттун лидерин бокочо көрсөтүп, кайраштырган партия өкүлдөрүн атууга өкүм кылса аздык кыларын кошумчалады Улан мырза.
Ага кошумча, саясий серепчи Расул Маматовдун айтымында, бийликчил партиялар шайлоонун жыйынтыгын жалпы элге таңуулап өткөрүүнү көздөп жатат. "Чындыкты моюнга алуу керек. Ош эли "Улаттар биримдиги" партиясын колдоорун билдирип жатат. Тилеке каршы, бийликтеги партиялар ар түрдүү кара технологиялар менен иштеп, күч менен болсо да шайлоодо жеңип чыгууга аракет кылганы ачык байкалып калды. Айрыкча, шайлоого жакын ар кандай шылтоолор менен борбордогу негизги күч түзүмдөрүнүн Ошко келиши элди кооптондуруп жатат",- дейт Расул Маматов. Мына ошентип, бийликтин партиялары улуттук азчылыкка басым жасап, ыплас технологиялар менен үгүт жүргүзүп жатса, оппозициядагы партиялар түпкүлүктүү кыргыз калкына таянып, Мырзакматовду ачык эле колдоп жаткан "Улуттар биримдиги" партиясы аркылуу нараазычылык митингдерин өткөрүп баштады. 1-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында он миңдеген элдин катышуусу менен митинг уюштуруп, азыркы бийликтин туура эмес саясатын ашкерелөөнү ниеттенишүүдө. "Ата-Журт" партиясынын лидери К.Ташиев Шаардык Кеңештин шайлоо күнүн - 4-мартты "жеңиштин башталган күнү" деп жар салып ийди. Ал арада Атамбаев менен Бабанов Ошко келип, шайлоого аттанган ректор-талапкерлер менен бирге ЖОЖдун шайлоочуларын топтоп, "пландуу жолугушууларды" өткөрүп кеткени эл арасындагы шектенүүнү күчөттү. Президент Атамбаев ОшТУдагы жолугушууда Тажикстанда болуп өткөн гарждандык согушту эске салып, элдин жүрөгүн түшүрдү. "Бири-бирине нараазы болгон эки партия аянтка чогулуп кыйкырыша баштаганда, халатчан бир СНБ келип бомба ыргытып ондогон бейкүнөө кишини набыт кылат. Ошол жардыруудан кийин кыргын башталып, миңдеген киши ажал тапканын билесиңерби?"-деди Атамбаев. Ал эми Бабанов болсо улуттук драм театрда сүйлөп жатып, "элди регионалдык, улуттук бөлүнүүчүлүккө баштаган күчтөрдү аеосуз жазалайбыз!" деп катуу эскертти. Жергиликтүү байкоочулар Бабанов менен Атамбаев эмне үчүн улуттар аралык нааразычылыкты ачыктан ачык күчөтүп жаткан КСДП партиясына чара көрбөйт да, улуттар аралык ынтымакты пропагандалап жаткан "Улуттар биримдигине" укурук салып жатат деп таң калышууда.
М.Закиров, Ош шаары




Ишеним телефону

Ректоруң ким студент?


Урматтуу студент, ректоруңдун ким экенин билесиңби? Жок дегенде аты-жөнүн, жүзүн дегендей. Ооба, айрым ректорлор студенттер менен тыгыз иштебегендигинин натыйжасында ишмердүүлүгү эмес, ректорунун аты-жөнүн дагы дурустап билишпейт. Биз "Ректоруң ким студент?" рубриканын алдында жогорку окуу жайларга кайрылуу жасоодобуз. Максатыбыз студенттер менен ректорлордун ортосундагы байланышты бекемдөө. Кандай иштеп жатат, бийлигин ашыкча пайдаланган жокпу, эмнелерди жаап-жашырып жатат... айтор, ректоруңузду мактайсызбы, жактайсызбы же жектейсизби сиздин ишиңиз. Болгону маалымат так болсун. Баса, ректоруңузга каалаган суроо берсеңиз да болот. Биз жооп алып берүүгө даярбыз. Ошондой эле, бир гана ректоруңузга эмес, окуу жайыңыздын проректорлору, директорлору жана мугалимдеринин ишмердүүлүгү тууралуу дагы маалымат берсеңиздер болот. Биз "ишеним телефону" кызматын ушинтип аткаралы деп чечтик. Демек, ректорлоруңуздар тууралуу уюлдук телефондон смс жиберсеңиз, электрондук почтага жазсаңыз болот. Эмесе урматтуу студент, ректоруңуздун ийгилиги жана кемчилиги тууралуу маалыматты 0 777 84 01 52 же 0552 725 825 номерине смс, 0 312 933 622 номерине чалып билдирүү, ал эми asmanpress88@mail.ru электрондук дарекке маалымат жибериңиз.