Кайрылуу

Жайсаң атанын арбагына асылбагыла, "каймактарым"


"De-fakto" гезитинин ушул жылдын 16-февралдагы санына жарыяланган "Салттуу Манас эпосун бурмалап-бузуп, эпикалык калмак ырчысы Жайсаңдын арбак-руху жараткан чыгармага айланышына жол бербейбиз!" деген тема менен кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнө багытталган, "Кыргыз эл баатырлары" баш болуп, илимдин доктор, профессор, академик, кандидаттары төш болушкан, бардыгы болуп 57 кыргыз элинин "каймактары" кол коюшкан кайрылууну окуп алып, ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры ушул макаланы жазууга бел байладым.


Сөз баштардан мурун, илгери Чынгыз Айтматов "Жамиланы" жазганда Аалыке, Түкөлөрүбүз баш болгон жоон топ акын-жазуучуларыбыз жаш жазуучуну ит талагандай кылашканда, жалгыз Камбараалы Бобулов : "ит үрө берет, кербен жүрө берет, буга чейин мындай жакшы чыгарманы эч ким жаза элек болчу Чынгыз байке, эч кейибей дагы башка ушундай кызыктуу китептериңизди жаза бериңиз"-деп жактап чыккан. Ошонун сыңарындай бир карапайым аялды ушунча аттуу-баштуу делген 57 кишинин "ит таламайга" алышы жосунсуз жорук го дейм? Макул, Бүбү Мариям Муса кызы ушунчалык эле кайрылууда айтылгандай кыргыз элинин салттуу "Манасын" бурмалап, элдин башын айландырып жаман ишке барып жаткан болсо, эмне үчүн макала жарыяланганга чейин Бүбү Мариямды чакырып алып, кылган күнөөсүн көзүнө көрсөтө мойнуна коюп, илимий чөйрөдө өзүнчө талкуулап, андан кийин барып элдин талкуусуна коюлса жакшы болмок.

Кайрылуунун башында: "Сагымбай, Саякбай, Жусуп Мамай ж.б. жүздөгөн гениалдуу айтуучулардын салттуу жана даңктуу "Манас" эпосу болуп көрбөгөндөй бурмалоолорго, ачыктан ачык уятсыз фальсификацияга дуушар болууда"-деп Бүбү Мариям Муса кызына доомат коюлат. Доомат коердон мурун ким айтуучу, ким жазма манасчы, анан кантип "Манас" айтып калышкандыктарын тактап алсак. Булардын ичинен Жусуп Мамай жыйноочу, жазма "манасчы", башкаларчылап "күпүлдөп" "Манас" айта албайт. Башкалары, силер жазгандай гениалдуу айтуучулар өзүлөрү каалап "манасчы" болуп калышкан эмес. Алардын бардыгы али бизге белгисиз болуп келген "Кайып дүйнөдөн", "Жогорку күч" тарабынан аян берилип, түшүнө кирип ж.б. болуп "Манас" айтып калышкандар. Башкасын билбейм, мен Саякбай абамдын колуна суу куюп, атын токуп, чыргасын тартып, өзү айткандай "Атабыздын жомогун" көп жолу угуп, "Манас" түшүнө кирип айтып калганын өз оозунан уккан кишимин. Башка залкар "манасчылардын" баары эле, азыркылардай болушуп жаттап алышып, өзүлөрүн зордобостон, аян аркылуу айтып калышкандар. Алардын варианттары жалпы жонунан окшош болушканы менен бири-биринен "Манастагы" окуялар көп эле айырмаланып турат.

Бүбү Мариям да "Айкөл Манас" китебин жазам, транс абалына түшүп Жайсаң ата менен "Кайып дүйнөдө" жолугушам деп эч ойлогон эмес. Бүбү Мариямдын 15-20 жылдан бери эчен "азап-тозокту" башынан өткөрүп, эчен ач калып, суукка тоңуп, түшүнбөгөн элдин эчен мыскылдуу кебине кабылып , ошончолук кыйынчылыктарга чыдап, акыры "Айкөл Манас" китебин он том кылып элибизге тартуулашы аябагандай чоң эрдик! Биз муну баалашыбыз керек.
Урматтуу "кайрылууга" кол койгон "каймактар"!

Бүбү Мариям Муса кызы эмне кылып "Манас" эпосун бурмалап, фальсификация кылды? Же, мурунку "манасчылардын" китебин бирден алып бул жери жарабайт деп чийип чыктыбы? Асылсаңар да бир жүйөөлүү себеп таап асылсаңар боло? Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасы" мурун жазылган "Манас" эпосун толуктап, тактап, буга чейин бизге белгисиз болуп келген окуялар, адам ысымдары ушул китептен билип жатпайбызбы. Жайсаң калмак акыны экен, профессор Омор Сооронов айтты дейсиңер, эмне "олуялык" кылгандай Омор 13 кылым мурун Жайсаң ата менен чогуу жашаптырбы? Китептеги маалымат боюнча Суусамырдагы "Жайсаң жайлоо", "Жайсаң төр", "Жайсаңдын ашуусу", коктунун ичиндеги жылкылардын баш сөөктөрү, "Көк булуң", андагы кызыл таш, булак ж.б. көптөгөн аяндагы маалыматтар азыр да бар экендигин ишенбесеңер чогулуп барып көрүп келбейсиңерби. Андан да Бүбү Мариям Жалил Садыковдун "Айкөл Манасынын" атын уурдап китебине коюп алган деп кантип уялбай жаздыңар? Жалил агайдын "Айкөл Манасы" көркөм чыгарма. Бүбү Мариям менен Ж. Садыковдун жолу эки башка. Манас баатырга "Айкөл" деген атты кыргыз эли мындан 13 кылым мурун эле берген.

Кайрылуунун дагы бир жеринде: "Жайсаң Үмөт уулунун рух-арбагы "автор" болгон "Айкөл Манас" кайсы бир акчалуулар тарабынан марттык менен каржыланып, орус, казак, ангилис, уйгур ж.б. тилдерге тез которулуп, ал элдерге да "чыныгы Манас-ушул" деген көз караш өкүм зордук менен таңуулануу иштери болуп көрбөгөндөй күчөдү" депсиңер. Ой, сөз болбосоң кое кал! "Көздүү мончок жерге жатпайт", "Алтын баткакта да жаркырайт" дейт элибизде. Илгертеден эле сулуу кыз, алгыр куш, күлүк тайган ж.б. адими зат бааланып, керек дегендер ат арытып, айлык жол басып издеп келишкен. Бүбү Мариямдын он томдук "Айкөл Манасы" да куну ошончолук үчүн башка элдердин тилине которобуз деп каржылап жатышкандыр. "Байдын малын байкуш айайт" болуп ага эмнеге мынча жаныңар кейип жатат? Силер "олуя" кылып алган Омордун, же башка бирөөңдүн чаң басып, эч кимге кереги жок, пайдасыз том-том болуп жаткан китебиңерди ким каржылап, башка элдин тилине которобуз дешип артыңардан чуркап жүрүшөт? Өзүлөрү демилге көтөрүшүп "Айкөл Манасты" башка тилдерге которобуз дешип акчаларын көтөрүп чуркап жүрүшсө ызы-чуу чыгарбай кайра сүйүнбөйсүңөрбү. Эгер "Манас" башка бир элдики болуп ушундай китеп болуп чыкса Бүбү Мариямды силерчилеп ичи тарып бут тоспостон төбөлөрүнө көтөрүп алышмак. Карап тургула чындап эле башка тилдерге которулуп калса Бүбү Мариямды кандай сый күтүп турганын! "Өзүлөрү кыла албайт, кылган кишини көрө албайт" болбой Бүбү Мариямды өз жайына койсоңорчу? Баары бир алыңар келбейт, аны Манас атанын өзү, анан эл колдойт.

Анан дагы бир кызык нерсе, качантан бери "Манас" эпосу салттуу жана чуулгандуу деп экиге бөлүнүп калган? Көп варианттуу бир эле "Манас" эпосубуз бар. Ойлонбой туруп оюңарга эмне келсе жаза бересиңерби?

Кайрылуудагы дагы бир "акылман" сапка кайрыла кетейин. "Кийинки мезгилдерде ушул чуулгандуу "Айкөл Манас" дастанын орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуу аракеттери көрүлүп жатыптыр. Айрым окутуучулар, лекторлор ушул дастан жөнүндө узун сабак сөз кылышат экен, ушул дастан боюнча түркүн иш-чаралар өткөрүлүп, алар мыкты каржыланат экен".

Урматтуу окурман, эми ушу да сөзбү? Мына биздин доктор, профессор, академик, "Эл баатырларыбыздын" айткандары. Мектептер менен ЖОЖдордо Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" окутабыз деп жатышса, демек элге жагып колдоп жатышкан турбайбы. Анын эмнеси жаман? Эми, бул кайрылуу боюнча дагы далай сөз айтсак болот эле... "Бутунан жыгылган турат, оозунан турбайт" дегендей, "Каймактарым", силер оозуңардан оңбогондой эле жаман жаңылдыңар. Калдайган калың журт-кыргыз элибиз эмне дешет, бара көрөрбүз.

Урматтуу Бүбү Майрам айым! Сизди келе жаткан 8-март майрамыңыз менен алдын ала куттуктап, салам айтам. Сизди жакындан көрө да элекмин. Бирок, "Айкөл Манас" китебинин чыгышына кандай гана азаптуу күндөрдү башыңыздан өткөргөнүңүздү жогорудагы "Каймактар" билишпесе билишбей эле коюшсун, эл, кудай билет. Сизди Жайсаң ата менен "Кайып дүйнөдөн" жолуктуруп, кыргыз элине "Айкөл Манас" китебинин 10 томдугунун тартууланышы-дүйнөдө бир да элге таандык болбогон кут-белек. Ал эми тиги "Каймактардын" кайрылуусуна көңүл бурбай эле койгонуңуз дурус. Анткени, алар материалдык дүйнөдөн башканы билбеген, аң -сезимине атеисттик советтик идеология бекем орноп калган пенделер. Бирок, менин ички туюмума ишенсеңиз, бул кайрылуунун демилгечилери, Манас атабыздын "Кароол чокусун" казып жаткан грузиндерди Токтайым Үмөталиева ж.б. болуп кубалап, казууну токтоттурдуңар го... анан ошол грузиндерди жактаган биздин кыргыздар жок дейсизби? Бийликке кайрылуу жаза коюп эле Сизден өч алабыз деген ошолордун сасык ойлору. "Теректей бой бергени менен теменедей акыл бербесе" эмне кылабыз, өзүлөрү билишсин.

Кенеш Бакир уулу




Президент мырза карасаңыз
Абдимамат Эрматов, Жайыл райондук мамкаттоонун мурдагы жетекчиси:

"Түн ичинде пистолетчен келип кызматыңды тапшырып Ошко кетип кал деди"


Абдимамат Эрматов 2009-2010-жылдары Чүй облусунун Жайыл районундагы мамкаттоо башкармалыгын жетектеген. Мыйзамсыз кызматтан алынган соң сотко берип өз укугун коргоп алган. Бирок, ушул күнгө чейин сот чечимин мамкаттоо кызматы аткарбай келет.

- Айтыңызчы, 2012-жылдын 21-февралында Жайыл районунун борбору Кара-Балта, андан кийин 22-февралда Бишкек шаарында Сизди колдогон бир топ адамдардын митинг, акция уюштурушуна эмне себеп болду эле?
- Туура, сиз айткандай алгач Карабалтада, андан кийин Бишкекте жүздөгөн адамдар менин кызыкчылыгымды коргоо максатында митинг уюштурушкан. Алардын негизги максаты Кыргызстанда мыйзамдуулук качан орнойт. Качанкыга чейин эле карапайым элди бир топ шылуундар алдап келет деген мааниде болчу. Ошону менен бирге бийликте отурган кээ бир чиновниктердин элди экиге бөлүп трайбалисттик иш аракеттерине нааразы болгон элдер чогулушкан.
- Кандай мыйзам бузуу болду эле же кандай трайбалисттик иш аракеттер жөнүндө айтып жатасыз?
- Эл менин укугумду коргоп чыккандыгы боюнча айтсам, 2010-жылдын 29-апрелинде эч кандай себеби жок эле КР мамкаттоо кызматынын ошол мезгилдеги жетекчиси Шыкмаматов өз буйругу менен башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу деп кызматтан бошоткон. Бирок мени мыйзамсыз кызматтан бошоткондугу боюнча Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотуна берип, 2010-жылдын 13-декабрында өз кызматыма кайрадан дайындоо жөнүндө соттун чечими чыккан. Буга комушча 2011-жылдын 14-мартында Биринчи май райондук сотунун аткаруу барагы да берилген. Аталган соттун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын 2011-жылдын 4-майындагы мени мурдагы ээлеген кызматына дайындоо жөнүндөгү буйругу да чыккан. Мына ошол убактан ушул күнгө чейин аталган соттун чечими, Кыргыз Республикасынын мамкаттоо кызматынын жетекчилигинин буйругу белгисиз себептер менен аткарылбай мыйзам бузулуп келет. Кыргыз Республикасынын мамкаттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо департаментинин директору Н. Исабеков мени менен бирге келип Жайыл райондук мамкаттоо башкармасынын офисине кире албай атайын уюшулган адамдардан турган митингчилердин каршылыгынан кетип калган. Митингчилердин негизги койгон талаптары "Мурдагы жетекчи "Бакиевдин" командасынын кадры, ал түштүктөн, биз өз балабызды коёбуз" деген трайбалисттик ураандар болчу.
- Ушул саясый маанидеги айткан сөздөрүңүздү далилдеп бер деген талап болуп калса сиз аны далилдей аласызбы?
- Ар бир айткан сөзүмдү далилдеп бере алам, анткени ал митингчилердин ар бир ошол мезгилдеги кыймыл аракеттери, айтылган сөздөрү аудио-видео тасмага алынган. Алардын кээ бирлерин ошол мезгилде атайын дискке жаздырып, ошол мезгилдеги укук коргоо органдарынын жетекчилерине, башкы аппаратка бергенмин.
- Алар тараптан эч кандай реакция болгон жокпу?
- Атайын арыз менен кайрылгам Жайыл райондук, Чүй облусттук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринен жана аталган райондун укук коргоо органдарынан жооп ала элекмин. Жакынкы күндөрү гана райондук укук коргоо органдарынын жардамы менен иштер карала баштады.
- Сизди кызматтан бошотуу тууралуу буйрук чыгардан мурда сизди жетекчилик чакырып бошотуунун себебин айткан эмес беле?
- Мени алгач чакырып Карасуу районуна кет, Оштон экенсиң деген сөз болгон, андан кийин департамент башчысы чакырып, сенин ордуңду убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү сурап жатат, статсекретарь өз тууганын дайындоо үчүн мага басым жасап жатат деп айткан. Андан көп өтпөй эле түнкү саат 23 чамасында пистолетчен адам келип "Мен убактылуу өкмөттүн буйругу менен келдим, сиз бир сутканын ичинде кызматты тапшырып Ошко кетиңиз" деген талап койду. Эртеси эле мен келип бул жөнүндө департамент башчысына, райондук акимдин биринчи орун басарына айтканмын.
Арадан үч күн өтпөй эле коллективден атайын арыз түштү сенин үстүңөн деп, департаменттен, райондук акимчиликтен беш жоопту кызматкер келип менин иш аракеттеримди текшерүү үчүн үч күн атайын кабинетте отурушуп иш алып барышты. Үстүмөн жазылган арыздын көчүрмөсүн талап кылсам мага көрсөтүшкөн да жок.
Кийин өз укугумду коргоп сотко кайрылганда гана үстүмөн жазылган арыздын мазмуну менен тааныштым. Ал арызда негизсиз жүйөөлөр айтылган, коллективде өз адамдарына жакын мамиле кылат, жумуш кабинеттерибизди тазалатып ремонттоткон. Суусамырга барганда кой алып сойгон жана башка айтканга да ооз барбаган негизи жок айыптоолор. Бул арыздын негизи болгондо ошол эле күнү менин мойнума коюп, мага карата иш козготушмак. Себеби, бул арызды ошол мезгилде Жайыл районунун прокуроруна, КР финполициясына жөнөтүшкөн, алардан келген кызматкерлер негизи жок болгон үчүн андан баш тартышкан.
- Жайыл мамкаттоодо иштеген 52 кызматкердин бары сизге каршы болуп жатат деп Кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо департаментинин директору Исабеков айтып чыкты, ошонун канчалык чындыгы бар?
- Жалпы коллектив кызматкерлеринин ичинен уюштурганы эки эле кызматкер. Ал эми менин үстүмөн арыз жазгандарды коркутуп-үркүтүп кол койдурушкан. Алардын ичинен билбей кол коюп алыптырбыз деген дагы үч кызматкер бар. Ошол эле мезгилде менин укугумду коргоп (ушундай атайын уюштуруп жазгандарды кызматка которуп) келген эле жетекчини каралап жазгандарды жоопкерчиликке тартууну суранган 18 кызматкердин арызын бир жетекчи да карап койгон жок. Көрсө ал жанагы менин үстүмөн жазма уюштургандар ал иш менен алектенүүнү, андан өз кызыкчылыктарына маселе чечүүнү мурдатан эле адат кылып алышкан экен.
- Азыр сизди соттун чечиминин негизинде өз кызматыңызга отургузду дейли, эми сиздин кызматыңызга кайтып келтирбөө үчүн ар кандай күчтөр сиздин өмүрүңүзгө кайрадан коркунуч келтирбейби?
- Менин үйүмө кирип "бир суткада Ошко кетип калыңыз" деген адамга фоторобот жасатканмын. Аны эки жолу Карабалтадан да көрдүм. Эгер дагы ошондой коркунуч болсо, андай көрүнүштөргө каршы туруу үчүн атайын планым бар.
- Сиздин оюңуз боюнча кызматыңызга киришип иштөөгө чиновниктер тарабынан кимдер күнөөлүү деп эсептейсиз?
- Мен жакынкы эле күндөрү Кыргыз Республикасынын мамкаттоо кызматынын жетекчиси Э.Алиевге кирип чыктым, болгон ситуацияны айтып бердим. Ал киши мындай мыйзам бузууга жакынкы күндөрү чекит коёрун айтты. Ал эми департамент башчысы Н. Исабеков менен район акими Т. Субанбеков бул мыйзам бузууга кандай тиешеси бар экендигин убакыт өзү көрсөтөт. Анткени, мен эки жолку мамкаттоо офисине милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен барганда коллективден чыккан он үч кызматкер милициянын подполковниги Шамыров Жайылбекке, департамент башчысы Исабеков менен райондун акими Субанбеков келбесе эч кимди киргизбей тургандыгын айтышты.
- Эми кандай аракеттерди жасайсыз?
- Мени өкүндүргөнү айрым адамдар элди түндүк-түштүк кылып бөлгөнү. Бул жара ырбап кетсе жаман болот. Президент Атамбаев айтпады беле, ким элди бөлсө анын орду түрмөдө деп. Муну аябай туура көрөм. Андыктан президентке, өкмөт башчысына, укук коргоо башчыларына кайрылар элем, ар бир адамдын укугу сакталса деп. Мен сот аркылуу укугумду коргодум, демек, сот чечими аткарылып өз кызматыма отурушум керек.
Гүлзат САДЫРБЕК кызы