Чырдөбө
Темирлан Сманбеков:

"Баланы төрөп, бага албай кыйнагандан көрө азыр жок кылган жакшы"


"Темирлан Сманбеков кош бойлуу аялды сабады" деген макала жарык көргөндүн эртеси Темирлан мырза кол алдында иштеген 5-6 кызматкерин ээрчитип редакциябызга келген. Анда эл, анын ичинде биз сыйлаган актердун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, бир байкуштун кейпин кийип, "Гезиттин биринчи бетине катуу нерсе чыгып кетиптир. Мен ошого жаман болдум. Биз эми чуулдай бергенде болбойт, бир туугандай болгон адамдарбыз. Эртеңки күнү далай жакшылыктарда жолугабыз, бири-бирибизге жаман айтышпайлы. Түшүнөлү. Мейли эми чыгып кетти ишенгени ишенет, ишенбегени ишенбейт. Силерден бир сураныч баарыбыздын сүйлөгөндү бербей эле келди сүйлөштүк деп койгула. Бул маалыматтан кийин мени министрликке чакырат. Каякты карап жүрөсүңөр дейт, мен ошондон коркуп турам. Министрге барганда кызуу кандуулукка алдырыптыр, мына кийинкиси деп көрсөткөндөй болоюн. Министрликтен мага асылгандай болбосун. Биз башка гезиттерге маалымат бербейбиз" деп эркекче сүйлөшүп кеткен соң экинчи жакка барып бизди калпка чыгаргысы келди. Өткөн саныбызда Сманбековдун редакциядагы ызы-чуу салганын беребиз деп айткан соң берүүнү туура көрдүк. Төмөндө Сманбеков менен сабалган аялынын сөздөрү. Дагынкысы дагы бар.

- Окуя болгону чын, бул факт, туурабы?
- Ушул окуяны ким баштады, ошону жазыш керек. Гезит чыгып кеткенден кийин элдин баарына жаман атты болуп авторитетке шек келтирилди. Ага чейин териштирип чыгарылышы керек эле.
- Чыр кайдан чыкты?
- Ой чырды өзү чыгарып атпайбы. Боюңда болсо жашай турган жериң жок болсо кыйналып каласың десем болбойт. Эми сен бутуңа тур чыгарма жаз, атыңды чыгаралы азыр баланын кереги жок, сактан дедим. Колум тийди.
- Адам катары айтыңызчы, 3 айлык бала жаны бар болуп эсептелет, ошону алдырып салуу чоң күнөө да?
- Ошол баланы төрөп, бага албай кыйнагандан көрө азыр жок кылган жакшы. Тирүүлөй адамды кыйнаган жаман.
- Теңир уулуңуз да?
- Теңир менин уулум. Баламдын фамилиясы да өзүмдүн наамымда.
- Анда эмнеге атадай болуп колуңузга алып бакпайсыз?
- Мен багайын десем бербей, айылга алпарып таштап койду. Канча сурандым менин карындаштарым, инилерим турат ошолорго бактырайын дедим. Өзү болбой койду.
- "Мен сени колдонуп жүргөм" деп айттыңыз беле?
- Колдоном деп айтканга өзү түрткү берди. Мени колдонгон экенсиң да деди. Көңүлүн оорутуш үчүн мен ооба дедим.
- Жетекчи болуп астыңызда айлыкка иштеген, баласы жаш, боюнда бар аялды жумуштан кетиргенче, жетекчи катары өзүңүз эмнеге кеткен жоксуз? Сизге төрөп берген аял эмес, ушул ызы-чуунун баарын кылып жаткан жетекчи кетиш керек эле.
Совет, театр кызматкери: -Силер журналистер андай суроо бергенге акыңар жок.
-Кечиресиз агай, биздин жумушубуз ушундай. Биздин суроо бергенге укугубуз бар. Эртеден бери театрдын акчасын берем дедиңиз, балаңыз үчүн башка жактан таап берсеңиз болбойт беле?
- Башка кайдан алып берем, театрдагы болгон айлыгымды ушуга берем. 9 миң сомду.
Ж: - Негизинен алимент катары 2500 сом берилет.
- Никеңер барбы?
Т: - Никесиз баланы кантип төрөтөм. Бала төрөлгөндөн кийин атын фамилиясын бердим. Бүт баарын алып берип аттым. Биринчи аялым менен ажырашып кетип үйдү ага таштагам, бирөөсү Италияга кеткен. Анан биз экөөбүз чогу иштеп калып, жакшы болуп кеттик. Никебизди кыйдырып, төрө мен жардам берем дедим. Эми ушундай болуп кетти.
- Ушунун баарын өз ара сүйлөшүп чечип алсаңар болбойт беле?
- Чырдын баарын өзү чыгарып атпайбы? Баарын талкалап, ызы-чуу салып.
- Чындыгында ушундай болду беле?
Ж: -Ушуга жетпешибиз керек эле. Уулум ооруп ага жаңы эле барып келдим. Төш сөөгү өсүп атыптыр шаарга алып келиш керек. Азыр Токтогулдук эженин үйүндө жашайм. Баламды алып келип бирөөнүн үйүнөн дарылата албайм. Ушинтип турмуш бузулбай эле койсо болмок дедим. Айылга кеткенде ал жакта жер титирөө болуп, уулум да ооруп бир аз күн кечиккем. Ошого жетекчи катары АКТ жаздырткан өзүң экенсиң-дедим. Мен сени коргоп жүргөм, эми сени жумуштан кетирем деди да правком болуп иштеп жүргөн Шайыр Иманалиеваны чакырып келди. Ал эже -Баягы эле экөөңдүн проблемаңбы. Темирлан менен Майраштын турмушун бузуп коюуп ушул кабинетте кыйын болуп турба! Сенин акың да жок! Эгер мен Темирландын аялы болсом чачыңды бирден жулмакмын. Эмне сеники алтындан капталганбы-деди. Мен Темирландын Майраш эмес Люда деген гана аялын билем, алардын турмушун мен бузган эмесмин, менин турмушумду Темирлан бузган деп ызаландым. Уруш күчөп кетти. Чырды өзү чыгарды дебей чындыкты айтсаң жакшы болмок.
- Мурдакы аялдары менен мамилең кандай?
- Мен билген жана Темирландын апасы, бир туугандары айтып жүргөн Люда Борисовна деген профессор бир эле аялы бар болчу. Аял катары аны да түшүнөм. Бир адам үчүн башка өлкөгө келип, эми жалгыз жүргөнүнө аны аяп кетем. Андан башкасын билбейт экенмин. Көрсө... Эгер мындай кайым айтышуу боло берсе анда мен да көп нерсенин бетин ачып айтам.
- Талак берүүнү ойлодуңуз беле?
Т: - Жакшынакай жардам берип, дайыма чогу жүрүп, карьерасын ойлоп, жакшынакай мамиле кылып атсам талак берүү жөнүндө ойлонгон эмесмин. Дайыма кабинетке чакырып алып чай берем, келечекти кыялданабыз. Бир баланы багып алалы, азыр алдырып эле кой, эртеңки күнү 60ка келип, пенсияга чыгам колумдан эч нерсе келбей калат дедим.
- Темирлан мырза айткандай туалетке кирип асынам дедиң беле?
Ж: - Эч кандай асынам деген эмесмин. Кабинетинен жаактан ары чаап калды. Анан театрдын экинчи кабатында тепкич бар мени ошого чейин сүйрөп келди. Балаң менен кошо өлтүрөм, ыргытып ийем деп аткан. Ошол күнү 14-февраль болуп коллектив биринчи кабатта майрамдап жатышкан эле. Бас мен ошол жака алпарып көрсөтөм деп сүйрөп келатканда, колунан бошонуп туалетке кирип бир аз суу менен бетимди чайкагам андан кийин эч нерсе билбейм. Көзүмдү ачсам нашатыр жыттатып атышыптыр...
PS. Жаза берсек гезит бети түт келчүдөй эмес. "Менин энем ооруп атат, энени аяйсыңарбы" дейт Сманбеков. Темикеңе пайдаланган аялдар эне эмес экен да. Көрсө Темирлан Сманбеков жашоодо да актерлук чеберчилигин пайдаланат экен, баракелде, жол болсун дейли. Маданияттын туу чокусунда отуруп, искусствонун каймагы деген адамдар ушундай жолго барып атса жакаңды кармагандан башка айла жок экен. Эгер муну да калп десе дагы жазабыз. Баса, министр мырза, сизди издеп таба албадык, бул маселе боюнча сураар соболубуз бар.
Барчын Аскарова