Ырк кетти


4-чакырылыштан бери эгиз козудай ээрчишип парламентте чогуу жүргөн "республикачы" Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановдун арасы сууган кези. Бул эки берендин өтө ысык мамилеси заматта муз сымал тоңуп калышынын сыры эмнеде? Сыры жөпжөнөкөй. Кайран бала Төрөбаев баштан ашкан амбициясын жашыра албай, болочокто өзүн ажо эсептеп, жанындагы санаалаштарын теңине албай, мүнөзү алда немедей өзгөрүлө баштаптыр. Досунун кубулма ырайына чыдабаган "алтындай жигит" Алтынбек тиги менен кер-мур айтыша кетти дешет. Ошону менен экөөсү эки башка жолду тандап алышканы чынбы? Учурда Бакыт Эргешович өзүнчө команда топтоп, Келдибековго кез-кез кире калып келерки парламенттик шайлоого батыл даярданган чагы. Алтынбек Турдубаевич деле жөн калмакпы, Оштогу авторитеттүү жигиттерди чогултуп, ал дагы кийинки парламенттик шайлоонун камын жеп атыр.


Казакпаев-Сулайманов тиреши


Өлкөнүн тышкы саясатын калчаган министр Руслан Казакпаев башбакан Өмүрбек Бабановдун жакын досу экенин кимдер билбейт. Мына ушул жигит акыркы мезгилде негедир "республикачы" Алтынбек Сулаймановдун кадрларын "жээрип", аларды четинен "кырып" киргенин эшиттик. Бу Алтынбек мырзанын Ак үйдөгү таасири алда немедей дечү элек, анда неге Казакпаевге тиши өтпөй калганы таңгалычтуу? Муну эки берендин өз оозунан эле укпасак, биз аныгын айта албайт экенбиз.


Ба-а-а! Все знакомые лица!


Минтип орусча "обон созуп" жибергенибиздин жөнү мында. Бүгүн ордолуу Ошто өтүүчү оппозициянын митингин уюштуруучулардын көшөгө артындагы жана көшөгө сыртындагы фигураларына көз чаптырып көр. Эски кара койдун көзүндөй болгон баягы эле бакиевчил караандар бийликке каршы команда түптөгөнүн орус тилдүү басылмалардын бири кечээ жазып чыкты. Алар ким десеңиз булар: Эсептөө палатасынын экс-төрагасы Искендербек Гайпкулов, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, бакиевчил мамлекеттик күзөт кызматынын экс-жетекчиси Артур Медетбеков. Баарынан кызыгы, митингтин көмүскөдөгү жетекчилигине КурСалиевичтин администрациясында эмгектенген У. Ботобеков аттуу жигит дайындалыптыр. Энди булардын койгон талабы, азыркы Башмыйзамдан баш тартып, 1993-жылдагы Конституцияга кайтып баруу. Акыл болбосоң кое кал! Антип ал жакты карасаң, мынтип быякта, мындай талап эгерим аткарылбайт дешип бийлик тыңчыкмалары эрдемсинип айтып атышат, албетте булардын арасында да Бакиевдин кадрлары бар. Бизге жеткен бейрасмий маалыматка таянсак, бийликтегилер, буларың ушинтип бийликке сес көрсөтүмүш болуп, Ак үй, Көк үй менен соодалашып, өзүнө караштуу кадрларын сактап, бизнес объектилерин коргоп калууну көздөп атат дешет. Оппозициядагылар бийликтин алешемдигин, бөлүнүүчүлүгүн иттей шыбап атышат. Баа-а-баягы эле все знакомые лица.


Ошко барсаң оозуң ачылат


Учурда кайрадан түндүк-түштүк бөлүнүүчүлүк күч алды. Эл бириктирем деген бийлик тескерисинче бөлө баштады. Калп айткан менен болобу, түндүк тарапта Оштукмун деген кадрларды жерип атканы белгилүү. Түштүктө болсо Атамбаевдин бийлиги алсыз. Ал жакка түндүктүк кадр барып иштеши кыйын. Ошко барсаң бийликти, Атамбаевди иттей жаман көрөрүн айтышса оозуң ачылат. Бийлик Келдибековду спикерликтен алып бекер кылышты. Ташиевге, Мырзакматовго атака жасап бекер кылышат. Булар бүгүн түштүктө кадыр баркы бар саясатчылар. Бийлик буларга тузакты катуу салса эле Оштун эли Атамбаевдин бийлигин айдап салыша тургандай. Тескерисинче буларга кызмат берип, өз бийлигин чыңдап кызмат кылса болмок. Бөлүнүп атып бөрү жеп кетпесе эле болду.


Быйыл парламент тарайбы?


Ушундай кеп кетти. Ак үйдү желип жорткон аңыздарга кулак төшөсөк, учурдагы парламенттин тагдыры чечилип калыптыр. Ак үйдүн 7-кабатында отурган таасирдүү топтор урунттуу учурду күтүп, жаз мезгилинин акыркы айында же күтүрөгөн күздүн башында парламентти "пошел" кылдырып, жаңы шайлоо жарыялашмакчы. Мындай кептин чын-бышыгына мөртү келгенде күбө болобуз. Баса, бүгүн боло турган Оштогу жыйынга Жумагулов, Сыйданов, Казакпаев, Суваналиев, Мадумаров, Байболов баштаган бир топ лөктөр кетишти дейт. Депутаттардын Ташиев, Келдибеков, Жапаров баштаган бир тобу кетишти. Айтылып аткандай бул жыйын түштүктүк саясатчылардын регионалисттик саясаты эмес, азыркы бийликке ичи чыкпаган оппозициянын жыйыны боло турган болду. Маселе кабыргасынан коюла турган шекилдүү, 93-жылдагы Конституцияны апкелүү, парламентти, президентти таркатуу, кайра шайлоо. Ош азыр кооптуу. Кудай сактагай эле.


Аскар Акаев кризистен чыгарабы?


Экс-биринчи президент, Академик Аскар Акаев Европанын алдынкы өлкөлөрүн кыдырып, бир айдан бери лекция окуп жүрөт. Кыргыз окумуштуусунун былтыр "Математическое моделирование глобальных экономических процессов", "Экономические циклы и экономический рост", "Моделирование и прогнозирование локальных мировых цивилизаций" -деп аталган үч китеби жарыкка чыккан. Акаевдин ал китебинде азыркы финансы-экономикалык кризистин мындан аркы дүйнөнүн өнүгүшүнө, ошонун ичинде Европага жана цивилизацияга тийгизген таасири тууралуу жазылган. Окумуштуу өзгөчө көңүлдү экономиканын активдүү циклинин таасирин айтып, 2050-жылга чейин прогноз берген. Ошондой эле алдыдагы 10 жылдыкта дүйнөнү геополитикалык өзгөрүү күтүп жаткандыгы тууралуу да айткан. Ошентип, Аскар Акаев дүйнөнү түрө кыдырып кризистен кантип чыгуу керектигин айтып жогорку темада лекция окуп жүрөт. Бийликтен кеткеним ырас эле болуптур деп атса керек.


Айланайын Атамбаев, абайла


Кечээ КТРден президент Атамбаев маек берди. Негизги кеп Москвага барган визити тууралуу, "Эхо Москвы" радиосуна берген маегинде айтылган сөздү эле кыргызча жана бир бакылдады. Алмаз мырзанын таптап сүйлөгөндүн ордуна мактанып сүйлөгөнү күч экен. Ажо болгон соң дипломатиялык мамиле, сөз керек эмеспи. Айтат десе эле "орус бийлигине көзүңөрдү ачып койгула дедим" деп бакылдап атат. Орус бийлиги эртең көзүн ачып, төбөдөн ары бир чапса. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөсүң" болуп калбайлы. Анан кылган жакшы иштин кыйпаты чыгып калбас бекен. Алмаз мырза Москвага барган визитиңиз, Манас атабыздын айкелин ачканыңыз жакшы, бирок, сырткы үлкөн өлкөлөр менен сыпайы мамиле кылуу керек го. Анткени сиз көчөдөгү киши эмессиз да.


Пара бер да, бара бер заманы бүттүбү?


Президент Алмаз Атамбаевдин "коррупция менен аёсуз күрөшөбүз" деген сөзүнө туруп ишке белсенип киришкендей. Эки күндүн биринде пара менен кармалгандар көбөйдү. Бирок, адам баласына эч нерсе жакпайт окшойт. Кармалгандардын тууган-туушкандары бул "заказ, подстава"дешип ызылдашат. Бүгүн да "Түндүк электр" башкармалыгынын башчысы Эрмек Жүндүбаев ишканадагы кемчиликтерге "көз жумуп кой" деп текшерүүчүгө 15000$ пара берип жаткан жеринен кармалды. Буйруса ушул темп менен иштешсе жакын арада коррупциядан кутулушубуз ажеп эмес.


"Асман пресс"





ЕС Белоруссияга санкция жарыялайт


28-февралда Евро Союз Белоруссиянын дагы 21 чиновнигине (буга чейин 200 киши болгон) Европа мамлекеттерине кирүүгө тыю салды. Бул жолу Европа бийлиги Белоруссиядагы милиция кызматкерлери, чиновниктери жана сот органдарында иштегендердин тизмесин киргизген. ЕСтин айтуусу боюнча жогоруда тизмеге түшкөндөр Белоруссиядагы граждандык коомго жана оппозицияга каршы репрессияларды жүргүзүшкөн деп айтылат. ЕСтин "кара тизмесине" жеке адамдардан тышкары дагы 3 компанияга кирген. Эми алардын ЕС банктарындагы активдери жабылат.
Ал эми А.Лукашенко да Белоруссияга каршы санкцияларды киргизген ЕСдун чиновниктерине өз өлкөсүнө кирүүсүнө тыю салды. Учурда Белоруссиянын Европанын айрым өлкөлөрүндөгү элчилери, ал эми Белоруссиядан ЕСдун бардык өкүлдөрү үйлөрүнө кайтып жатышат.

Астраханда- "Аза күтүү"


Кечээ Астрахань шаарында көп кабаттуу үйдүн кулашынан каза болгондорго карата аза күтүү күнү болду. Эки күн мурда Астрахань шаарында тогуз кабат үйдүн үчүнчү кабатынан газ жарылып, чоң үй экиге бөлүнүп калган, Жыйынтыгында 10 адам каза болуп, көптөгөн адамдар үй алдында калышкан. Айрым маалыматтарга караганда жабыр тарткандардын саны көп деп жатышат. Астраханга премьер-министр В.Путин келип үйсүз калган адамдар менен жолугушуп, аларга он күндүн ичинде жаңы үй бериле тургандыгын айтып, кошумча 300 млн. рублден көп акча бөлүп бермек болду. Учурда кайгылуу окуя тууралуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кытайда соода базарына кол салуудан 15 адам каза болду


Балта менен куралданган уйгурлар Кытайдын түндүк-батышындагы Каргалык шаарындагы базарга кол салышкан. Жыйынтыгында 15 адам каза болду. Алардын ичинде 10 адам кол салгандардын балтасынан каза болуп, ал кол салган уйгурларды тартип сакчылары атып өлтүрүшкөн.
Уйгурлар эмне үчүн балта көтөрүп базарга чабуул жасады, ал тактала элек. Жергиликтүү бийлик ал тууралуу эч нерсе айткысы келбейт. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар бул чатак бул региондо уйгурлардын адамдык укугу сакталбагандыгынан келип чыкты деп божомолдошот.

Көмүскө казино ачкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат


Жогорку Кеңештин депутаттары көмүскө казино жана оюн автоматтарын иштеткендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгелерин көтөрүүдө. Бул боюнча Кылмыш кодекси, Кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мыйзам долбоордун демилгечилери мыйзамсыз кумаркана ачкандарды 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо.


Фидель Кастронун эжесинен айрылды


Гаванада өлкөнүн мурдагы лидери Фидель Кастронун улуу эжеси, 88 жаштагы Ангела Мария Кастро Руз каза болду. Бул тууралуу Фиделдин Майамиде жашаган экинчи эжеси Хуанито Кастро билдирген.
Көптөн бери ооруканада жаткан Ангела шейшемби күнү каза болгон. Ал бир туугандардын эң улуусу болгон. Ал эми Фиделдин иниси Рауль Кастро башкарган өлкөдөн азырынча эч кандай официалдуу билдирүү боло элек.

Табылды
Асыгалиев