Ак-ый-кат!

Адам өлсө "үч тамгага" шоубу?


Шаардык жол көзөмөлдөө инспекциясынын кызматкери Айбек Эшбаевдин өлүмү али күнгө чейин сырдуу бойдон калып келет. Эсиңиздерде болсо Эшбаевдин тегерегиндеги чууларды №4 саныбызда бердик эле. Бир тууганынын, жолдошунун өзү өлгөнүнө күмөн санаган ага-тууганы митингге чыгышып, акыйкатты талап кылып оң жооп болбосуна көздөрү жетип, гезит аркылуу кайрылсак майнап чыгаар деген үмүттө биздин редакциябызга келишиптир. Балдары менен түшкөн сүрөтүн көтөрүп алып зар какшап "ишене албайм" деген жубайын көргөн адам жанына тура албайт. Акыйкаттык барбы? Же "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген заман болдубу деген Эшбаевдердин үй-бүлөсү болгон окуяны айтып беришкен соң гезит бетинен орун берүүнү эп көрдүк.

Шаангүл Эшбаева, жубайы: "Экөөбүздү жолуктурбайт деген акыркы сөзү болду"
- 11-февраль күнү жумушка кеткен, ошол күнү кечки саат 6да өзү менен бирге иштегендер Айбек кармалды деп чалышты. Дароо жолдошума чалсам кармап алышты деди да телефону өчтү. Кайра-кайра чалып ала албай койдум. Кечинде шаардык прокуратурага барып Эшбаев келдиби десем, ооба келди дешти. Күтүп отурсам бир жаш бала чыкты. "Сиз кимиси болосуз" дегенде, жанымда отурган бир граждандык кийим кийген бала "келинчеги болот экен" деди. Сиз кайдан билесиз мени десем, "жана айтпадыңызбы" деди. Сиз эмне жумуштар менен келдиңиз эле десем "по делам" деп койду. Менимче ошол адам "разведчик" болсо керек. Баягы бала кирип чыккан сайын суранып аттым. "Жок, болбойт дегенде болбойт" деп корс жооп берип койду. Бир убакта Алмаз Аширов деген бала чыкты (кийин билдик атын). Өң түсү бирөөнү сабап чыккандай ачуулу болуп чыкты. Мен чыкса эле киргенге суранайын деп аттым эле, анын кебетесин көргөндө сурана албадым. Тамеки тартып кайра кирип кетти, менимче ошол мезгилде сабаган. Кийин эле 9.30 чамасында ошолордун телефонунан жолдошум мага чыкты (көзүнө жаш алып) "мени биздин машинеге окшош машинеде алып кетишет, экөөбүздү жолуктурбайт, черный входдон алып чыгышат" деди, ушул акыркы сөзү болду. Эшикке чыгып турсам ошондой машине өттү бирок, капкара болгон үчүн көрө албадым. МАИ кызматкерлери келишти, тааныштарыбыз келишти. Ар кимге чыктык. Бирөө Салянованын күйөөсүнө чейин чыкты. Чыкса дүйшөмбү күнү деди, баары ошентип калышты. Эртеси жекшемби күнү эртең менен жактоочу таап барсак тергөөчү Эркин Чодобаев "Мүмкүн эмес" деп киргизбей койду. Көрсө ал жерге күнү-түнү адвокат киргенге болот турбайбы. Ошентип адвокат сөгүнүп чыкты "эмнеге мындай кылып атышат түшүнбөйм, сотко даярданалы, документтерди камдаңыз" деди. Жекшемби күнү күйөө балама бирөө чалып, "эртең сотко чыкканга граждандык кийим алып келгиле" дептир. Ал күйөө балабыз ошол жерде иштейт эле, кийимин алпарып кирейинчи десем, "сиз эмес ошол жерде иштеген мени да киргизбейт" деп койду. "Азыр сиздин бергендерди бирөөгө берем, ошол алып кирет" деди. Бир аз сүйлөшсөм болобу десем, жок бул жерде турган болбойт дегенинен кеттим. Эртеси адвокат кирем десе дагы болбоду. Документ чогултуп жүрсөм эртең саат кечки 5те соту болот экен дешти. Дүйшөмбү күнү документ чогултуп жүрсөм, мага чалып "үйгө келбейсиңби, документтерди даярдап койдук" дешет, көрсө жолдошум өтүп кеткен экен. Дүйшөмбү күнү саат 5те өлгөн болсо мага саат 11де угузушту.
- Душмандары жок беле?
- Кетип атканда "начальство мага эле асылып калды" деп айткан эле. Кийин ошол начальниги келип бир кабар алып койгон жок. Айбек өзүн аябай жакшы көрүп, кичине грипп болуп калса да дары ичип жатып алчу. Бирөө ушинтип өлүптүр десе "жиндиби, табылат го" дечү. Өзүн эч качан асып албайт эле. Сөөктү алып келгенде ичин кармай калсам ичи жылуу. Кийими канга чыланган денесинде бир тамчы кан жок. Муну жуушуп кургатып анан беришкен. Денеси көгала болчу. Бизде сүрөттөрү бар.
Шарипа Усманова, эжеси: "Врачтар да жооп бериш керек"
- Мен медайыммын. Кан жоготкон адамдын гемоглобинин текшерип, кан басымын нормалдаштырып, врачтардан консультацияга чакырыш керек болчу. Бейтапканадан бейтаптын макулдугу менен "жакшымын" дегенде гана жөнөтүш керек. А булар Эшбаевден сурабастан эле "отказ" деп алып кеткендей буюм эмес да. Отказды СНБнын Жээнтаев деген кызматкери жазып алып кеткен экен. Ошол учурда алып кетип аткан балдарга "үшүп атам жаап койгула, Аялыма чалып койгулачы" деп суранган экен. Мына ошондой оор акыбалдагы адамды жөнөткөн үчүн врачтар да жооп бериши керек.
Гүлжамал Хатамкулова, таежеси: "Булардын максаты өлтүрүү болгон"
- Митингге чыкканыбызда УККнын орун басары биздин баланын фамилиясын да так билбейт экен. Өлгөн бала ким өзү десек, "Айбек фамилиясын билбейм" дейт. Эч нерсе жооп бере албайт. УККга кирсек "биз эч нерсе билбейбиз, глазоктон карай тургандар жоопко тартылат" дешет. Митингге чыккан МАИ кызматкерлерине Атаханов, "он был не адекватен" деп айтты ошого жооп берсин. Эмнеге аялдын моюн орогучу деди. Тергөө убагында кайра эркектин моюн орогучу дешип атат. Кана ошол моюн орогуч. Асынып өлдү дегенден кийин тез жардам чакырышкан экен. Алар барганда кроватта жаткан экен. Мунун баары келип эле өзүн-өзү аскан эмес деген тыянакка алып келет. Муну асып коюшту. Кийин баарын жасашкан. Чала өлүк маалында же өлгөндөн кийин моюнуна изин түшүрүшкөн. Ал өзүн өмүрү аспайт болчу. Коррупция деп кармаган күндө да мунун күбөлүгүн, значогун гана алып коюш керек эле, камаганга акылары жок болчу. Булардын максаты өлтүрүү болгон.
Азизбек Эшбаев, иниси: "Күнөөкөр Чодобаев"
- Бул жерде эң күнөөкөр Чодобаев . Менимче Чодобаев бирөөнү удочкага илип кармайт дагы чоң өлчөмдөгү акча сурайт. Бербесе СИЗОго апкелип кыйноо жолу менен акча өндүрөт.
Мадина Эшбаева, келини:
"Кан басымы төмөн адам кантип асынат?"
- Эмнеге ошол учурда тергөөчү Чодобаев акабыз шектүү делип кармалса убактылуу кармоочу жайга эмес, СИЗОго алып барды. Булар башта эле мыйзам бузушту адвокат киргизбей. Камалгандан кийин базар күнү колун кести дейт. Оң колун кесиптир, кантип, сологой болбосо оң колун кесет. Суицид жасады дешти, колун кести кылып бейтапканага алпарып колун тиктиришиптир, ошол маалда кан басымы төмөн 60/40 болуптур. Үшүп калтырап барыптыр. Анан кантип кан басымы төмөн болгон оор акыбалдагы адам өзүн-өзү асат. Өлгөндөн кийин мына асынып алды деп көрсөтүш керек да. Булар көрсөткөн эмес. Баш прокуратурада жазылып атат, эртең менен саат 9да врачтар барып текшеришкен учурда ичи муздак болчу экен. А бизге кечки саат 5те берип атса ичи жылуу. Врачтар текшергенден кийин УКК бир нерсе кылышкан. Көк жерлерин кетирген, тазалап жууган.
Шаардык прокуратуранын алдына митингге чыктык. Чодобаевди чыксын десек, бизге Алиевди чыгарып коюшту. Ал жерде бир келин кызы менен ыйлап турган экен. Бизге кошулуп жолуктургула күйөөмө десе, Алиев чыгып алып "сен ушинтип турсаң ким сага уруксат берет" дейт. Анан биз мунун да күйөөсүн өлтүрөйүн деп атасызбы десек, "Че шоу показываете" дейт. Адам өлүп атса буларга шоу экен. Эмнеге жогору жактагылар жоопко тартылбайт? Чодобаевдин атасы полковник имиш. Мыйзам баардыгына бирдей дегени ушулбу? Акыйкат, чындык кайда?

Мээрим Айталиева