СМС маек
Урматтуу окурман, жашоонун оң-терс күндөлүгү болот эмеспи. Эгер сиз:
o Дос күтүп, сүйүүңүздү тапкыңыз келсе, кубанычыңыз койнуңузга батпай турса же көңүл өйүгөн көйгөй болсо же жакындарыңызга куттуктоо айткыңыз келсе,
o Сиз жашаган аймактагы (район, шаар, айыл) жаңылыктарды жазгыңыз келсе (эгер жакшы жаңылык болсо гезитке өзүнчө чыгат. Анда гонорарына бирдик салып беребиз),
o Саясатчыларга, шоу бизнес өкүлдөрүнө же сиз кызыккан ар кандай суроолорду бергиңиз келсе, Анда 1032 кыска номерине "А" деген тамгадан баштап же болбосо 0777840152 телефонуна смс жазыңыз. Эскерте кетчү нерсе жерлигиңизди, аты-жөнүңүздү толук жазууну унутпаңыз.
А-126. Бишкек Айыл Чарба техникумунда ветеринар корпустагы Махабат эже сизди биринчи эле көргөндө мамилеңиз мага абдан жакты, абдан жакшы адам экенсиз. Деп Максат.
А-127. Билбеймин чын сүйдүмбү сени мен, /Карааныңа зар болдум го көрбөй мен./ Капысынан чыга калсаң алдымдан,/ Апкаарыймын сүрдөп кетем не кылам. /Калдым сенин карааныңа арбалып,/ Карап калдым, карай берем жалдырап./ Качанкы өтүп кеткен ошол элес,/ Дагы деле турат сакталып. Саамай 91.
А-128. Камнус айылында жашаган жигитим Мусабекке чоң салам, мен сизди сүйөм. Элиза. Тел: 0772292014
А-129. Алла айтат: эки каалоо бар, бири менин каалоом, экинчиси өзүңдүн каалооң. Кааласаң менин каалоом менен жаша, эки дүйнөдө тең бактылуу болосуң. Кааласаң өзүңдүн каалооң менен жаша эки дүйнөдө тең бактысыз болосуң. Тел: 0777060756
А-130. Сен жакшы кыз болсоң керек, ошондойсуң кыялымда, чымчыксың конуп турган сезимимдин бутагында. Зармын мен бир жылуулук күтүп жүргөн. Үнүңдүн ассалыңа ок жеген окшоп барам чала жанга, Түшүнсөң сүйөм деп сайрап койчу чымчыгым ай. Атыркүлгө. Кана. Тел: 0552011887
А-131. Дайыма үзгүлтүксүз жумушка ээ болгуңуз келсе ушул номерге чалыңыздар. Канышай. Тел: 0778382193
А-132. Ишенип ак сүйүүмдү сундум сага,/ Ал сүйүүм гүл сыяктуу, соолутпай кара./Бактым деп бир өзүңдү кабыл алдым, /Өкүнтпөй бүт өмүрүң мага арна. Аалиева менин сага болгон ак сүйүүмдү сезчи, суранам. Бейтааныш жигит.
А-133. Темиров Толкунбек 1990-жыл, 4-май: кыздар жазгы майрамыңар менен куттуктайм, бар болгула мен силерди жакшы көрөм. Чоң-Алай району. Тел: 0770309690
А-134. Сейдалиев Нурланбек 1989-жыл, 15-июль: 8-март майрамыңар менен мен силерди куттуктайм айымдар. Ошондой эле айылдагы Апама, жеңеме ысык салам айткым келет. Чоң-Алай району. Тел: 0779628689
А- 135. Сетьте иштейм деген адамдарды чакырабыз. Толук маалыматты телефон аркылуу аласыздар. Тел: 0778382193
А-136. Кана сулуулар келгиле таанышабыз, атым Бека 1993-жылкымын маякка жооп жок. Супер кыргыздын кыздары барсыңарбы күтөм сулуулар. Тел: 0770290693
А-137. Салам менин досторум, мекендештерим! Ар дайым бар болгула, бай болгула. Жергебизде тынчылык, токчулук, бейпилдик болсун. Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктасын. Гулика94. Тел: 0772948377
А-138. Таш ыргытсаң ырчылардын башына тийчү эле. Эми кимдин башына тийет болду экен мага кызык болууда. Эми "прозаец" ырчылардын жаан ырларынан арылат окшойбуз. Ат-Башыдан Алтуха. Тел: 0770645867
А- 139. Президентибиз Атамбаев Россияга барып алып жаман мактанып келди окшойт. Базалардын баарын чыгарам деп оозун көптүрүп, кайдагылардын баарын сүйлөдү го. Деги абайлаңызчы. Касымбек. Кара-Балта.
А-140. Үй-бүлө куруу максатына ыймандуу, жогорку билимдүү, 19-22 жашка чейинки кыздар менен таанышам, кечинде чалгыла, маяк бербегиле Тел: 0779330068
А-141. Сүйүптүрмүн бүт жан дүйнөм берилип,/ Кул болгонмун, кул болтурам дедиңиз./ Акылыма келип иш кылбастан,/ Алганмын сүйүүмдү эмес кадырымды кетирип./ Мейли кетсин сиз үчүн кадыр-баркым, /Сактабадым аялдык сүйүү салтын./ Жүрөгүмө баш ийбей ыйлап-сыздап, /Алыптырмын жан дүйнөмө сизди жакын. Зуура .
А-142. Салам, "Асман пресс" гезити, кыргызымдын патриот уландары менен таанышам, барсыңарбы! Аксыдан Гулика94. Тел: 0772948377
А- 143. Кичинекей бөбөктөрдүн оюнчуктары, куурчактар жана балдарга арналган кольяска, монеждер сатылат. Сапаттуу жана сиздин чөнтөгүңүзгө туура келет. Шашылыңыз, баары сиздин кичинекейиңиз үчүн. Аламүдүн базары 128 контейнер. Тел: 0777528740, Автандил.
А-144. Түн бир оокум сени ойлоп уйкум качты, Ойлогондо жүрөктөрүм зырп-зырп этип согуп жатты. Бирок айтчы түшүндүрчү суранам көздөн аккан жаштарың жаздыгыма тып-тып этип тамып жатты. Майрамбек
А-145. Компьютер, ноутбуктар, нетбуктар, айпаттар ж.б.у.с. комьютердик жабдуулар сатылат жана кредит аркылуу алса да болот. Биздин дарек, Манас проспектиси (Госрегистрдин маңдайы) Абдан ылайыктуу баада. Тел: Байсак, күндүзкү телефону 0312895218.
А-146. Жашоо керек... неге бизди жаратат? Мезгил алмашып жаштык өтүп баратат. Ал ансайын убакыт да зымырап, Айтчы досум... деги ал кайда шашат. Айткын досум, көңүлүңдө эмнең бар, Айта бер, тартынбастан айтып ал! А балким эч кимге айтылбаган, Армандуу жүрөгүңдө дартың бар. Патриотка.
А- 147. Көлдүк жигиттер менен таанышам, 26 жаштан 30 жашка чейинки. Тел: 0550423959.
А-148. Айланайын Сманбековдун бул эмне кылганы. " Адал сынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" деген ушул экен да. Эл ардактаган, кыргыздын жүзү болгон адамдардын кылганы! Бул кишини сыйлабай калдым. Жанара, Токтогул району Комсомол айылы.
А-149. Микрорайон тараптан түнкү жумуш издейм. Талапка ылайык ( булочка, самсы, печьние, пирожки, сендвичь) чыгарган цехтер болсо. Тел: 0779045491
А-150. Кыргызстандык бардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайм. Айымдар бар болгула, силер бар биз бактылуубуз. Казармандан Алымбек.
А-151. Мирбек Атабековдун кийинки ырдап чыккан ырларынын сапаты начар, сөзү, обонунун деле бир дайыны жок. Жылдызняк оорусу менен да ооруп аткан окшойт да. Арстанбек Абылаев, Кара-Кол шаары.