Жөнөкөй маек
Максат Сабиров, ЖК депутаты:

"Гүлзат Байзакова, Гүлнур Сатылганова менен чогуу окугам"


ЖК депутаты Максат Сабировду маектешүүгө чакырдык. Максат мырза Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Маман айылында 1967-жылы туулган. 7 бир туугандын улуусу. Учурда үй-бүлөлүү, 3 уул,
2 кыздын атасы.

- Максат мырза, маекти оюнга тойбогон балалык кезден баштасак?
- Бала кезде шок деле болгон жокмун. Кичинемден жоопкерчиликтүү болдум. 5-классымдан баштап музыкалык мектепке бардым. Биздин айылдан аталган мектепке 40ка жакын бала бардык эле ичинен жалгыз мен бүтүп чыктым. 8-классымдан баштап иштедим, айтор бала кезден түйшүкчүл болдум. Азыркы күндө да эки чака менен суу ташып бара жаткан баланы көрсөм жаман болуп кетем. Анткени, апам ишемби күндөрү кир жуучу, суусун мен ташычумун. Жекшемби күнү кийим үтүктөгөндү мага жүктөп койчу. Кийим үтүктөгөндү азыркыга чейин жаман көрөм.
- Мектепте кандай элеңиз?
- Мектептин алдыңкы окуучусу, комсомол коммитетинин төрагасы болчумун. 9-классымда жакшы окугандыгым үчүн Орусияны кыдырууга жолдомо берип кыдырып келдим. Амангелди Осмонов деген агайым ушул бала барсын деп өзүнүн жолдомосун берсе керек деп азыр ойлойм. Раматылык киши география сабагынан берчү, дайыма жанына алып жүрчү. Орусияны кыдырып келгенден кийин шаарга кетем дей баштадым. Болбосо атам айылда бол, бир короо кой алып берем, аял алып берем дечү. Башка жактарды көргөндөн кийин окуш керек, жер көрүш керек экен деп калдым. 10-классты бүтүп келип тарых факультетине тапшырып өтпөй калгам. Кийинки жылы кайсы окуу болсо да тапшырам дедим. Ошентип искусство институтуна тапшырып өтүп кеттим. Ортодо армияга барып келдим. Союз тараганда юридика бөлүмүнө тапшырып ал жакты бүттүм.
- Искусство институтунда кимдер менен окугансыз?
- Гүлзат Байзакова, Гүлнур Сатылганова, Динара Жусаева, Бакыт Убукеев дагы бир топтор менен чогу окугам. Ошол учурда деле иштечүмүн. Окуп жүргөндө эле иштей баштагам. Ал кезде азыркыдай кафелер жок, темир жолго барып вагондон көмүр түшүрүп, эт комбинаттарда эт жүктөп иштедим. 4-курста окуп жүргөндө агайларым "жатаканага комендант болуп иштеп бер, сени сырттан окуу бөлүмүнө которолу" дешип ал жакта иштеп калдым. Мен иштеп жүргөн кезде жатаканада Роза Аманова, Кадыралы Артыков дагы бир топ чоң-чоң кишилер жашашчу.
- Өзүңүз искусство адамы болсоңуз бизнеске, саясатка кандайча аралашып калдыңыз?
- Искусство адамдарына көңүл бурулбай калды. 2000-жылы ар кай жакта иштеп жүрдүм. Биринчи "гастербайтерлер" биз болушубуз керек. 2003-жылдан баштап Ошто иштедим, 2 жылдай Манас аэропортунда иштедим. Кийин жылуулук тармагында иштедим. Саясатка кирем, депутат болом деген ой жок эле. Оюмда бир өзгөртүү киргизсек, маселе, көйгөй көбөйдү өзгөрүү жок деп жүргөм. Апрелден кийин "Жаңы муун ынтымагы" деп Көл өрөөнүнүн ынтымагын түздүк. Райондо "Хан Теңри" коомун түздүк. Саясатка барам дебесең, саясат өзү тартып алат дегендей болуп аралашып кеттик. "Максат сен чабандын эле баласы болсоң, өзүң музыкалык мектепте окусаң, сени ким колдойт. Кантип эле сен чоң кызматтарда иштедиң" деп айтышат. Буларга бир гана жообум бар, эмгектениш керек.
- Бабанов партиясына жалаң жаштарды эмес, жаш капчыктуу бизнесмендерди алган дешет. Сиз да бизнесиңиздин арты менен келгенсизби?
- Чындыгында Бабановду билчү эмесмин, шайлоого чейин укчумун бирок, тааныган эмесмин. Апрель окуясынан кийин кайсы партияга киребиз деген ой болду. Караштырып көрдүм, бирок, жаштардын партиясы менен чыгам дедим. Ортодо көп сунуштар болду. "Республика" партиясында көз карашы туура келген, буга чейин курган ишканалары бар, колунан иш келген жигиттер көп экен. Анан эле эч нерсе кылбай саясат деп чуркап жүрүп, мамлекетти курабыз деген адамдарга таң калам. Кетмен чаппасаң, эч нерсе куруп көрбөсөң эмгектин баркын билбейсиң да. Менин бир топ кызыкчылыктарым менен партияныкы дал келип, өзүм барып арызымды жазып силердин партия менен чыгайын деп Бабанов менен таанышкам.
- "Республика" партиясынын жалкоо депутаты деген тизменин катарында сиз да бар экенсиз?
- Ар кандай айтылышы мүмкүн. Аны түшүнгөнү, түшүнбөгөнү жазат. Айылдарга жардам көрсөтүп, мыйзам долбоорлорун жазып атабыз. Муну азыр мактанып айткым келбейт. Убагында көрүшөт, айтышат.
- Депутат болгону өзгөрдүңүзбү?
- Билбейм, өзүм жөнөкөйлүктү жактырам. Бирок, сен керсейип турасың деп айтышат. Анан сүйлөшүп келгенден кийин "Эй сен нормальный эле бала турбайсыңбы?" дешет. Мен күлөм "Силерге не нормальный деди беле" деп. Дайым ойлонуп жүрөм. Андыктан тааныштарыма "жаныңардан учурашпай өтүп кетсем мага таарынбагыла" деп айтам.
- Чоң атаңыздын атынан кол тобу (гандбол) турнир өткөзүп жүрөсүз. Азыр колуңузда бийлик да, байлык да бар дегендей балким ушул турнирди республикалык масштабга көтөрөсүз?
- Бул турнирди студент кезимде стипендиямды чогултуп келип 2-3 айылдын ортосунда өткөзүп баштаган элем. Турнирдин арты менен өзүмдүн атымды же чоң атамдын атын чыгаруу эмес. Негизи жашоодо үч принцибим бар. 1-Аллахты ыраазы кылуу, 2-арбакты ыраазы кылуу, 3-адамды ыраазы кылуу керек. Алла ыраазы болуш үчүн көкүрөгүңдө Кудай деп колуңан келишинче чекеңди саждага тийгизсең болот. Арбак ыраазы болуш үчүн ошолорду эстеп жүрүү. Турнирди чоң атамдын арбагы ыраазы болсун деп бала кезде баштагам. 3-адам ыраазы болуш үчүн тегерегиңдегилерди капа кылбай ыраазы кылсаң ишиң илгерилейт. Республикалык деңгээлде чыгарып күчөтөйүн деген тилек жок, жылына 2 күн болсо да айылга майрам кылып берсем деген тилек. 400 киши катышат чоң атамдын атына куран түшүрүп, эскерсем айылга чоң майрам. Биздин үй-бүлөдө апам 5 убак намаз окуйт, 3 карындашым да намаз окуйт. Эки иним да калышпайт
- Сизчи?
- Ушунун баарын баштаган мен элем. Кийин 2006-жылы авария болуп ошондон кийин дарыланып, намазым үзгүлтүккө учурады. Азыр деле дайыма укол алып, дары ичип жүрөм. Ниетим түз.
- Сиздин мындай даражага жетишиңизге жубайыңыздын да салымы зор болсо керек?
- Албетте, мени көп жактан колдогон келинчегим болду. Менин убактым жетпегенин да билдирбейт. Үйдө да, сыртта да алака катыштын баарын тууралап турган келинчегим. Эртең менен саат 8де чыгып кетем, кечинде барам. 3,5 жаштагы кичүү балам жумасына 2 жолу көрсө көрөт, көрбөсө жок.
- Кыздарыңыз бойго жетип калыптыр. Сиздин оппонентиңиздин баласына турмушка чыгам десе эмне кылмаксыз?
- Кыздарыма "кандай балага турмушка чыксаңар өзүңөр билгиле, каршылык көрсөтпөйм" деп айтып келем. Өзүм кандай чоңойсом балдарым да ошондой чоңойсо дейм. Анткени, мен бардыгын өзүм тандагам. Баарын өзүм чечип келатам. Көп кийлигишпейм, болгону турмуштун оор экенин, кайсыл жактан тайгаланса жыгылып тура албай калаарын көрсөткөнгө аракет кылам. Чет мамлекеттерге көп чыгарам. Бир кызым Америкага, экинчиси Кытайга барып келишти. Балдарым Европаны көрүп жүрүшөт. Кыздарымдын бири 22 жашта, экинчиси 20га чыкты. Кыздарыма "турмушка чыксаңар боло, күйөө балдар менен тааныштыргыла" десем, "папа сизге окшогондор жок экен" деп калышат. Мен сыймыктанып калам, балдарым үчүн идеал экенмин деп.
- Юрист катары айтсаңыз Кыргызстанга кандай мыйзам жетишпейт?
- Кыргызстанга мыйзам жетиштүү эле. Ошол мыйзамды аткарган кишилер азыраак экен. Кеп мыйзамда эмес, кеп биздин идеологиянын, жоопкерчиликтин жоктугунда, жалкоолугубузда.
- Депутат деген ким?
- Депутат десе эле баарын талкалай турган бир нерсе ойлошот. Акчасы, тамагы жетпей калса деле келе берет. Бала-бакырасы кылмыш кылса да келет. Депутат деген мыйзам чыгаруучу орган. Биз мыйзамды чыгарып же ал мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алабыз. Андан тышкары ар кай жерден келген соң ошол жердин көйгөйүн көтөрүп чыгышыбыз керек. Биздин милдет бирөөнүн баласын бир жерге орноштуруу, же каражат берүү эмес.
- Депутаттар бир "звонок" менен көп нерсени чечишет дешет. Сиз да ошондой кылууга үлгүрдүңүзбү?
- Жок мен кадр маселесине аралашкым келбейт. Бул жакка, тигил жакка орноштур деп көп суранып келишет. Кадимкидей эле резюмени алып алып "баламды жакшы жерге орноштуруп бер, акчасы көп болсун" дешет. Бирок мен "силер өзүңөр издеп тапкыла ошондой жерди, мен сүйлөшүп көрөйүн" деп айтам. Ошондон кийин келбейт экен. Кандай проблема болбосун колумдан келишинче жардам берүүгө аракет кылам. Айрымдар бар экен көнүп алышыптыр ар бир депутатка барып чыгат экен. Акча сураганы андан, китебин сатканы мындан көп.
- Жеке бизнесиңиз барбы?
- Андай деле чоң бизнесим жок. Азыр фирмаларымды балдар иштетип атышат. Кыздарым чоңойуп келатат, ошолор иштетсин. Мен эми депутатмын. Азыр саясатка кирип үйрөнүп атабыз.
- Саясатты сасык дейт, булганып калам деп коркпойсузбу?
- Саясатты сасык кылган саясатчылар. Саясатта түз, таза жүрсөң таза эле болосуң. Туура иш кылсаң туура жыйынтык чыгат. Атың булганса бала бакыраңа чейин баягынын баласы, баягынын тукумдары делет. Айтылбай койбойт. Жашоодо туура жүргөнгө аракет кылып, балдарга залакасы тийбегендей болуш керек. Кандай болгон күндө да тарых баары бир өз ордуна коюп коёт.
Мээрим Айталиева